Шоу-бизнестеги кызыктуу адамдардын катарын толуктайт каарманыбыз. Хайптан да качпайт, иштегенден да качпайт. Бирок бул ирет аны менен олуттуу сүйлөшүүнү туура көрдүк. Темабыз – Сагын мырзанын жашоосундагы аялзаты. Апасы, эжелери, сүйлөшкөн кыздары, сүйүү...
“ӨЗҮМДӨН АЯСАМ ДА, АПАМДАН ЭЧ НЕРСЕ АЯБАЙМ”
– Айымдар тууралуу кеп болгондо, албетте, эң алгач апам эсиме келет. Жашоомдо орду эң бийик айым, менин ханышам – апам. Апам үчүн көп нерседен баш тартканга даярмын. Менин эле апам эмес, бардык апалар дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды көрсө деп тилейм. Учурда апамдын тирөөчү, таянганы менмин. Өзүмдөн аясам да, апамдан эч нерсе аябайм. Апам кымбат кийимдерди кийгенге, кымбат жасалгаларды тагынганга, жакшы жерлерде жүргөнгө татыктуу. Бир учурда үйдө төртөөбүз студент болуп калдык. Ошондо ата-энем өздөрү кийбей, жебей бизди окутуп, ушул даражага жеткирди. Ал мээнеттин үзүрүн кайтаруу баланын милдети. Апамды дайым биринчи орунга коём. Келинчегиме да биринчи талабым ушул болмокчу, канчалык апамды сыйлап, урматтап турса, менин да ага болгон сүйүүм өсөт.
“АТАМ МАГА ЭЖЕЛЕРИҢДИ КОЛДОП, КОРГОП ЖҮР ДЕП КЕРЭЭЗ КАЛТЫРГАН”
– Төрт эжем бар, Гүлзат, Гүлназ, Орозгүл, Жазгүл. Улуу эжем мен кичинемде эле турмушка чыккан. 5 балалуу болуп, учурда небере жетелеп калды. Гүлназ эжем да мен мектепте окуп жатканда турмушка чыккан. Бул эжем мени көбүрөөк баккандыктан, ага көбүрөөк боор тартып калгам. Жазгүл эжем экөөбүз удаа өсүп калдык, ортобузда 2 жаш гана айырма бар. Ал эжемдин жигит жандап калган учуруна да күбө болдум. Жездем экөө мектеп курагында эле сүйлөшүп башташкан. Кээде жолугушууга чыкса же отурушка кетсе, “курбусуна кетти” деп анысын атамдан жашырганга жардам берчүмүн. Атам тартипти бекем кармаган киши эле. Мектептеги отуруштарга да эжелеримди жөнөтчү эмес. Эжелеримдин баарын аябай жакшы көрөм. Азыр алардын атасы десе атасымын, сырдашы десе сырдашымын. Бардык жактан аларды колдой алам, коргой алам. Бул тапшырманы атам мага керээз кылып тапшырып кеткен. Бул менин жашоодогу эң чоң милдетим.
“22-23 ЖАШТА ҮЙЛӨНҮП АЛ ДЕШСЕ, УКПАПТЫРМЫН”
– Кыздар темасына келсек, 5-класстан тарта эле кыздарга кат жаза баштадык. Жаштыктын эң сонун курагы ошол күндөр экен. Жаш кездеги сүйүү бардык нерседен таттуу болоруна азыр ишенип отурам. Ал мезгилде кызга эч нерсе алып бербесең деле сүйүү боло берет го. Мектеп курагында жашынып жолукчубуз да, жок дегенде бир жолу жолугуп кучакташып алсаң – бул баарынан бийик турган бакыт эле. Мындай сезим баарынын эле башынан өтсө керек. Мектепте мен сүйгөн кыздардын баары азыр турмушта, 2-3төн балалуу болуп калышты. Мага абдан таасир калтырганы ошол мектептеги сүйүү деп айта алам. Тоок сүйүү деп коёбуз, бирок ал кезде балалык аруу сезим менен сүйөт экенбиз. Барган сайын сүйүү деле татаалдашып кете берет тура. “22-23 жашта үйлөнүп ал” деп айтышса укпаптырмын. Ошол куракта үйлөнүү туура окшойт деп калдым. Сүйүү алоолонуп, каның кайнап турганда “ура, ура” деп эле үйлөнүп алат экенсиң. 25тен өткөндөн кийинки мезгил акыл менен сүйүп калган учур экен. Азыр жүрөк менен эмес, акыл менен сүйүп калган жаштамын.
9-класс кезимде бир кыз менен сүйлөшкөм. Ал кыз башка мектепте окучу. Уюлдук телефон жаңы келген учур, айтылуу Нокиа “кирпич” аркылуу байланышчубуз. Бир саатты белгилеп алып Өзгөндүн борборунан жолукчубуз. Дайым сабактан келгенден кийин мал сарайды тазалап жатып кулакчын менен сүйлөшчү элем. Бир күнү атам жаныма келгенин байкабай калыптырмын. “Жаным” деп сүйлөшө бериптирмин. Атам “аа, чоңоюп калыптыр, жаным деп” деди. Ошондон кийин аябай уялып, атамдын бетин карай албай жүргөм. Ал кыздын мага берген белектери азыркыга чейин сакталуу. Үйүбүзгө келип апама жууркан капташып кеткен. Үйдөгүлөр да билишчү аны, 3 жыл сүйлөшкөнбүз. Ал кезде жаш элем, баш кошо албайт болчубуз. Кийин ал турмушка чыгып кетти.
“КЫЗ ЖАНДУУ САГЫН ӨЗГӨРДҮ”
– Бишкекке келип телеканалда иштеп калдым. Бир күнү Спорт ордосундагы чоң долбоорго алып баруучу болуп калдым. Анда боёнбогон кыздар кастингге катышышкан. Алыстан келе жатканда эле жактырдым, бир досум телефон номерин алып берди. Анын артынан көп убакыт чуркадым. 2 жылга жакын сүйлөштүк. Сүйүүдөгү эң чоң катам – текеберлигим, текебер болбош керек экен. “Ага барып жалдырамак белем” деп намыстанып койдум. Чындап сүйсөң намыстанбай эле коюш керек тура. Өкүнүп калдым. Анткени аны сүйгөм. Балким, тагдырдын буйругудур. Азыр мамилелер такыр андагыга окшобойт. Бакыт каалайм ал кызга.
Андан кийин сүйлөшкөн кыздар болду, бирок сүйүү болбоптур. Акыл токтоткон мезгилде сүйүү келе элек. Бири-бирине салыштыра берет экенсиң. Бирөөгө токтолуп, сүйүп, үйлөнүү кыйын болуп жатат. Шашып, убакыт өтүп баратат деп эле үйлөнүп алуу туура эмес. Бир өмүр азап чеккенден көрө, шашпай жакшы жар тандоо туура. Шашпаш керек, ошол эле учурда аракет кылуу керек.
Инстаграмда улам кыздар менен сүрөт, видео жүктөй бергенимден улам көпчүлүк мени кыз жандуу деп ойлойт болуш керек. Андагы кыздардын баары клипке тартыла турган кыздар. Элдин көзү көнүп калыптыр. Өзүм жалгыз видео, сүрөт жүктөсөм, “бүгүн кызың жокпу” деп жазышат (күлүп). Бул эми жумуш, клиптердин анонсун жарыялап турушум керек. Муну чыгармачылык деп кабыл алып койгон туура. Үйлөнсөм кайын журтта сөзсүз “бул баягы кыз менен сүйлөшкөн бала беле?” деген жеңелер чыгат го дейм (күлүп). “Эч ким кызын бербей койбосун” дегендер да бар. Өткөөл куракта кыздарды көп жандаган учур болгон. Азыр ойлосом, бир топ токтолуптурмун. Кыз жандуу эмесмин, өзгөрдүм. Жалжактап жүрө бергенден пайда жок экен. Көп кыздар менен сүйлөшө бергенге караганда, жакшы кызга туш болуп, үй-бүлө күтүп жашаган жакшы экен деп калдым. Учурда сүйүүнү издеп, күтүп жүрөм.
Перизат Музуратбекова