БИР БҮРКҮМ. 300 ТОННА БИТУМ ЖОГОЛДУ...

  • Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына “опузалап пара талап кылуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
  • Мектеп жана ЖОЖдордо коопсуздук чараларын күчөтүүгө Билим берүү жана илим министрлиги буйрук чыгарды.
  • 2010-жылкы Ош окуясын уюштуруучулардын бири деп 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон Караматхон Абдуллаева кармалды.
  • Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду камакта кармоо мөөнөтү дагы 2 айга узартылды.
  • Айыл чарба министрлиги: Өлкөдө 3 айда 35 айыл чарба кооперативи түзүлүп, иштей баштады.
  • Бишкек шаарына быйыл
    1 жылдык 1 миллион 700 миң даана гүл отургузулат.
  • 26-апрелде Бишкекте балдары Орусия абактарында отурган энелер митингге чыгып, балдарын мекенине которуу иши жай жүрүп жатканын айтышты.
  • Башкы прокуратура: Ош–Баткен–Раззаков жолун курууда 40 миллион сом жеке кызыкчылыктарга жумшалып кеткен.
  • Данияр Бостонов Жарандык авиация агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • ӨКМ: Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • “Ажылык сапарга барчулар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек”,- деп билдирди муфтият.
  • Депутаттар мектептерде жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүүнү сунушташты.
  • 22-майдан тарта Ош–Красноярск аба каттамы жандандырылары айтылды.
  • Канатбек Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.
  • Замир Юсупов Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
  • Акылбек Жапаров Ташкенттеги иш сапарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүү жүргүздү.
  • Бишкекте баңгизатты жутуп алып түрмөгө киргизүүгө аракет кылган жаран колго түшкөнү кабарланды.
  • “Кыргыз автожол” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине 300 тонна битумдун жоголушу боюнча кылмыш иши козголду.
  • Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу боюнча “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын сунушун колдоду.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан