Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “РОМАНТИК ЭЛЕМ, САЯСАТ МЕНИ РЕАЛИСТ КЫЛДЫ”
Жанар Акаев... Бул ысым сизге чоочун эмес. Журналист катары элге таанылып, кийин саясатка аттанып, президенттик аппаратта иштеп, анан 30 жаштын кырында Жогорку Кеңешке 2 жолу депутат болуп шайланды. Чиновниктин баласы эмес, атасынын кадыры менен кресло кучактап калгандардын тобуна кирбейт. Айылдан чыккан кыргыздын карапайым жигити. Саясатта жылдызы кантип жанды? Алайдан Ак үйгө чейинки жолдо кандай кыйынчылыктар кездешти? Саясаттагы устаттары кимдер болду?
“МАНТЫ ЖЕГЕН КҮН МАЙРАМ ЭЛЕ...”
- Мен төрт тарабы тоо менен курчалган Алайдын Кабылан-Көл деген айылында төрөлүп өстүм. Балалыгым Союз кулап, эл кыйналган оор учурга туш келди. Азыркы балдарга тамак жедире албай кыйналасың го, биз бала кезде көбүрөөк эти бар тамак жесек, ошого сүйүнчүбүз. Манты жеген күн биз үчүн майрам эле, апам же жеңем манты жасайт деген кабар кулакка тим эле сонун угулуп, ал күнү кечки тамак убагын саат санап күтчүбүз. Ойлосом, бактылуу күндөрүм ошол мезгил тура. Досторубуз менен дүкөнгө бөтөлкө чогултуп тапшырып, ордуна сагыз алып, үйдөгү эски шкафтын бир бетин бүт эле Жан-Клод Ван Дамм, Брюс Ли, Арнольд Шварценеггердин наклейкасы менен толтуруп чаптап салчубуз. Айылда кызыл желек, чүкө атмай, чана менен жарышуу оюндарынын уюштуруучусу элем. Бүгүн ушундай оюнду ойнойлу деп демилге көтөрүп, командаларга бөлүштүрүп, айтор, шыпылдап чыга калчумун. 7-8-класс кезимде атам узак оорудан улам каза болду. 8 бир туугандын кенжесимин да, азыр эстесем, ошол кезде баары менин көзүмдү карашкан экен.
“Баарыбыз тынып, үй-бүлөлүүбүз, ушул гана мектеп окуучусу, оор кабыл алат ” деп аяшса керек мени. Казакстандын Тараз шаарына, кээде Ошко алып барып, агаларым шаар көргөзүп калышчу. Бир жолу Ош шаарына алып барып, өзүм тандаган аппак кроссовка, чөнтөктөрү көп трико шым алып беришкени эсимде. Аны алып бергенден кийин айылга кетким келет, же мен жетпейм. Барып эле балдарга мактанышым керек да, тим эле алып-учуп сүйүнгөм.
“АГАМДЫН КӨК КӨЙНӨГҮ ЖӨНҮНДӨ АҢГЕМЕ ЖАЗЫП...”
- Бир тууган агам – кыргыз тилчи жана адабиятчы. Шаарга түшкөндө толтура гезит, китеп алып келер эле. Такай гезит, китеп окугандыктан, ошол кездеги өлкөдө болуп жаткан саясий окуялардан кабарым бар болчу. Мектепте дептерден анкета даярдап, классташтарга толтуруп кел деп бергенде “
баалаган саясатчың ким?”, “
кайсы партияны колдойсуң?” деген суроолорду жазчумун. Классташ кыздар “
каяктагынын баарын сурай бересиң” деп таң калып, күлүп калышчу. Жайкы каникулда Казакстандын Тараз шаарында соода кылган агаларыма барып, соода кылышып, кийим-кечемди даярдап келер элем. Ошол жакта жүрүп, базарда отуруп, коробканын кагазына эле алгачкы “Көптү көргөн көк көйнөк” деген күлкүлүү аңгемемди жазгам. Бир тууган агам ошол көк көйнөгүн кийип алып, коомдук иштерге, той-топурга, ар кайсы иш-чараларга да бара берчү
(күлүп). Ошону көрүп, жаны тынбаган көк көйнөгүнө боорум ооруп жазган экенмин көрсө. Мааниси мындай: “
Бул көйнөк байкуш Кытайдан фабрикадан чыгып жатканда кимге туш келерин, кайсы өлкөгө барарын, кандай адам киерин билген эмес. Бирок келип-келип алайлык Канат агама туш келиптир. Бирок ушул көйнөк Канаттын колуна тийгенден бери тыным жок, той-топурдан, маданий иш-чаралардан калбаган көйнөк болду. Аны күн алыс жеңем кайра-кайра мыжыгып жууйт, үтүктөйт. Мына бүгүн да көк көйнөк бир жакка жөнөдү. Эмне болот билбейм, ушул байкуш көйнөккө эле кыйын болду”. Бул аңгемемди туугандарга окуп берсем, баары каткырып күлүп калышты.
“ТАЛАСТАГЫ МИТИНГДЕ ӨҢГҮРӨП ЫЙЛАГАМ...”
- Университетти бүтүп дипломду колума алганда эле “Азаттык” радиосу Бишкекке чакырды. Алгач сыналгыдан көргөн белгилүү адамдарды жанынан көргөнүмө кубанып, сүйүнүп жүрдүм. Күндө кечинде айылдагы балдарга чалып, кайсы саясатчыны көрсөм, ошону сүрөттөп берип мактанып жаттым. Бишкекке которулганыма 1 ай боло электе 2010-жылкы Апрель революциясы болуп кетти. Митингдер Таласта башталбады беле, ошондо Замира Кожобаева деген журналист экөөбүздү Таласка жиберишкен. Ал жакта имараттар өрттөлгөнүн, Конгантиев сабалганын, эл менен милиция кагылышып, күч кызматкерлери токмоктолгонун өз көзүм менен көрдүм. Ошондо саясат оңой эмес экенин түшүндүм. Милиция менен элге арачы болуп “урушпагыла” деп өңгүрөп ыйлап алгам. “Койгула, булар да биздин балдар, силер да биздин балдар” деп жалынганым эстен кетпейт. Карасам, бир милиция кызматкерин аябай сабап салышыптыр, кийимдери канга боелгон, ага үстүмдөгү калың жемпиримди чечип берип, өзүм жука көйнөкчөн калгам, болбосо апрелде күн суук эле болчу. Бишкекке келгенден кийин деле ошол окуялар көз алдыман кетпей, 2-3 күн өзүмө келе албай жүргөм.
“СТУДЕНТТИК КОЗГОЛОҢ ЧЫГАРЫП, ТАЛАБЫБЫЗДЫ АТКАРТКАНБЫЗ”
- Мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетине бюджеттик орунга өтүп кеттим. Айылда жүргөндө студенттик жашоону таптакыр башкача элестетчүмүн, диктофон, камера, фотоаппарат менен иштегенди, текст жазганды үйрөтөт деп күттүм. Бир жыл болду, келип-кетип эле жүрдүк. Анан өзүм аракет кылып, студенттик гезитке макала жаза баштадым. Студенттердин турмушун баяндап, жатаканадагы көйгөйлөрдү көп көтөрөр элем. “Чынында эле факультетте видеокамера же микрофон жок болсо, жатакананын шарттары начар болсо, биз берген келишим акынын акчалары кайда кетип жатат?!” деп козголоң баштадык. Уюштуруучусу – мен. 150дөй студент митингге чыгып, талаптарыбызды аткартканбыз. Ал митингибиз кадимкидей саясатташып, “Азаттык+”, “5-канал”, НБТ өңдүү көп медиалар чагылдырышкан. Мен болсо баарына күпүлдөп интервью берип жүрөм. Ошол окуядан 2 айдан кийин эле “Азаттык” Ошто кабарчыларга сынак жарыялап жатабыз деп калды. Барсам, катышуучулар көп экен. Өзүм сынакка катышып алып, кайра “Азаттыктын” ишин сындап баштадым. “Силер эмнеге борбордо эле отура бересиңер, “Ыңгайсыз суроолор” деп эки адамды студияда отургузуп аласыңар, көчөгө чыгып накта карапайым элдин турмушун тартпайсыңарбы?” дегеним азыр да эсимде. Ошол кезде “Азаттыкта” иштеген Төрөкул Дооров менин телефон номеримди алып, макала жаздыртып жүрдү. Кийин “Азаттык+” жаштар берүүсүн, “Ыңгайсыз суроолор” программасын алып бардым, журналисттик иликтөөлөрдү да жасадым.
“САЯСАТТА ӨЗ КИНДИГИМДИ ӨЗҮМ КЕСТИМ”
- Мени саясатта эч ким таптаган эмес, айылда жаткан жеримден эч ким сүйрөп келип депутат кылган жок. Өз киндигимди өзүм кестим десем болот. Дарегиме “партиядан партия алмаштырат” деген да сындар айтылат. Эгер мен улам бийликтин партиясына секирип же акчалууларды ээрчип кетсем, ошентип сындашса жарашмак. 2020-жылы ар кандай бут тосууларга карабай, оппозициялык “Ата Мекен” менен шайлоого баргам, андан кийин даяр түптөлгөн партияга эмес, өзүбүз түзгөн “Альянс” менен шайлоого аттанып, парламентке келдик. Мен негизи романтик элем, бирок саясат мени реалист кылды. Өмүрүмө коркунуч жаралган учурлар да болду, Октябрь революциясында жаракат алдым. УКМКдагы таанышым “артыңдан ушундай номерлүү унаа аңдып жүрөт” деп чалды. Карасам, чын эле ошондой унаа артымда жүрүптүр. Ал убактарда үй-бүлөмө да коркунуч жаралгандыктан, сыртка чыгарган жокмун. Өзүм да көчөгө жансакчы менен чыгып калган күндөр болду. Эгер ошол революция ишке ашпай калганда, баарыбыз 20-30 жылдап абакта отурмакпыз. Ак үйдө отурса эле баарынын жашоосу жыргал деп ойлошот айрымдар, бирок ушундай кыйынчылыктарга туруштук берип жатып тажрыйба топтойбуз, такшалабыз.
“ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРЫП, “АЗАТТЫКТА” ЭЛЕ ЖҮРӨ БЕРБЕЙТ БЕЛЕҢ” ДЕП ШЫЛДЫҢДАШКАН”
- Алмазбек Атамбаев менен анчалык катуу уруш-талаш деле болгон жок. Мен парламентке депутат болгондон кийин бийлик оппозициялык саясатчыларды камап, журналисттер менен соттошуп, сөз эркиндигине кысым кыла баштады. Сөз эркиндигине каршы жүрүшкө чыгып койгонумдан кийин мени фракциянын курамынан чыгарышты. Фракцияда 38 депутат бар эле, баары бир добуштан колдоп “сен партиядан чыгышың керек, КСДПда болсоң эмнеге жүрүштө жүрөсүң?” дешти. Данияр Аттокуров деген жаш депутат бар эле, ал “ушундан көрө “Азаттыкта” эле иштеп жүрө бербейт белең” деп шылдыңдап отурган. Азыр ал Данияр мырза кайда жүрөт, бир Кудай билет. Атамбаевден кечирим сура дешти, мен өз чындыгым бар деп көгөрүп болбой койдум. Жыйында мени “соккон” депутаттар жыйындан кийин иш бөлмөмө келип “кечирип кой, сеники туура эле, бирок...” деген кептерди айтышты. Парламентте ушундай негизи, көпчүлүктүн көзүнчө “тепкилеп”, кайра сага келип жубатып коё беришет. Убагында Атамбаевге чаң жугузбай мактап жүргөндөрдү камалгандан кийин көрө алган жокмун. Тескерисинче, Атамбаев абакка отуруп калганда ага тамак-аш алып кирип, акыбалын сурап, жолугуп турдум.
Канатбек Акаев, бир тууган агасы: “КОЗУНУ СОЙБОЙСУҢАР ДЕП БЫЧАКТАРДЫ КАТЫП КОЮПТУР”
– Биздин атабыз өмүр бою колхоздо башкарма болуп иштеген, бирок эрте көз жумду. Апабыз 80ге келип калды. Жанар бала кезден тырышчаак, мектепте жакшы окуду. Достору менен волейбол, баскетбол ойноп кетип үй бетин көрчү эмес. Апам той-топурдан алып келген таттууларын катып койсо, аны досторуна таратып берип апамдан жеме угуп эле басып жүрчү. Кенжебиз деп көп какыс-кукус кылган жокпуз. Бирок чалчактап эрке деле болгон жок. Кара жумушту жакшы жасаар эле, айрыкча орок менен буудайды жакшы орчу. Абдан боорукер, кичинесинде бир жолу үйгө конок келерде козу соёлу деп калдык. Бычак издеп эле такыр таппайбыз. Көрсө, Жанар бычактардын баарын катып коюптур. “Эмнеге каттың?” десек, “козу да жашаш керек, эмнеге соёсуңар” деп коёт. Баарыбыз күлгөнбүз. Адилетсиздикти көрсө туталанып, жарылып кетмей адаты кичинесинен эле бар. Апам анын ушундай курч мүнөзүнөн чочулайт. “Балам, сүйлөбөй, эл катары эле отура берчи, айланайын” деп көп айтат. Бирок ага Жанар болбойт да.
Абдывахап Нурбаев, экс-депутат: “ЭРКИН ЖУРНАЛИСТ ДА, ЭРКИН САЯСАТЧЫ ДА БОЛО АЛДЫ”
– Жанарды ОшМУда окуп жүргөн, ректораттын кээ бир чечимдерине каршы чыгып, өз укугун коргоп жүргөн кезинен бери жакшы билем. Журналист кезинде көп коррупциялык иштерди элге ачыктап чыгып, курч материалдарды жасады. Ага өкмөт, президенттик аппарат каршы чыкканда экөөбүз биригип көп иштерди чогуу жасап жүрдүк. Ал эркин журналист да, эркин саясатчы да боло алды деп айта алам. Жаштыгы, курчтугу, тайманбастыгы менен көп көйгөйлөрдү көтөрүп миллиарддаган акчалар өлкө казынасына кайтарылды. Алсак, Абылгазиев премьер-министр кезинде жыштык сатылып кеткен, ошол каражат толугу менен мамлекетке кайтарылган. Ал эми жеке адамдык мамиледе айткан убадасына турат, сөзгө бекем. Кемчилиги – унутчаактыгы, иш-чарага кечикмей адаты бар. Бир жакка чогуу барчу болсок, сөзсүз алдын ала чалып эскертип турам.
Гүлжамал Калчабаева, класс жетекчиси: “КЕМЧИЛИГИМДИ БЕТИМЕ АЙТЫП САЛЧУ”
– Жанар үлгүлүү үй-бүлөнүн баласы. Атасы ыраматылык сөзмөр, жамакчы киши эле. Өзү мектепте жоопкерчиликтүү, илбериңки, тырышчаак окуучу болду. Бир көчөдө 5 бала дос, алардын бири Жанар эле. Бешөө тең менин классымда окучу. Бирге жүрүп башка айылдын балдары менен далай мушташып сазайын беришти. Кайсы мугалим сабак өтпөсүн мага “окуучуларың аябай шок, буларды кантип окутуп жатасың?” деп айтышчу. Жанар көп жыл класстын президенти болду, ар кандай иш-чараларды уюштурчу. Балдарга чындыкты бетке айткыла деп үйрөтөм да, Жанар тайманбай “чындыкты бетке айткан кандай болот экен, эжеке” деп туруп эле кемчилигимди балп эттирип бетиме айтып салчу. Менин ордумда башка мугалим болсо чычаламактыр, бирок мен өзүм ошентип үйрөттүм да. Депутат болгондон кийин эч өзгөргөн жок, жөнөкөйлүгү, кичипейилдиги ошол бойдон сакталып калды. Журналист болуп иштеп жүргөндө “айылга мектеп салдырып берем, эжеке” дечү, ал тилегине жетип, айылга чоң мектеп салдырып берди. Жанардын арты менен мен да Грузияга тажрыйба алмашканы барып, эс алып да келдим.
Турсунбек Сайпидин уулу, классташы: “ТООК УУРДАП, ЭКИ ТИЛИМДЕН ЭТ ЖЕГЕНБИЗ”
– Жанар менен айылда 11 жыл чогуу окудум. Ал китеп, гезитти көп окучу. Ал кезде сыналгыдан боксту көп көрсөтчү да, айылда Жанар балдарды мушташтырып, өзү рефери болуп алчу. Бир жолу кечинде кобурашып отурганбыз, курсагыбыз ачканда “келгиле, тоок уурдап жейбиз” деп сүйлөштүк. Анан айылдагы тоогу көп үйгө барып уурулук кылып жатсак ээси чыгып көрүп калды. Мелис деген досубуз аппак шым кийип алган эле, караңгыда ошол шымынан байкап калыптыр. Тоокту какылдатып көтөргөн бойдон качып баратабыз, ээси фонарик менен артыбыздан кууп келе жатат... Аябай катуу чуркадык, бир маалда фонариктин жарыгы жок болуп кетти. Суунун жээгине келип отуруп калдык, тоогубузду карасак кыймылдабайт, мен моюнунан мыкчып кармап алган элем, чуркап келе жатканда өлүп калган окшойт дедик. Ага бир кейийбиз, Жанар Мелисти “кыздарга бара тургансып эмнеге аппак шым кийип алдың” деп аябай урушуп алган. Бир маалда жанагы тоок кайра какылдап жиберсе болобу, тирүү экен деп сүйүнгөнүбүзчү. Ошентип отурсак биздин үндү айылдагы бизден улуу агалар угуп калып жетип келишти. Тоок уурдаганыбызды билип, “бол, сойгула, чогуу жейбиз” дешти. Өзү кичинекей жөжө короз колго тийген экен, ошону 7-8 бала союп отко кактап эки тилимден эт жегенбиз.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.