ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-майдан 7-майга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Жалкоолукту таптакыр унутууга туура келет. Талыкпаган эмгектин артынан гана карьералык тепкичтен көтөрүлүп, кирешеңизди көбөйтө аласыз. Кайсы бир сунушту кабыл алардан мурун жакын адамдарыңыз менен кеңешип алыңыз, болбосо сизди өз пайдасына иштеткиси келген адамдардын торуна илинип каласыз. Алыскы сапарларды жана алдыда болчу той-мааракелерди пландаштырбай туруңуз, пландар заматта өзгөрүлүп кетиши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Жардам сурап кайрылган жакыныңызга кол сунасыз. Сиздин жардамыңыздан кайсы бир адамдын өмүрү же ден соолугунун абалы көз каранды болот. Жумушта жаңы кесиптешиңизге сырыңызды айтуудан сак болуңуз. Алдыда карьераңызда келечектүү сунуштар күтүп турат. Өзүңүзгө ыңгайлуу графикте жумуш табууга да ыңгайлуу убакыт. Жеке иштерде тынчсызданууга эч кандай себеп жок, баары ойдогудай болот.

ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Кесиптик жеке ийгилигиңиз үчүн бирөөгө жагынууга туура келет. Бирок ачык кошоматтанып, ага жагууга аракет кылуудан алыс болуңуз. Кайсы бир жоопкерчиликтүү жумушту аткарууда катачылык кетирип аласыз, бирок бул окуя сизге кийинкисинде сабак болот. Соода менен алектенгендердин иши ийгиликтүү уланат. Дем алыш күндөрү үй жумуштарын жасап, жакындарыңызга таттууларды бышырып кубантсаңыз болот.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Көптөгөн бөйөндөр чыныгы дос же идеалдуу бизнес өнөктөш таба алышат. Сизди жакшы кабар күтүп турат, бул эски максаттарыңыз менен байланыштуу. Бирок аны ишке аша электе эч кимге айтпай туруңуз. Бойдок бөйөндөрдө романтикалык таанышуу орун алып, бул таанышуу сиздин “бойдок” статусуңузду жоюп коюшу толук мүмкүн. Карыздар адамдарыңыз болсо эртерээк кутулганга аракет кылыңыз.

АРСТАН (23.07–23.08)

Буга чейинки жеке жашооңуздагы күмөндүү, шектүү жагдайлардын баарына чекит коюлат. Бул жакын адамыңыз менен ачык сүйлөшүүнүн жемиши болот. Сүйүү мамилесин курууда же мамилени аягына чыгарып, жаңысын баштоодо бат чечим кабыл алуудан коркпоңуз. Бизнес маселесине байланыштуу көйгөйлөрүңүздү чече аласыз. Насыя алууну пландап жатсаңыз аны берүүдөн банк баш тартып коюшу мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Качандыр бир кезде жүрөгүңүздө так калтырган адам менен кезигип каласыз. Ага тартылып турсаңыз да, андан алыс болууга аракет кылыңыз. Достук чөйрөдө аброюңузга, капчыгыңызга карап мамилелеш болгусу келген достордун саны көбөйөт. Ден соолугуңузга байланыштуу күмөндүү жагдайлар болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз. Болбосо ооруну кенебестиктин айынан күчөтүп жиберишиңиз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09–23.10)

Жалгыздыкты, тынчтыкты каалайсыз. Тескерисинче, мүмкүн болушунча эл арасында болууга, баарлашууга, жолугушууга, таанышууга, байланыш түзүүгө аракет кылыңыз. Апта сизге кесипте жана жеке жашоодо жакшы натыйжаларды алып келет. Харизмаңыз жана адамдар менен бат тил табышуу жөндөмүңүздүн артынан ийгиликке жетесиз. Тыюу салынган нерселерди жасап алып, чоң айып пул алгандан оолак болуңуз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Профессионалдык чөйрөдө, бизнесте жана жеке жашооңузда бардык атаандаштарыңызды оңой эле ашып өтө аласыз. Сиздеги күчтүү туюу сезими, кайсы учурда эмнени жасоо керек экенин билдирип, туура багыт берип турат. Башка адамдардын кеңеши сизге иштебейт. Кирешеңиз көбөйүп, келечектүү бизнес идеяларды ишке ашырууга белсенесиз. Бойдок чаяндар виртуалдык сүйүүгө кабылышат.

ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп, ага кам көрүүгө туура келет. Никедеги түгөйүңүз менен каржы маселесинде талаш-тартыш жаралат. Ал сизди “керексиз нерселерге каражат коротуп жатасың” деп айыптайт. Бул келишпестикти апта аягында гана жолго сала аласыз. Социалдык желеде активдүү болсоңуз дарегиңизге жалаа жаап, сындаган адамдар көбөйөт, андыктан убактылуу виртуалдык дүйнөдөн алыстап турсаңыз болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жогорку кызматтагы адамдар сиздин бат өсүп, кирешеңизди көбөйтүп, ишкерлигиңизди кеңейтип жатканыңызга көз артып жатышы мүмкүн. Андыктан жөнөкөй болуп, ар бир алган кыймылсыз мүлкүңүздү мактанбай эле койгонуңуз туура. Үй-бүлөлүү текечерлерде жубайлар ортосунда жылуу мамиле орун алып, ал жылуулукту бардык жакындарына тарата алышат. Документ иштерине байланыштуу иштериңиз оңой чечилет.

СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жашоодо күтүүсүз бурулуштарга даяр туруңуз. Тез аранын ичинде чет өлкөгө көп убакытка иштегени кетүү тууралуу чечим чыгарып калышыңыз ыктымал. Кайсы бир-ишчарада өзүңүздү көрсөтүп, артыкчылыгыңызды далилдейсиз. Сизди сыйлап берилген белектерди алуудан баш тартпаңыз. Бирөөгө кеңеш берүүдөн алыс болуңуз, кийин ал адам сиз айтканды жасап, бирок иши жүрбөй калса өзүңүздү күнөөлүү сезип каласыз.

БАЛЫК (20.02–20.03

Көйгөйлөр жаралса да, андан коркуунун кажети жок. Ар бир кадам сайын сизге жардам берүүгө, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, пайдалуу байланыштарды жана ал тургай акча берүүгө даяр адамдарды кезиктиресиз. Мыйзамдуулук боюнча маселе жаралбасын десеңиз, олуттуу иштериңизди өз убагында бүтүргөндү үйрөнүңүз. Карызга акча алууда ар бир жолу таразалап, кийинчерээк төлөй алар-албасыңызды ойлонуп анан алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан