– Бир айылдагы эки мектептин жетишкендиктери эки башкача болушу мүмкүн. Мисалы, бир мектепте ЖРТнын көрсөткүчү жогору, экинчиникиси төмөн. Мамлекет бардык мектептерге бирдей шарт түзүп берет, бирдей акча, китеп, маяна бөлөт. Бирок мектептердин иш жыйынтыгы ар башкача. Билим берүүдөгү лидер – директорлор. Күчтүү директор мыкты жамаат түптөп, жаңы технологияларды жана интернет ресурстарын колдонуп, жаңы көз караш менен иштеши керек,- деди министр.
Лунара Бекиева