МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ: ЭНЕ ТИЛДИ МАЖБУРЛАП ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕКПИ?

Парламент мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Күтүлгөндөй эле талкуу талаш-тартыш жаратты. Айрым депутаттар “эне тилди өнүктүрүүдө жалтактабайлы” деп күпүлдөшсө, айрымдары “көрпөбүзгө карап бут суналы” деп бул маселеде этият болуу керектигин эскертишти. Демилгенин максаты эмне? Эмне үчүн айрымдарды безге сайгандай чочулатып жатат?

Каныбек Осмоналиев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “КАТААЛ ТАЛАПТАРДЫ КОЙБОСОК, ТИЛИБИЗ ӨНҮКПӨЙТ”

– Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын жоболору атайын жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты. Демилгечи – президент, Министрлер кабинети жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия. Бул мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары, менчик түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болушат. Эл аралык келишимдерди түзүү, документ жүгүртүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар жана товардык белги, фирманын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет. Бул мыйзамдын кандай зарылчылыгы бар эле? Өзүңүздөр билгендей, мамлекеттик тил мыйзамы 1989-жылы ошол кездеги аталарыбыздын демилгеси менен жазылып калган. 34 жылдан бери кыргыз тили канатын керип, күүлөнүп-күчтөнүп уча албаган абалда. Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү, мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилинде сүйлөп, окуй алышы 50 пайыздан төмөн. Чүйдө 11 пайыз, Бишкек шаарына 20 пайыз үлүш туура келет. Иш кагаздарын өз тилинде жүргүзө албаган мамлекет катары дүйнөдө “феномен” болушубуз керек. Атүгүл Африка өлкөлөрүндө да мындай жок. Ошон үчүн мыйзамдагы айрым беренелер айрымдарга катаал көрүнүп жаткандыр. Мамлекеттик кызматка барам дегендер сөзсүз “Кыргыз тесттен” өтүүгө тийиш. Биз азыр мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн чечүүчү этабында турабыз. Артка кетпешибиз керек, 34 жылдан бери ары-бери чоюп, улам жылдырып келдик. “Убакыт бергиле, жеңилдеткиле, мамлекеттик тилге талап күчөсө күчтүү адистер кетип калышат” дегенди токтотуш керек. Күчтүү адис бардык тараптан күчтүү болсун. Тил билбесең анда мамлекеттик кызматка барбай эле кой, өзүңдөн көр. Ушундай катаал талаптарды койбосок, дагы 34 жыл ушинтип жүрө беребиз.

КИМДЕР КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ БОЛУШАТ?

• Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер

• Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары

• Улуттук банктын кызматкерлери

• Ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана башкармалык курамындагы адамдар

• Прокурорлор

• Адвокаттар

• Нотариустар

• Бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери

• Илимий кызматкерлер

• Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери

Камила Талиева, депутат: “РАСМИЙ ТИЛ ДЕП КОНСТИТУЦИЯГА ЖАЗЫП АЛГАН БИЗ ЭЛЕБИЗ”

– Биз эгемен элбиз, эгемен элдин тили да эгемен болушу керек. Мурунку союздук өлкөлөрдүн ичинен расмий тилди Конституциясына жазып алган биз элебиз. Кала берсе 6 түрк мамлекетинин бешөөсү эчак латын арибине өтүшкөн, биз эле жүрөбүз. Бул мыйзам абдан толеранттуу мыйзам. Эч бир тилди өгөйлөбөй, баарына тегиз өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет. Расмий тилди басмырлайт деген чочулоо негизсиз. Англис, немис, кытай, корей тилдерин акча төлөп окуп жатышпайбы, анткени ал тилдерди үйрөнүүгө зарылдык, муктаждык бар. Улуттук тилге да зарылдык болушу шарт. Эне тилден саясат жасагандарды – кыргыздын душманы дейт элем. Улуу баян Манастын тили, Төлөгөн Касымбековдун, Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун тилин урпактары унутпашы үчүн ушундай кадамдарга баруу зарыл. Бул мыйзам кечигип сунушталып жатат. Реформа жасап, эчак латын арибине өтүшүбүз керек эле. Балээнин баары өзүбүздө. Өз тилибизди баалабай, жеригенибизден кыргыз тили ушул абалга кептелди.

Исхак Масалиев, депутат: “КЫРГЫЗ ТИЛИ ӨНҮГҮШҮ КЕРЕК, БИРОК БАШКА ТИЛДИ БАСМЫРЛОО ЖОЛУ МЕНЕН ЭМЕС”

– Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга каршы эмесмин, бирок андагы айрым беренелер чийки. Бирине-бири каршы келген жерлери да бар. Кыргыз тилин билбегендерди кыйнап, мажбурлап, өтө катуу кеткен болбойт. Жаңы мыйзам кабыл алынса, анда орус, өзбек тилдүү мектептерди жабыш керек болуп калат. Мисалы, жободо “жаран кайсы тилде кайрылса, ошол тилде жооп алууга укуктуу” деп жазылып турат. Эртең уйгур улутундагы жаран келип “мени уйгур тилинде тейлегиле” десе эмне кылышат? Жөн эле кыргызча сүйлөп коюу жетишсиз, аны окуу, жазуу тартибин да үйрөнүү керек. Мамлекеттик тилге артыкчылык берилиш керек, бирок расмий жана башка тилдерди басмырлоо жолу менен эмес. “Парламентте “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы атайын мамлекеттик тил мыйзамын колдобой чыгып кетти” деген кеп жалган. Ошол күнү кесиптешибиз Эмил Токтошевдин туулган күнү эле, фракция мүчөлөрү 5-10 мүнөткө куттуктаганы кеткенбиз. Биз келгиче добуш берүү бүтүп калыптыр. Жеке каршылыгым жок, жоболорун так иштеп чыгышсын, колдоп берем, бирок расмий тилдин да өз статусу сакталышы керек.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА ЖАҢЫ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК, ТӨМӨНДӨГҮ ЖОБОЛОР ИШТЕЛИП ЧЫККАН:

• Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталыштары мөөрлөргө, штамптарга, расмий бланктарга жана көрнөктөргө мамлекеттик тилде жазылат жана расмий же башка тилдерде коштолуп берилет. Аталыштарды жазууда башка тилдеги жазылган тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдегиден чоң болбошу керек.

• Бардык теле жана радиоберүүлөрдөгү кыргыз тилиндеги берүүлөр 70 пайыздан кем болбоого тийиш. Андан тышкары мамлекеттик эмес тилде даярдалган контент кыргыз тилинде коштолушу шарт.

• Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана менчиктин баардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн компьютердик программаларды сатып алууда колдонуучу интерфейс мамлекеттик тилде болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

• Коомдук иш-чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша гана расмий тилде жүрөт. Мамлекеттик тилден башка тил колдонулган учурда анын уюштуруучусу мамлекеттик тилге синхрондуу же ырааттуу которулушун камсыз кылууга милдеттүү.

• Шаарларда, айыл аймактарында жана башка аймактарда плакаттар, такталар жана башка техникалык каражаттар түрүндө жайгаштырылган тышкы жарнама алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, ошондой эле зарыл учурларда башка да тилдерге которулат.

Алишер Ташматов, “Дүйнө элдери” коомдук бирикмесинин төрагасы: “КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮ БАЛДАРДАН БАШТАШ КЕРЕК”

– Мен өзүм метистмин. Менде ар кайсы улуттун каны бар. Кыргызстанда жашаганым үчүн мекенимди сүйөм жана учурда чын дилимден кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Грамматикадан бир аз аксабасам, кыргызча түшүнөм. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча...Бүгүнкү күндө орус тилдүү калк чындап эле тилдик тоскоолдук аркылуу чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Азыр мамлекеттик тилди билгиси келген ар бир адам курстарга акча төлөп окуй албайт. Ар кимдин убактысы да боло бербейт. Ошондуктан тилди үйрөтүү боюнча жакшы сунуштарым бар. Биз кыргызча сүйлөөнү балдарыбыздан башташыбыз керек. Мисалы, бакчадан. Бул маселени азыр жумшак күч аркылуу ишке ашыруу зарыл. Мисалы, чоң адамдарды эч ким мажбурлай албайт. Мажбурлоо болсо социалдык чыңалуу орун алышы мүмкүн. Же көбү кетип калышат, көптөгөн мыкты адистерди өлкө жоготуп алат. Бул абдан чоң тобокелдик. Ошондуктан мамлекеттик тил боюнча мыйзамды ишке ашыруу узак мөөнөткө созулуп, алгач балдар аркылуу ишке ашырылышы зарыл деп ойлойм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан