– Албетте, тарифти көтөрбөй, элге жаман көрүнбөйлү деп мурдатан келе жаткан иштерди уланта берсек деле болмок. Бирок анда энергетика системибиз 10-15 жылдан кийин биротоло талкаланып жок болот. Азыркы тапта энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Ал эми өндүрүлүп жаткан электр кубатынын 1 киловатт-саатынын өздүк баасы 2 сом 38 тыйын. Мага чейинки президенттер да тарифти көтөрүүгө аракет кылышкан. Бирок эл толкуп кетет деп коркуп, систем карызга батып келе берген. Мен келгенден бери кошуналардан кыштын күнү накталай акчага электр энергиясын сатып алган жокмун. Кышта бизге электр кубатын бересиңер, жайында силерге суу агызганда генератор аркылуу агызам дегем. Бүгүнкү күндө сууну генератор аркылуу агызып, андан чыккан электр кубатын карызды жабууга берип жатабыз. Мурда болсо сууну жөн эле бош агызып берчү экенбиз. Анткени генератор аркылуу агызалы десек, жайдын күнү анча көлөмдөгү электр энергиясы эч кимге керек эмес. Тарифтерди 23 тыйынга көтөргөнүбүз эле болбосо баары мурдагыдай калды. Тоолуу райондордо чектөө жок. Жакыр жашаган 112 миң үй-бүлөгө 50 тыйын бойдон калды,- дейт президент.
Лунара Бекиева