Акылбек Талантбеков, балбан: “ЧЕМПИОН БОЛУШ ҮЧҮН ТОННАЛАП ТЕР ТӨКТҮМ”

Жакында Астанада өткөн Азия чемпиондугунда намыска жарап, Азия чемпиону аталып, Кыргызга алтын медаль алып келген балбан Акылбек Талантбеков менен маектештик. Грек-рим күрөшү боюнча

эл аралык даражадагы спорт чебери Акылбек мырза спортко чейинки жолу, спорттогу ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Балбандын...

Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 17-сентябрь

Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Терек айылы

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 82 килограмм

Салмак категориясы – оор салмак

Машыктыруучусу – Раатбек Мамбетов

Жетишкендиктери - 2019-жылы өлкөбүздө өткөн Жаштар чемпиондугунун жеңүүчүсү. 2019-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындагы күрөш чемпиондугунун күмүш медалынын ээси. 2023-жылы Астанада өткөн Азия чемпиондугунун алтын медалынын ээси.

– Саламатсызбы, Акылбек! Кезектеги жеңишиңиз кут болсун! Азия чемпиону болуу көп жылдык даярдыктын жемиши экени түшүнүктүү, ушундан кеп баштасак...

– Албетте, жеңиш кубандырат. Көп жылдык мээнеттин акыбети кайтты, тер төккөн эмгек текке кетпеди деп өзүңө ыраазы болуп отуруп каласың. Көпчүлүк сен жеңишти багындырып, жылдызың жанганда гана көрөт, ошондо гана тааный баштайт. Килем үстүндөгү күрөш, жеңиш – медалдын бир эле тарабы да. Ага чейинки татаал машыгуулар, тарткан түйшүктөр, мээнет көпчүлүккө көрүнбөйт. Чемпион болуу үчүн тонналап тер төгүлдү, аягында жемишин көрдүк.

– Спортто канчалык кыйын болбо, жалгыз өзүң эч нерсеге жете албайсың дешет. Сиздин негизги колдоочуларыңыз кимдер?

– Менин ушул даражага жетишиме ата-энемден тышкары, тай жагымдын орду чоң. 6 айлык кезимден 8-класска окуп калганга чейин таята-таенемдин колунда өстүм. Спортко керектүү буюм-тайымдарды, витаминдерден бери алып берип, кем-карчымды толуктап эч нерседен кем кылбай өстүрүштү. Ушул адамдардын колдоосу, кам көрүүсү менен бүгүнкү Акылбек Талантбеков калыптанды. 8-класс кезимде ата-энемдин колуна келдим. Алардын колунда да көпкө турбадым, спорттук мектептен билим алууга кеткем.

– Спортчу жеңгенди эле эмес, жеңилгенди да билиш керек дейт. Жеңилүүнү кандай кабыл аласыз?

– Жеңилүүдөгү сезим ар бир спортчунун башынан өтөт. Менде буга чейин Дүйнөлүк чемпиондукта, Кыргызстанда өткөн беттештерде болгон. Андай учурда чөгүп кетпешим үчүн жакындарым, ата-энем, таята-таенем, байке-эжелерим колдоого алышат.

– Бала кезде спорт ааламында кимди кумир тутчу элеңиз?

– Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Роман Власовду кумир тутчумун. Ал киши менен жүзмө-жүз көрүшүп, күч сынашып да көргөм. Тең чыккан учур да болгон. Бул адам учурунда көрүнүктүү балбандардын бири болгон, андыктан ага дайыма сый көрсөтөбүз, урматтайбыз.

– Машыгуулардан тышкары эмне менен алектенесиз?

– Балык уулаганды жакшы көрөм. Аңчылыкка да чыгып турам, китеп окуйм.

– Спорттун сизди адам катары тарбиялоодогу орду кандай болду?

– Спорттун арты менен тайманбастыкты, эмоцияны башкарууну, кыйын кырдаалдарда да өзүмдү токтоо кармаганды үйрөндүм. Дүйнө таанымым кеңейди, өстү. Спорт көп нерсеге тарбиялады, эрктүү, тартиптүү болуп, убакытты туура пайдаланганды, туура эс алганды үйрөндүм. Балык уулаганга барам, кээде аңчылыкка чыгып, мээмди, жан дүйнөмдү эс алдырам. Мунун баары спорттун таасиринен.

– Келечекти көп ойлоносузбу? Спорттон кеткенде эмне менен алектенесиз?

– Азыр Олимпиадага катышуу керек деген гана максат бар. Демек, дагы көптөгөн машыгуулар алдыда. Белгилүү бир максатка жеткенден кийин тынч жашап, жеке ишкерлик менен алектенмекмин. Каржы тартыштыгынан улам көтөрүлө албай жаткан же материалдык жардамга муктаж көптөгөн спортчуларыбыз жүрүшөт. Мүмкүнчүлүк болсо, алардын тамак-аш, машыгууларына, чет жакка чыгууларына шарт түзүп, каржылык колдоо көрсөтсөм деген кыялым бар.

– Сизди кумир туткан, спортко кызыккан өспүрүмдөргө кандай кеңеш айтат элеңиз?

– Мени кумир тутпай эле койгула, Олимпиада чемпиону болоюн, анан бирөөлөргө кумир болоюн (күлүп). Ага чейин ата-энеңердин сөзүн уккула, машыктыруучунун айтканын так аткаргыла демекмин.

– Ийгиликтер болсун!

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан