– 9-февралдан тарта Кыргыздын балыктарын киргизүүгө чектөө койгон. 9-апрелде ири компаниянын колбасаларын киргизбей коюшту. 21-апрелден тарта сүт азыктарына тыюу салышты. Мындан эки күн мурда Кыргыздын жүгөрү үрөнүнөн ГМО табылды деп жарыялашты. Жакында мөмө-жемиштерге кезек жетет. Экспорттолуп жаткан башка товарларга да ушундай дооматтар коюлбайт деп эч ким кепилдик бере албайт,- деди Токтошев.
Депутат Кыргызстандын тийиштүү органдары Орусиянын Россельхознадзор мекемеси менен тыгыз иштешип, Кытай, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерден альтернативдүү рынок издеши зарыл экенин белгилейт.
Эмил Токтошев президенттин алдында атайын 2 агенттик түзүүнү сунуштады. Биринчиси ата мекендик товарлардын сапатын жана азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөп, экинчиси сыртка товар экспорттогондордун кызыкчылыгын коргоо менен алектениши керек деген пикирде.
Орусиянын чектөөлөрү ишкерлерди тынчсыздандырууда. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ишкерлердин укугун коргоо боюнча Башкы прокуратуранын алдындагы кеңештин жыйынында кыргыз экономикасы кыйын кырдаалга кабылганын билдирди.
– Биздин өлкөнүн бизнеси айрым товарларга киргизилген чектөөлөрдүн айынан ири кыйынчылыктарга кабылууда. Бизнеске жок дегенде тоскоол болбоо жетиштүү. Мамлекет жардам бере албаса, анда мыйзамдардын так сакталышы маанилүү,- деди Сыдыков.
Лунара Бекиева