ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫК – ШАЙЛООДО ДОБУШ САТЫП АЛУУГА КЫЗМАТ КЫЛАБЫ?

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө окуу өттү. Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүгү, Округдук шайлоо комиссиясынын ишинин принциптери жана ыйгарым укуктары, БШКнын жумушчу топтору менен чогуу аракеттенүү тартиби, үгүт иштери, шайлоо жыйынтыгын жарыялоо сыяктуу темаларда түшүндүрүү иши жүргүзүлгөнүн БШК маалымдады. 6-майга чейин 51 аймактык шайлоо комиссиясынын 708 мүчөсү окуудан өтмөкчү.

Буга чейин БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова шайлоодо мыйзам бузууларга жол бербеш үчүн шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдары тыгыз иштешүүсү керектигин айткан. Электрондук капчык – добуш сатып алуунун жаңы формасы болуп калбашы көзөмөлдөнүүгө тийиш дейт БШК.

– Комиссиянын атайын тобу банктар менен макулдашып алып шайлоо мезгилинде терминалдар аркылуу бир типтүү төлөмдөргө байкоо салат,- деп билдирген комиссия.

Аталган округ боюнча депутаттыкка талапкер болчулардын документтерин кабыл алуу 27-апрелде аяктады. Алардын саны 38ге жетти. Шайлоо 28-майда өтүп, жыйынтыгы 11-июнга чейин жарыяланууга тийиш.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан