ВАРИКОЗДО УЮГАН КАН ҮЗҮЛСӨ ӨПКӨГӨ БАРЫП ТАКАЛАТ... Же төрөттөгү өлүмдүн негизги себеби

Дүйнөдө ар бир 37 секунд сайын өпкө артериясынын тромбоэмболиясынан 1 адам каза болуп турат. “Кыргызстанда төрөттөн каза болгон аялдардын жарымынын көбү ушул оорунун курмандыгы болгондор”,- дейт Улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Байсакеев. Аталган оорунун алдын алсак болот, кантип экенин макаладан биле аласыз.

ТРОМБДУН КОРКУНУЧТУУ ЖАНА КОРКУНУЧСУЗ ТҮРҮ

Өпкө артериясынын тромбоэмболиясына варикоз дарты себепкер болот. Денедеги артерия кан тамырлары жүрөктөн өпкөгө барып кычкылтекке каныгып, кайра жүрөккө келген канды ылдый көздөй бүт органдарга жеткирет. Вена кан тамырлары болсо иштетилген канды бут-колдун учунан тарта өйдө – жүрөккө ташыйт.

Артерияга караганда вена кан тамырынын капталдары жукараак жана серпилгичтиги азыраак. Варикоз – вена кан тамырынын кеңейип кетиши. Ал бутта, жамбашта, түз ичегинин ооз жагында (геморрой), жыныстык органдарда, кызыл өңгөчтө жана башка жерлерде кездешет. Булардын ичинен буттун, жамбаштын, жыныстык органдарынын варикозу көп учурайт. Варикоз теринин бетине жакын же тереңде жайгашкан венада болушу мүмкүн. Венанын кайсы бир бөлүгү сезгенүүдөн улам кеңейип, серпилгичтигин жоготуп, түйүндөр жаралат. Териге жакын жайгашса түйүндөр сыртка көрүнүп турат.

Венанын сезгенип, кеңейген жеринде уюган кан (тромб) пайда болот. Колдогу венага асма дарыны көп сайгандан же колго кататер таккандан кийин да вена сезгенип, тромб пайда болуп калышы ыктымал. Тромб тоголок формада, кээде узунунан жайгашып, кан тамырды бойлоп туруп калат. Тромб адам өмүрүнө коркунучтуусу жана коркунучсузу болуп экиге бөлүнөт. Коркунучсузу – көлөмү кичирээк болуп, кандын жолун бүтөбөй венага бекем жабышып, кыймылдабай турганы. Аларды дары-дармек менен эритип, канды суюлтуу менен жок кылса болот. Өмүргө коркунуч келтиргени – венага чала жабышып, кыймылдап турганы. Булардын көлөмү кичине (1 сантиметрге чейин) жана чоң (1-2 сантиметр) деп бөлүнөт. Кыймылдап турган түрү качандыр бир күнү үзүлөт да, кан менен кошулуп агып жүрөккө барат. Жүрөктүн клапандарынын тешикчелери чоңураак болгондуктан тромбдун кичинеси да, чоңу да ал жерден өтүп кетет. Андан ары барып чоңу өпкөнүн артерия кан тамырына тыгылып, кандын жолун бүтөп калат. Кичинеси өпкөнүн артериясынан өтүп барып майда кан тамырга тыгылып калат. Бүтөлгөн жерден ары кан өтпөй, органдар жабыркап, ткандары өлө баштайт. Андайда адамга аба жетпей тумчугуп, көгөрүп, жөтөлүп, жүрөгү сайгылашып катуу оорутат, булчуңдары диртилдеп тырышат, эстен танат. Кан түкүрүшү мүмкүн, мүрт да кетет. Мына ушул оору медицинада “өпкөнүн артериясынын тромбоэмболиясы” деп аталат.

ТРОМБ КАЙСЫ УЧУРДА ҮЗҮЛӨТ?

Көбүнчө бутка катуу бир нерсе тийгенде, оор жүк көтөргөндө, төрөттө ыйынганда, секиргенде, чукул кыймылдап жибергенде жана башка учурда үзүлөт.

Тромбоэмболия күтүлгөндө дароо “Тез жардам” чакыруу же ооруканага алпаруу керек. Алпарганда бейтаптын бутунда варикозу барын да сөзсүз айтуу керек. Бул так диагноз коюп дарылоо үчүн маанилүү.

ДИАГНОЗ

  • Кан тамырлардын УЗИси
  • Компьютердик томография – ангиография
  • Өпкөнүн рентгенографиясы
  • Кандын биохимиялык анализи жана башка

ДАРЫЛОО

Дарылоодо төмөнкүлөр керектелет:

Антикоагулянттык терапия (тромбду эритүүчү дары-дармек)

Аппарат менен жасалма дем алдыруу

Кан басым түшүп кетсе аны көтөрө турган дарылар

Жүрөктүн иштешин калыптандыруучу дарылар

Тромбдун калдыгы калып калган болсо үстү жакка, чоң венага кава-чыпка коюлат. Калдык ошол чыпкага такалып тосулуп калып, өпкөгө чейин кетип калбайт. Чыпкадагы калдык дарынын таасири менен эрип кетет

Витаминдер топтому

Хирургиялык операция. Тромб кан тамыр аркылуу киргизилген хирургиялык катетер менен чыгарылат

ДАРТКА ЧАЛДЫГУУ КОРКУНУЧУН ЖАРАТКАН ФАКТОРЛОР

Варикоз, жүрөк-кан тамыр, рак оорулары

Кайсы бир органга жаңы операция жасатуу

Кандын уюшунун бузулушу

Оорунун айынан узакка кыймылдабай жатуу

Темеки чегүү, семиздик, кош бойлуулук

Венасынан тамчылатма дарыны көп алгандар

"ТӨРӨТТӨ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ"

– Кош бойлуу аялдар көбүнчө оор көтөргөндө, бутуна бир нерсе катуу тийгенде, төрөттө ыйынганда организмине, анын ичинде бутуна күч келет да, варикозундагы тромб үзүлүп кетет. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болгон аялдардын жарымынын көбү дал ушул оорудан каза тапкандар. Мисалы, Кыргызстанда кош бойлуулуктун 35-40 аптасында, төрөттөн кийинки 20 күндүн ичинде, операция жолу менен төрөгөндөн кийин да көз жумгандар бар. Бир аял төрөгөндөн 18 саат өткөндөн кийин баласын эмизип жаткан учурда капыстан өзүн начар сезип, көгөрүп, дем алуусу токтоп калган. Жандандыруу иш-чараларына карабай кайтыш болгон.

Аялдар көбүнчө варикозу бар экенин билсе да дарыланбайт, кесепети оор экенин билбей жүрө беришет. Төрөт үйүнө барганда да варикозун айтышпайт, айрым врачтар да сурашпайт. Андыктан аял кош бойлуу экендигин билгенден кийин варикозу бар болсо да, жок болсо да кан тамыр хирургуна сөзсүз текшерилиши керек. Анткени текшерүүдө “варикозум жок” дегендерден да варикоз табылып калган учурлар болот. Текшерилүү өпкө артериясынын тромбоэмболиясына чалдыгуу коркунучу бар же жок экендигин тактоо үчүн керек. Гинеколог да аялды кан тамыр хирургуна текшерилүүгө сөзсүз жиберүүсү керек. Варикоз бар болсо врач ага каршы дары-дармек жазып берет. Бутка эластикалык компрессиондук байпакты кийүүнү сунуштап, аны туура колдонуу жолун айтат.

Мындай байпак венада кандын калыптагыдай жылышын шарттап, тромбдун жаралышынан сактап турат. Аял кийин төрөткө барганда врачка варикозу барын эскертсе, алар ошого жараша аракет кылышат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан