РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВДИ ТОКМОКТООГО КИМДИН КОЛУ БАРДЫ?

Бээжин Олимпиадасында медаль алып берип, кыргызды бүт дүйнөгө даңа­залаган балбаныбыз Руслан Түмөнбаев акыркы күндөрү көрүнбөй кеткен. Жыл жаңырары менен ага байланыштуу түрдүү кептер тарады.
Апта башында кыргыз тилдүү бир гезит Русландын “Республика” партиясына киргендигин жазып чыкты. Мунун чын-төгүнү белгисиз (партиялар рейтингин көтөрүү үчүн катарына белгилүү адамдарды тартуу модага айланбадыбы), бирок биз козгоочу кеп башка...
Бизге балбандын достору Русланды укук коргоо органдарынын кызматкерлери катуу сабап коюшканын, эми кандай айла кылуу керек деп ойлонуп тургандарын кабарлашкан. Алардын айтымында, балбанга балбан достору болушуп, ал эми шаардык прокуратура Финполдун таламын талашкан өңдүү. Натыйжада Руслан ооруканага түшкөн. Руслан тартип бузса бузгандыр, бирок ал мыйзам чегинде каралышы керек. Погондорго таянып күч колдонуу, сабоо – мыйзамсыз иш. Финполдун катардагы кызматкерлери ким да, Руслан ким? Руслан Түмөнбаев – элибиздин сыймыгы, келечекте да кыргыздын туусун желбиретчү спортчу. Токмок жеп ооруканага түшсө, ден соолугу кандай болду экен? Карьерасына залалы тийбейби?” деп бир топ бушайман болдук.
Учурда Русланга байланышуу мүмкүн болбой турат. Балким, дарыланып жүрөт же бул тууралуу ооз ачкысы келбейт чыгар?.. Мүмкүн, кысым болуп жатат? Бизди кызыктырган суроолорго грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Эмил Алыкулов жооп берди: “Русландын саясий партияга кирген-кирбегенин билбейм. Анткени спорттон тышкаркы жашоосун ал өзү билет. Ал эми спорт боюнча айтсам, эмки аптада боло турган КРнын чемпиондугуна катышат”.
Ошентип, бардык суроолорго жоопту 19-20-январда Бишкектеги Спорт Ордосунда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча өлкөбүздүн кезектеги чемпиондугунда алат окшойбуз.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Realist
2011-01-15 14:50:54
Кашкалдактар оздоруу кооп кетти да
0
pyeon hwa
2011-01-16 12:05:51
кунолуулор жооп бериши керек!
0
Kubanychbekkagan
2011-01-16 12:13:29
Enendi gana urayin mentter...kimder eken owolordu maga jiberiwsinchi kaisy rayondun mentteri bilgender bolso kabarlagyla kuban_1988@mail.ru anonimduulukko soz berem
0
erkinbekova
2011-01-16 14:10:16
Кыргыздын атактуу адамдарын баарын эле олтуруп сабап жатышат негизи кыргыз эли бири-бирибизди коро албайбыз ээ.Катуу тийсе кечиргиле.
0
jildiz
2011-01-17 03:13:31
erkinbekova туура айтасын, Бизде ойдо чыгып баратканды,кайра буттан ылдый тартат.
0
dina
2011-01-17 10:07:12
Эми кезек буларга жеттиби? Биз бул кебетебиз менен эч качан оспой калдык окшойт. Окунучтуу....
0
zarinchik
2011-01-17 12:07:01
Кимдин колу барсада дагы,ал адамдарды сопсуз табыш керек..враги могли пойти на такой ужасный поступок...У таких знаменитых людей это очевидно...
0
ora
2011-01-17 16:58:06
Руслан чыда Брат будиш атаманам ментердин жузу жок болот.
0
ora
2011-01-18 02:17:27
нормально
0
ora
2011-01-18 02:19:41
энн жакшы
0
Nuray
2011-01-18 16:28:58
Myisam aldynda baary birdey joopko tartyluu kerek, anan da jurnalist katary: "Финполдун катардагы кызматкерлери ким да, Руслан ким?" dep jasuu professionalduulukka jatpayt!

Kyrgyzdyn MYKTY UULu bolso, myktylygyna salyp myisamdan attabay, teskerisin4e bashkalarga ylgy bolguday, myisam aldynda jashoo kerek!

"Bizde myisam jok, ishtebeyt, A,B" degenden murun oshol ishtebegen myisamdy da syilay anyn cheginde AR BIRIBIZ jashay bashtasak koomdun myisamduu jashoodo jashap jatka
0
Nuray
2011-01-18 16:30:27
jatkany jana onoluunun bashaty oshol bolot tuugandar!
0
Selya
2011-01-19 16:14:30
мына кыргыздар ушундайыбыздан анан онкупой жатабыз да.
0
adamata
2011-01-21 17:22:36
ооба чыга турган адамдарды которбой кайра басабыз эмне колубуздан келбейт которсок болот да
0
Nova
2011-11-01 23:17:12
Туура мыйзам алдында баары бир и мыйзам боюнча жоопко тартылыш керек болчу, а бирок аны сабап атышпайбы!!! Эмне биздин мыйзамда мыйзам бузгандарды сабаш керек деп турабы???
0
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан