Динара Чочунбаева, сүрөтчү: «АКТРИСАЛЫКТЫ ТАНДАП КЕТСЕМ, БАКТЫСЫЗ БОЛМОКМУН»

Тасмадагы жалгыз ролу менен элдин эсинде түбөлүк калган каармандар бар. Алардын бири – “Мен Тянь-Шань” тасмасындагы Аселдин ролун аткарган Динара Чочунбаева. Учурда ал сүрөтчү, “Оймо” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын башкы директору, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча изилдөөчү жана эл аралык адис, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти.

– Арыбаңыз, Динара эже! Кыргыздын маданий баалуулуктары, кол өнөрчүлүк боюнча көп эмгек жасап жүрөсүз, учурда бул жаатта кандай жаңылыктар бар?

– Рахмат. Учурда үч долбоордун үстүндө иштеп жатам. Биринчиси – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктүн абалын изилдөө. ЮНЕСКО тарабынан уюм түзүлүп, Улуу Жибек Жолундагы чынжырчанын негизинде кандай маданий-экономикалык байланыштар болгон, азыркы абалы кандай, буга жаңы өмүр берсе болобу деген нерселер изилденүүдө. Ал уюмда Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу 8 өлкө бар. Экинчиси – жаштардын чыгармачылыгын колдоо боюнча бир программага устат, кеңешчи катары чакырышты. Үчүнчүсү – кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча Түштүк Корея менен Кыргыз Республикасынын ортосунда келишим түзүлдү, алар каражат бергени жатышат. Негизи, кыргыз кол өнөрчүлөрү азыркы күнгө чейин өз киндигин өздөрү кесип жүрүшөт. Өкмөт тарабынан колдоо өтө аз. Мисалы, Өзбекстанда кол өнөрчүлөр үчүн аллеяларды куруп берген, маданий борборлор бар, туристтердин баары ошол жакка барышат. Кол өнөрчүлүк туризм менен өтө тыгыз байланышта иштейт да. Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн сата турган жайы да жок, жарманкеден жарманкеге көчүп жүрүшөт, бирок туруктуу жай куруп бергенге өкмөт азыркыга чейин мүмкүнчүлүк түзүп бере элек, өкмөт ошого чыгына элек.

ЮНЕСКОнун тизмесине 2012-жылы шырдак менен ала кийизди, 2014-жылы боз үйдү киргиздик. Дагы бир жакшы нерсе – былтыр Жогорку Кеңеш “Креативдүү, чыгармачыл индустриялардын паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Азыркыга чейин кол өнөрчүлүк бизнес катары каралбайт, жалаң гана идеологиялык өңүттөн каралат. Бул мыйзам иштесе, кол өнөрчүлөргө абдан жакшы шарттар түзүлмөк. Бүгүнкү күндө кол өнөрчүлөрдүн абалы оор, саны аз. Чеберчилик билимди адамга кичинесинен бериш керек, бизде азыр “апамдан, чоң энемден үйрөндүм” дегендер гана калды. Мектептерде жана ЖОЖдордо андай сабак жок. Негизи улуттук маданиятты жаштар болобу, чоңдор болобу тааныбайт, билбейт, ошон үчүн бааланбайт.

– Өзүңүз да чеберчилик кыласызбы?

– Кыргызда колунан баары келип, өзү бир нерсе жасаганды уста деп, колунан иш келип, бирок жасабаганды устат деп тамашалап калышат эмеспи. Анын сыңары, мен устатмын. Үйрөтөм. Өзүм үйрөткөндөн сырткары жакшы адистерди чакырып үйрөттүрөм. Уюштуруучумун. Мен сүрөт да тартам, портреттерди тартканды жакшы көрөм.

– “Мен Тянь-Шандагы” Аселдин ролун аттап кетсек болбос. Фильмге сиз 13-14 жашыңызда тартылган экенсиз. Бир эле роль менен элдин эсинде калдыңыз...

– Ал тасмага кокусунан эле тартылып калгам. 8-классты аяктап жаткан кез эле, көчөдөн бир топ кыздар шагырап баратсак, бирөө “киного тартыласыңарбы, кыздар?” деп киностудияга чакырып калды. Баарыбыз бардык, ошонун ичинен мени тандап алышты. Мени тандашат деп күткөн эмесмин. Тандап алышкандан кийин деле барсамбы-барбасамбы деп ойлондум. Анан режиссёр келип ата-энем менен сүйлөшүп алып кетти. Ата-энем, биринчиден, бул тасма Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылганы үчүн, экинчиден, режиссёр Ирина Поплавская деген аял киши болгону үчүн, үчүнчүдөн, чоң энем мени менен кошо барганы үчүн макул болушту. Чоң энем ошол кинодо эпизодго да түшүп калды. Негизи режиссёрду мен мурда таанычумун, андан 2 жыл мурун “Жамийланы” тарткан. Ошол кинодо Сейит сүрөт тартат, аларды кийин агасы көрүп жини келип тытып таштайт эмеспи. Ошол сүрөттөрдү мен окуган студиядагы балдар тарткан, арасында менин эмгектерим да бар. Мен Жамийланын портретин тарткам. Ошондо бизди сүрөт тарттырыш үчүн 10 күнгө Ысык-Көлгө алпарышкан эле.

– Кино экранга чыкканда сыймыктануу болдубу сизде?

– Кино дээрлик 2 жылдай тартылды. Киного да тартылып жаттым, училищеге тапшырып ал жакта да, мектепте да окуп жаттым. Анан мектептин атайын диплому менен Москвага институтка өттүм. Москвада 1-курста окуп жатканда кино жарыкка чыгып, Москвадагы кыргыз аттуунун баары уу-дуу болуп, мени менен таанышам деп келе башташты, а мен качып жүрчүмүн (күлүп).

Негизи мен киного тартылып жатканымда жакшы түшүнгөн деле, берилип тартылган деле эмесмин. Анткени артист болоюн деген оюм жок болчу, сүрөтчү болом дечүмүн. Албетте, бул образга илинип калганымдын өзү чоң сыймык. Бирок бул режиссёрдун эмгеги, кинооператор Кадыржан Кадыралиев да абдан кыйын адис болчу. Анан Дүйшөн менен Назира (ред.: Байдөбөтов, Мамбетова) Ильяс менен Кадичанын ролун абдан жакшы ойношкон. А мен өзүмдү көлөкөдөй болуп тартылып, көлөкөдөй чыгып кеттим деп ойлойм. Менде артисттик талант жок, болгону сырткы көрүнүшүм туура келип калды. Бул чоң энемдин эле эмгеги, тарбиясы. Асел кыргыздын кыздарга берген тарбиясынын продуктусу да, мен ошондой элем. Улуттук маданий баалуулуктар, кыргыздын кыздарга берген нукура тарбиясы, ошонун баары Аселдин образында сакталып калган. А мен аны түшүнгөн да эмесмин. Уяң, сылык, тартиптүү, принцибинен тайбаган, сөз берген соң аны аткарган, сүйүүгө ишенген, чыккынчылыкты кабыл албаган... Ушунун баары кыргыздын кыздарына тарбия менен өткөрүлгөн нерсе да. Эл азыркыга чейин ушул образды жакшы көргөнү – бул роль аркылуу кыргыздын этикалык баалуулуктарын сактап, туура бере алганында. Азыр бул тарбия да жоголуп баратат.

– Актрисалык сизди кызыктыра албаптыр да. Андан кийин да киного тартылууга сунуштар түштү беле?

– Түшкөн, бирок баш тарткам. Болот Шамшиев тарткан “Эхо любвиге” чакырышканда “Москвага окуйм” деп болбой койгом. Анан Таттыбүбү Турсунбаева тартылган. “Земля Санникова” деген да киного чакырышканда апам жибербей койгон. Анда жапайы элдин башчысынын кызынын ролу болчу, ага Назира Мамбетова тартылды. Ал киного тартылсам, балким, жашоом башка нукка бурулмак. Балким, киноактриса болуп кетмекмин. Бирок, менин оюмча, киноактриса болсом мен бактысыз болмокмун. Себеби адам жакшы көргөн жумушу менен алек болбосо дайыма бактысыз болот. Жаш кезимден баштап өз багытымды тапканга жакшы эле тырышкан экенмин.

– Чоң эне, таене да болуп калсаңыз керек?

– 1 кыз, 2 уулубуз, үч неберебиз бар. Уулдарыбыздын бири архитектор, экинчиси менеджер. Кызыбыз Алтынай Осмоева белгилүү сүрөтчү болуп калды, буюрса. Жакында эле Италиядан бир сынактан келди, эми Германияга барат. Сүрөтчүлүк менен дүйнө кыдырып жүрөт. Жолдошум да сүрөтчү.

– Бар болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан