Кубаныч Сатаев, ырчы: «АТАМЧАЛЫК ЭНЕРГИЯЛУУ ЭМЕСМИН»

Кыргыз маданиятында Сатаев деген фамилиянын орду өзгөчө. Айтылуу Чубак Сатаев керемет ырлары менен бүтүндөй бир муунду музыка дүйнөсүнө жетелесе, уулу Кубаныч Сатаев да ата жолун улантып келе жатат. Талыкпай иштеп, аты да, ырлары да эл оозунда келе жаткан жылдыздардын бири.

– Кубаныч мырза, кепти сиздеги жаңылыктардан баштасак...

– Жакшы болот. Жаңылыктарым көп, жакында “Арноо” деген ыр жаздырып, клибин тарттырдым. Эстрада стилинде, обону да, аранжировкасы да башка ырларыма окшобогон ыр жаратсам деп жүргөм. Ыр, клип элге, өзүмө да жакты. Обону жана аранжировкасы Мирлан Ниязовго, сөзү Жылдызбек Турсунбаевге таандык.

Жакында маданият тармагында мамлекеттик жумушка кирүү алдында турам. Телеоператордук билимим, дипломум бар. Ошол диплом жөн эле жаткан, эми пайдасы тийгени турат, буюрса.

Аяш атам Ибрагим Жунусовдун “Түгөйүм” деген ырын келинчегим экөөбүз ырдап чыгалы деп да пландап жатабыз.

Негизи быйыл 7-8 ыр жаздырсам деп турам. Колдон келсе башка тилдерде, мисалы, түркчө, казакча, англисче да ырдаш керек экен. Былтыр Түркиянын Анталия шаарында өткөн этно-фестивалга апамды (ред.: кайненеси Саламат Садыкова) коштоп барып, Кыргызстандын атынан концерт бердик. Фестивалга бардык түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Ошондо түркчө ырдасам да жакшы болмок деп калгам. Быйыл июнда Азербайжанда өтүүчү Түрк дүйнөсүнүн адабият-китеп фестивалына чакырып жатышат. Ага жубайым Кундуз экөөбүз барабыз. Ушундай учурларда башка тилдеги ырымдын жоктугуна өкүнүп жатам.

Күзгө маал атамды эскерүү концертин эл аралык деңгээлде, Казакстан, Өзбекстандан да ырчыларды чакырып өткөрсөм деп пландап турам. Анткени казактар да атамды жакшы таанышат, ырларын ырдап жүрүшөт.

– Жакшы. Таалай иниңиз да жакшы ырдаарын билем...

– Ооба, үнү абдан жакшы. Атамдын очогун өчүрбөй, атам салган үйдө үй-бүлөсү менен жашап жатат. Облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларга тынбай катышат. Апам ушул инимдин колунда.

Учурда 42 жаштын тамагын жеп жатам. Жаш өткөн сайын адамды айыл өзүнө тартып, тууганчыл болуп калат экенсиң. Айылга бат-бат каттап калдым. Айылда апам, чоң энем неберелери менен бапырап тосуп алышат. Үй-бүлөдө эң улуу небере болгондуктан “биринчи кубанычыбыз” деп чоң энем атымды Кубаныч деп коюптур. Чоң энем учурда 84 жашта. Атама, бизге ырчылык өнөр чоң энебизден өткөн. Анткени мыкты ырдайт, сөзмөр, санжыраны мыкты билген, жамактап сүйлөгөн адам. Азыркы тапта деле аккордеон тартып берсем ырдап калат.

Кичинемден багып, акыл айтып, жолго салганы үчүн чоң энемди жакшы көрөм. Азыр деле телефон чалып “балам, жылуу кийин, ден соолугуңду кара” деп турат.

– Атаңызга кайсы сапатыңыз окшош? Мисалы, аны жакшы билгендер “Чубак акты ак, караны кара деп бетке айткан, чечкиндүү, боорукер, ак көңүл киши болчу” деп сыпатташат...

– Мени ак көңүл, токтоо, сабырдуу, эмгекчил дешет билгендер. Атамдын концертинен түшкөн 1 дипломат акчаны туугандарына таратып берип басып кеткен учурлары болуптур. Менде анчалык марттык жок. Атам абдан энергиялуу, чарчоону билбеген, ар дайым жалындап күйүп турган адам эле. Буга 1 айлап берген концерттери далил. Мен анчалык энергиялуу да эмесмин.

– Эл кызматында жүрөсүз. “Атадан кем, атага тең, атадан артык уул” дешет го. Сиз кандай уул боло алдым дейт элеңиз?

– Эл тараза, эл сынчы дешет го. Анын сыңарындай, ушул суроого эл жооп берсе жакшы болмок беле. Менимче, атама теңеле элек болушум керек. Атам тарых жаратып кетиптир. Мына, жыл өткөн сайын анын ырлары унутулмак тургай, тескерисинче, улам жаңыланып ырдалып жатканы мени сүйүндүрөт. “Кең дүйнө” деген ырын учурда ырчылар Ишен Назаров, Тамга, Динар Туратова, Ырыскелди Сатыбалдиев ырдап жүрүшөт. Менин 20дан ашык обонум бар. Репертуарымда атамдын, башка авторлордун ырларын кошкондо баш-аягы 60тай ыр болот. 20дай клип тарттым, 12 жолу чоң концерт бердим. Алдыда дагы көп иштер турат.

– Мындан 6 жыл мурун “атамдын эл уга элек 3 ырын таптым” деген элеңиз. Алардын бири – “Сүйүүм, ай” ыры, аны келинчегиңиз менен дуэт ырдап жүрөсүз. Берки 2 ырдын тагдыры эмне болду?

– “Бишкек”, “Карылык” деген ырлар. Аларды ылайыктуу бир ырчыга берсем деп жүрөм. “Карылыкты” жаш курагы төп келет деп Алтынбек Сапаралиев агайга сунуштагам. Ойлонуп көрөйүн деген.

Элге сунула элек “Арман дүйнө”, “Базарда” деген да ырлары бар. Буларды да ырдап чыгуу тилегим бар. “Сүйүүм, айдын” тексти толук эмес болчу, келинчегим Кундуз 3 куплетин жазып толуктады. Негизи Кундуздун ыр жазууга шыгы бар. “Кел бийлейли, ырдайлы”, “Кыргызстаным, алгала!” деген ырларымдын сөзүн жубайым жазган.

– Таланттуу үй-бүлөдө ата жолун улантчулар чыгышы мүмкүнбү? Балдарыңыздан ырчылыкка кызыкканы барбы дегеним...

– Улуу балам Алишах менен эң кичүүбүз Айкөл жакшы ырдайт, угуп жаттап калуу шыгы күчтүү. Бирок Алишах музыкалык аспаптарга, ырга анча кызыкпай койду. Ортончу уулум Санат сүрөттү жакшы тартат, бул жагынан чоң атасын тартты. Пластилинден түрлөп ар нерселерди жасоого шыктуу.

– Жакшы. Тилектериңиз ишке аша берсин!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан