Акзыйнат Эшбаева, ырчы: «АТАМ МЕНЕН КОШТОШО АЛБАЙ КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»

Бүгүнкү маектешибиз таланттуу аткаруучу, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Токон Эшбаев менен “Үч-Теректин үч кызынын” кичүүсү, ырчы Лира Райымбекованын кызы, өзү да таланттуу ырчы Акзыйнат Эшбаева.

– Акзыйнат, кандайсың? Атаң да, апаң да таланттуу инсандар. Атактуулардын кызы болуу сыймыкпы?

– Саламатсыздарбы? Рахмат. Ооба, атактуулардын кызы болгон сыймык, дайыма “ии, ушунун кызы экен” деп сыйлап, барктап, сыймыктанып турушат. Көчөдө баратсам таанып “баланчанын кызы” деп калышса, өзүмчө сыймыктанып калам. Ошентсе да ата-энем мен үчүн жөнөкөй эле адамдар.

– Атаң тууралуу айтып берсең...

– Атам аябай жөнөкөй, боорукер, баласаак адам болгон. Үйдө жөнөкөй адам болсо, сыртта оор басырыктуу, олуттуу жүргөн, жаш баладай жашык адам эле. Үйдө үй тиричилигине, бузулган буюмдарды оңдогонго аябай шыктуу болчу. Оору менен алышып жүрүп өттү, андан бери 8 жылдын жүзү болуп калыптыр. Атам каза болгондо 10-классты бүтүп жаткан кезим эле.

Абдан сонун ата эле, бизди, балдар-кыздарын бир тилдегени эсимде жок. Негизи атама жакын элем да. Ал эми апам кээде жакшы эле тилдеп, төпөштөп да койчу (күлүп). Атам кыз кишиге аяр мамиле жасачу. Апам негизи үйдө шатыра-шатман, тарс-тарс сүйлөйт, куудулдук да жайы бар, бирок эфирлерге барганда сүйлөй албай калат. Ал эми атам болсо оор басырыктуу, жоош момун киши болчу. Экөөнүн мүнөздөрү карама-каршы эле.

Апам азыр Улуттук филармонияда “Эл шайырлары” тобунда иштейт. Ал жерде үзүрлүү эмгектенип келе жатканына 30 жылдан ашып калды, бирок наам ала элек (күлүп). Апам өзүнүн турмушу менен, мен өзүмдүн турмушум менен дегендей. Ал аябай жөнөкөй, менменсинбеген адам, жайбаракат өз дүйнөсүндө жүрө берет. Ушак сүйлөгөндү жаман көрөт, телевизор көрүп жалгыз эс алганды жактырат.

Мени кичинемде конокко көп ээрчитип барышчу. Экөө жалаң гана конокто, сыйдын үстүндө жүрүштү. Алардын арты менен кичинемде Жолдошбек Мамажанов, Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алыбаев сыяктуу залкар кишилердин үйүнө барып, алар жөнүндө көп уктум, ырларын угуп чоңойдум. Ошол себептенби, мен да эски ырларды жакшы көрөм. Атам менен апам эки жолго түшкөндө апамдын колунда калгам. Бирок жайкы каникул сайын Ошко атамдыкына барып турчумун. Оштон келгенден кийин “сеням-меням” деп калчумун, 9 айдан кийин кайра Ошко барсам “аркалык келди” деп тамашалап калышчу (күлүп).

– Атаң сени кантип эркелетчү эле?

– Өзүнүн дежурный сөзү бар болчу “Мама кызым” деген. Мунун маанисин деле билбейм, ушинтип эркелетчү. Мени эле ошентип эркелетчү деп ойлосом, баарыбызды ошентип эркелетчү экен.

– Атаңдын балдар, кыздары менен катташып турасыңарбы?

– Ооба, жакшы катташабыз. Алар эми чоң кишилер, улуу агам Талант 50дөн ашып калды. Азыр Бишкекте жашайт. Үч эркек, үч кызбыз, чыгармачылыкка аралашканы Акмаанай эжем экөөбүз элебиз.

– Анда өзүңдүн чыгармачылыгың тууралуу сурайын, бул жаатта эмне өзгөрүүлөр бар?

– Башында Замир Арыкбаев байке экөөбүз дуэт жаздырып жакшы эле иштеп баштаганбыз. Биринчи казак артисти Шамши Калдаяковдун “Арыс жагасында” деген ырын кыргызчага которуп, “Кайдасың бул күндө?” деп атап ырдаганбыз. Ошол ырыбыз жакшы тараган. Андан кийин Насыр Давлесовдун “Аста-секин, колукту” пьесасынан үзүндү жаздырдык. Үчүнчүсү Замир байкенин калемине таандык “Жүрөгүм” деген ыр болду. Анан өзүмчө да аракет кылайын деп чыгынып иштеп баштагыча эле карантин болуп калып, токтоп калдым. Анан жолдошум менен таанышып, турмушка чыгып кеттим. Ошону менен чыгармачылыгым уктап калды. Эми чыгармачылыгым уктап калды дегидей деле укмуш жылдыз болуп кете элекмин деңизчи, мени эч ким деле таанычу эмес. Ошентсе да кичине кылган аракеттерим токтоп калды.

Ата-энем талантымды байкаган окшойт, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке беришкен. Скрипка бөлүмүнө кабыл алынгам. 11 жыл окуп бүткөндөн кийин кыздын ырдагысы келди (күлүп). Анан атайын вокалдан, опералык багытта сабак алдым. Бирок ал окуумду турмушка чыгып кетип бүтпөй калдым. Кудай буюрса, күзүндө окуумду улантсамбы деп жатам. Чыгармачылык деген оору болуп калат экен. Ырдаганды аябай жакшы көрөм. Талант баары бир генден өтөт окшойт. Башка кесип тандайын деп жакшы эле аракет кылып көрдүм, бирок колумдан келбей койду. Азыр деле колум бошой калса, нан бышыргыча деле, тамак жасагыча деле колума комуз, гитара ала коюп кыңылдап калам. Кайнене-кайнатам деле көнүп калышты.

– Үй-бүлөлүк жашоо кандай экен?

– Буюрса, июнда баш кошконубузга бир жыл болот, акырындан турмуш ыргагына көнүп баратам. Үйдө кадимки кыргыздын келиндериндей эле оокат кылып, уй саап, айылдын турмушуна көнүп үй тиричилик менен алекмин. Жолдошумду аты Рустам, мамлекеттик кызматта иштейт. Жолдошум менен эжем аркылуу таанышканбыз. Менден 13 жаш улуу.

– Ортоңордогу чоң айырмачылык билинеби?

– Жолдошумдун менден улуу экени билинбейт деле, мага теңтуштай эле. Өзү деле жаш көрүнөт. Оор басырыктуу, турмушту түшүнүп калган, акылдуу, көп нерсени алдын ала көрө билет. Мен баары бир жаштык кылып далдактап эрте чечим чыгарып жиберем, көп нерсени туура эмес кылып алам, анан жолдошум багыт көрсөтөт, ошонусу жагат.

– Алдыда чыгармачылык жаатта кандай пландарың бар?

– Негизи жакшы пландарым бар, эми жолдошум эмне десе ошол болот го. Ал ырдап чык десе ырдайм, ырдаба десе ырдабайм. Бирок ырды эч качан таштабаганга аракет кылам. Тар чөйрөдө, той-топурларда кайын журтумда ырдап эле жүрөм. Өнөрдү таштабай, тапташ керек экен.

– Сенин каалооң менен жолдошуңдун каалоосу карама-каршы болуп калса, жолдошуңдукун тандайт экенсиң да?

– Албетте, жолдошумдун сөзү мыйзам да. Жолдошум деле түшүнөт, “ырдай бер” дейт. Ал деле буулукканымды байкап калат. Бирок толук кандуу киришип “кой, ырда, иштейли” деген сунуш боло элек. Эми акырындап болоттур, буюрса. Шашпай эле турайын дегиче картайып кетем да бирок (күлүп).

– Баары алдыда. Ырдагандан тышкары дагы кандай өнөрлөрүң бар?

– Уктаганды жакшы көрөм (күлүп). Тамаша, анча-мынча сүрөт тартып коём. Баарынан ырга жакынмын. Анан чын эле уктаган боюнча таланттуумун (күлүп). Турмушка чыккандан кийин уйкудан аябай кыйналып жүрдүм. Азыр көнүп калдым.

– Жашоодо жетпей калган каалооң, өкүнүчүң барбы?

– Бар. Негизи “өткөн нерсеге өкүнбө” деп коёт го, ошентсе да жүрөгүңдө бир нерсе калып калат тура. Өкүнүч дегенде атамды эстейм. Атам 2014-жылы кант диабетинен каза болуп калды да. Каникулда жыл сайын атама барып жүрчүмүн, ошол жылы үй салып, экзамендер болуп, кечигип калгам. Мен баргыча атамдын көзү өтүп кетти, атам менен коштошконго жетишпей калгам. Ушуга өкүнөм, эстесем көзүмө жаш тегеренип кетет. Башка өкүнүч жок, Кудайга шүгүр.

– Атайын убакыт бөлүп маектешип бергениң үчүн чоң рахмат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан