Кыска суроо – нуска жооп... Белгилүү инсандар акыркы жолу эмнеге кубанганын, эмнеге таң калганын, эмнеге көп акча коротконун айтып беришти, кызыктуу болду. Сиз да эстеп көрөсөңүз, балким, бул жашоонун айрым учурларын баалай баштооңузга себепчи болор. Азиз Батыров, ырчы: “Ишенген адамдарымдын артымдан сүйлөгөнүнө таң калдым”
Акыркы жолу...
– Эмнеге кайгырдыңыз?
– 2 окуучумду жоготуп алганда аябай кайгырдым.
– Эмнеге кубандыңыз?
– Кыздуу болгонумда кубанычтан көзүмдүн жашын тыя албай калдым.
– Эмнеге таң калдыңыз?
– Өтө жакын көрүп, ишенген адамдарымдын артымдан жамандап жүргөнүн укканда таң калдым. Жүрөгүм ооруп, кан басымым көтөрүлдү.
– Эмнеге ыза болдуңуз?
– Тоодой эмгек кылып, өзүңө эмес, айланага жакшы болсун деп аракет кылып жатсаң, аны көрүп турса да көрмөксөнгө салып, чымындын канатычалык кабыл албагандарга ыза болгом.
– Эмнеге көп акча короттуңуз?
– Үй салып жатам. Кыш сатып алууга көп акча сарптадым.
– Эмнеге аябай ыраазы болдуңуз?
– Жаратканга чексиз шүгүр, ар күн, ар таң, ар кеч, ар түнгө ыраазымын.
Өнөр берип элдин эрке баласы кылып койгонуна. Элдин сыйында, ак батасын алып кызматында болгонума шүгүр. Элдин батасы менен бийиктедим. Сыйлап, ырларымды угуп, колдоп-коштоп кол чапкан элиме ыраазымын. Кемчилигим жок, баары жетиштүү. Элдин алдында эмес, артында эмес, ортосунда, кийгенге кийим, жашаганга үйүбүз бар, курсагыбыз ток. Апама аябай ыраазымын, дайым колунан келишинче жардамын берип келет. Өмүрлүк жарыма ыраазымын, дайым колдоп жанымда болгонуна. Мен өтө бактылуу адаммын.Айгерим Саматова, актриса: “Таятама бара албай жатканыма ызаландым”
Акыркы жолу...
– Эмнеге кубандыңыз?
– Кош бойлуумун да, балапаныбызга деп сатып алган кийимдерди көрүп кубандым.
– Эмнеге таң калдыңыз?
– 2-3 күндөн бери ТикТокко кирип түз эфирлерди карап отурам. Жаштар эмес, аксакалдар, болгондо да аттуу-баштуулардын ал жактан бири-бирине ар кандай буйруктарды берип, аткарып жатканын, “гүл бер, пончик бер” деп, айтор, өз тилдери бар тура, анысы киреше алып келет экен, ошону сурагандарын көрүп аябай таң калдым. Жаман көрүнөт экен.
– Эмнеге ыйладыңыз?
– Сериал көрүп таасирленип ыйладым.
– Эмнеге ыза болдуңуз?
– Турмушка чыккандан кийин убакытты көп созбой айылыма, таятама барып учурашып, күйөө баласын тааныштырып коюшум керек эле. Таятам төшөктө жатканы үчүн тоюбузга келе албай калган. Ооруп жатат десе эле өзүмдү жемелей берем. Жолдун алыстыгынан, кош бойлуу болгондугумдан улам бара алабай жатам. Калипа Усенова, актриса: “Бутумдун манжасын чыгарып алып ыза болдум”
Акыркы жолу...
– Эмнеге кайгырдыңыз?
– Бир окуя айтып берейин, ошондо бир канча эмоцияларга кабылдым. Флай-йогага барып жүргөм. Бир күнү уктап калып кечигип калдым. Шашып жатып бутумдун бир манжасын чыгарып алдым. Врачка барсам, манжаны салып, “2 күн кыймылдабай, бутту өйдө көтөрүп жат” деди. Кыймылдабай жаткан жаман экен, көз каранды болуп калат экенсиң, ошого ызаландым. Ошол учурда балдарымдын айланчыктап тамагымды, чайымды берип карап жүргөнүн көрүп ыраазы болдум. Кичинекей болсо да чоң жардам беришти, мени карап, үй жумуштарын жасашып... Атабыздын мени аяганын, даяр тамак алып келип баарыбыздын курсагыбызды тойгузуп жатканын көрүп ыраазы болдум. Өмүр бою кыймылдабай отургандар бар да деп ойлоп бир чети жашоомо ыраазы болдум. Ар бир нерсеге шүгүр кылып, ыраазы болсок, ошол чоң бакыт экен.
– Эмнеге таң калдыңыз?
– Балдарымдын күндө мектептен, бала бакчадан үйрөнүп келгендерин угуп, көрүп таң калдым. Азыр укмуш ачылыштар болуп жатат. Менин балалыгымда азыркыдай өнүгүү, технология жок болчу. Балдарымды зор келечек күтүп турат деп кубанам. Адик Жумабеков, ырчы: “Турникке 15 жолу тартынып алып таң калдым”
Акыркы жолу...
– Эмнеге кайгырдыңыз?
– Балдар үйүнө барганбыз. Ата-эне мээримисиз өсүп жаткан балдарды көрүп кайгырдым.
– Эмнеге кубандыңыз?
– Кызымдын жаңы кылыктарын көрүп кубандым.
– Эмнеге таң калдыңыз?
– Турникке 15 жолу тартынып алып кубандым.
– Эмнеге ыраазы болдуңуз?
– Апамдын жашоодо биз үчүн көп нерседен баш тартканын эстеп алып, апама аябай ыраазы болдум. Аман Ибраев, тамада: “Реал Мадрид” “Барселонаны” утканда таң калдым”
Акыркы жолу...
– Эмнеге кубандыңыз?
– Кичинекей нерсеге деле, мисалы, келинчегим тамак жасап чакырып койсо деле кубана берем. Үйгө бир туугандарым келсе кубанам. Бир жума мурун байкемдер үйгө келип кетти, ошого кубандым. Үй толот алар келгенде.
– Эмнеге жүрөгүңүз ооруду?
– Апамдын жүрөгү ооруп, жүрөгүнө стенд койдурдук. Апам операцияда жатканда аябай жаман болдум.
– Эмнеге таң калдыңыз?
– Балбандарыбыздын дүйнөнү багындырганына. "Реал Мадрид" менен "Барселона" ойногондо "Реал Мадрид" 4:0гө утуп койду го. Ошондо таң калдым. Анткени мен "Реал Мадриддин" күйөрманымын да.
– Эмнеге ыйладыңыз?
– Атамды эстеп ыйладым. Өткөн жылы ноябрда той бербедим беле, ошондо атамды эскерип видеоролик жасатканбыз. Ошону көрүп жатып ыйлагам.
– Кандай ката кетирдиңиз?
– Шоу чөйрөдө жүргөн 1-2 адамга катуу айтып алдым. Ошону айтпай эле койсом болмок экен деп калдым.
Перизат Музуратбекова