Ирлан Таалайбеков, ырчы: “ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОН УЧУРУМДУ САГЫНБАЙМ”

Кезинде “Окуучу кыз” ыры менен эл оозуна алынып, популярдуу болгон Ирлан Таалайбеков кийин эл көзүнөн оолактап кеткен эле. Бирок ал шоу чөйрөдөн алыстаган жок, көп жылдан бери тамадалык менен алектенет. Мындан ары кайрадан ырчылыкка көңүл буруп, эл алдына чыгам деп камынып турган чагы экен. Эрке балаңыздар Ирлан Таалайбековдун маегин сунуштайбыз.

– Ирлан, салам! Учурда тамадалык менен алек экенсиз?

– Кандайсыздар? Ооба, 10 жылдан бери тойлордо тамадалык кылам. Өзүм башынан эле аранжировка жасайм да. Үн жаздыруучу студия ачкам. Тойдон колум бошобой студияда такай отурчу эмесмин. Быйыл студияны иштетип, өзүм да ыр жаздырып, клип тарттырып элге көрүнөйүн деп жатам.

– Мурдагыдай популярдуу болгуңуз келеби?

– Жок, жылдыз болуу мага кызык эмес. Популярдуу болгон кезимди сагынбайм деле. Анда азыркыдай бала-чакам, келинчегим, үй-жайым жок болчу. Батирдин акчасын төлөй албай, кийим ала албай араң жүрчүмүн. Өзүң жылдызсың, бирок акчаң жок (күлүп).

– Анткен менен элге таанымал элеңиз, көңүл буруу көп болчу...

– Аны түшүнбөй деле калдым да. 17 жашта болчумун, көз ачып-жумгуча эле ал нерсе өтүп кетти. Таанымал болгонумду деле сезген жокмун. Мега жылдыздардын, Султан, Мирбектердин (ред.: Садыралиев, Иманбеков) жанында жүрүп калдым да. Мына, ошолор жылдыз болчу. Алардын кийимдерин ташыганга эле сүйүнүп жүрчүбүз. Ал убакта кыздар дептерлерге жакшы көргөн ырчыларынын сүрөттөрүн чапташчу. Султан, Мирбектерге өздөрүнүн сүрөттөрү чапталган калың дептерлер, узун каттар көп келчү. Мага да бир жолу ошондой дептер келген, бирок калың эмес, жука болчу. Азыр жылдыз оорусу менен ооруган айрымдарды көрүп калам, адамдык сапаттан кичине чыгып кетишет, карап туруп иренжийсиң.

– Мектепте окуп жүргөндө жылдыз болом деген кыял бар беле?

– Ооба, бар болчу. Кичине кезимден эле музыкант болчумун да, айылдын жылдызы элем (күлүп). 1998-жылдан баштап тойлордо жүрдүм. Султанды мурун эле таанычумун, сынактарга чогуу катышып калчубуз. Кийин Мирбек менен тааныштым, ошентип уланып кетти. Мирбек менен дуэт жаздырдык. Анан “Окуучу кызды” ырдап чыктым. Ырчы болбой калсам, айылда калмакмын. Жалгыз уулмун да, атам дүйнөдөн эрте өтүп кеткен. Ырчы болом десем апам каршы болгон жок, айылда кал деген да жок, колдоду. Атамдын жолун жолдоп жатканым үчүн да макул деди окшойт. Атам музыкант болчу. Мен музыкалык аспаптардын арасында, колонка, микрофондун зымдарына чалынып-чулунуп жүрүп эле чоңойгом.

– Азыр Мирбек мырза менен мамилеңиздер кандай?

– Жакшы эле. Ал Таласта да, Таласка тойлорго барганда көрүшүп калабыз.

– Маданияттын мыкты кызматкерисиз. Наам сиз үчүн?

– Наам мамлекеттик жумушка кирсең эске алынат. Эмгек сиңирген артист болсоң айлыгыңа сумма кошулат, Эл артисти болсоң персоналдык пенсия аласың дегендей. Андан башка пайдасы деле жок. Мен наам алганга аракет кылган жокмун, ушул наам жетет. Жапжаш туруп Эмгек сиңирген артистти алып алган болбойт да. Анын өзүнүн критерийлери бар, бир канча жыл мамлекеттик жумушта иштеш керек дегендей. Иштебей эле алып жатышат го. Жаштар Эмгек сиңирген артист наамын тойлордо ырдап берип эле алып жатышат десем болот.

– Сиз сыйлык алганда да сын көп айтылыптыр...

– Ооба, андан бери 5-6 жыл өттү. Куурчак театрында музыка жазып 4 жыл, Куралдуу күчтөрдө 2 жыл иштегем. Мен го мамлекеттик жумушта иштедим. Бир күн иштебей эле Эмгек сиңирген артист наамын алып жатышпайбы башкалар. Маданияттын мыкты кызматкери чоң деле наам эмес. Азыр бул наам көбүндө бар, тойдо жар-жар ырдаганында деле.

– 30 жаштан ашканда жашооңузда эмнелер өзгөрдү?

– Азыр деле жаш элебиз, токтоно албай жүрөбүз го дагы деле (күлүп). Өзүбүздү жаш сезебиз. Бирок жаш өткөн сайын тажрыйба топтоп, турмуш сабактарын үйрөнүп келе жатабыз. Жашоодо адамдык сапат маанилүү экенин түшүндүм. Азыр адамдардын сабыры жок болуп калды. Алдым-жуттум заман, мен алсам болду, калганы эмне болсо ошол болсун деп уят-сыйытты жыйыштырып койгон заман. Ошондойлорду көрүп зээним кейийт. Эң негизгиси – адам бойдон калыш керек экен. Эч кимдин көңүлүн калтырбай, жаман сөз айтпай, бирөөнүн нанын талашпай, адал эмгек кылып, Кудайды унутпаш керек деп ойлойм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да уксак...

– Жубайым, 2 уул, 1 кызым бар. Улуу балам 6-класста окуйт, кийинкиси 1-класста. Кызым 3 жашта.

– Кызым дегенди башкача айттыңыз го...

– Ооба. Ошол күтөт мени, телефон чалып турат. Кыздын атага жакын болору чын экен. Кыз деген башкача, ата-эне, бир тууганга күйүмдүү болот. 2 уулумда байкалбайт, ал эми кызымдын чыгармачылык жөндөмүн байкап жатам. Бир аз чоңойсо, балким, ырдатам.

– Жубайыңыз менен кантип табышкансыздар?

– “Окуучу кызды” жаңы ырдап чыкканда таанышкам. Ал курбулары менен концертке келип, сахнанын артына өтүп биз менен сүрөткө түшүшкөн. Ошондо телефон номерлерин алып, сүйлөшүп баштаганбыз. Кыз-жигит катары 2,5 жыл сүйлөшүп, үйлөндүк.

– Бир маегиңизде сүйүүдөн корком дептирсиз. Жубайыңыз кантип сүйдүрүп алды?

– Ошентиптирминби? Ошол учурда эмне болуп жүрдүм экен? Сүйүүдөн коркпойм. Жубайым жароокерлиги менен тартып алды. Мен анда батирде жашачумун, ал таежесиникинде турчу. Ата-энеси азык-түлүк берип жиберсе, ошондон мага таштап кетчү. Анда мен такыр эле акчам жок жүрчүмүн. 30-40 сомду 2-3 күнгө жеткирчүмүн. Мага чыдаган. Азыр деле чыдап келатат.

– Мүнөзүңүз оорбу?

– Жок. Ал менен сүйлөшүп жүрүп башка кыздар менен да сүйлөшүп кеткен учурлар болгон. Башка бирөө болсо ошондо эле таштап кетмек.

– Жакында сиздер менен чогуу жарамазан айттык. Кандай эмоциялар менен кайттыңыз?

– Сонун. Видеонун алдындагы комментарийлерди да окуп жатам. Эл деле жакшы кабыл алыптыр. Азиз Биймырза уулунун үйүнө барганда ал мага Манас тууралуу 2 китеп берген. Ошону окуп жатам, жарымына жетип калдым.

– Китеп окуп турат экенсиз да, демек?

– Анча-мынча окуп турам. Жакында “Сынган кылычты” окуп бүттүм. Мага көбүнчө ыр окуган жагат. Алыкул Осмоновдун, Мидин Алыбаевдин, Байдылда Сарногоевдин ырларын окуганды жакшы көрөм.

– Жакшы. Чыгармачылык эргүү каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан