Байэл Момунов, ырчы: “АТАМ, ИНИМ ҮЧӨӨБҮЗ ТРИО ЖАЗДЫРАЛЫ ДЕП ТУРАБЫЗ”

Бул жолку апта каарманыбыз белгилүү ырчылар Байыш Момунов менен Клара Алибекованын уулу Байэл. Бир кездеги кичинекей бала минтип зыңкыйган жигит болуп өзгөрдү, ырчылык аркылуу шоу-бизнести багынтам деп турган учуру. Буга чейин өзүн моделдиктен да сынап көргөнүн билебиз.

“ТАЯТАМДЫ ЧАЛКАСЫНАН ТҮШҮРҮП...”

– Таята-таенемдин колунда чоңойдум. Кичинемде шок элем, ошол кездеги кылыктарымды айылдагылар азыр деле айтып калышат. Антпе, минтпе деп урушкандары кулагыма деле кирчү эмес. Кайра эле өз билгенимди кылам. Бир жолу таятам ылдый жакта унаасынын дөңгөлөгүн чыгарып коюп, аны оңдоп жаткан. Мен билгизбей дөңгөлөктү дөңдүн үстүнө тоголотуп чыктым. Анан “таята, кармаңыз!” деп кыйкырып дөңгөлөктү тоголотуп ийдим. Ал түптүз барып таятама тийип, ал чалкасынан түштү. Мен каткырган боюнча качып кеттим. Ушундай кызыктуу окуялар көп. Чоңоё түшкөнүмдө апам шаарга алып кетип, өзү бакты.

“ЧОҢ ЭНЕМ АТА-ЭНЕҢДИ КҮНӨӨЛӨБӨ ДЕЧҮ”

– Чоң энем Ибадаткан Кара-Суу районунда жашачу. Атам кичинебизде Султан (аталаш иним) экөөбүздү каникулда аныкына алып барып таштачу. Чоң энем Кара-Суунун кооз жерлерине, сейил бактарга алып барып ойнотуп келет. “Сен апаңдын жалгыз баласысың, анын тилин ал, кийин жакшы бак. Атаң, апаң атактуу адамдар, аларды сөзгө калтырбай жакшы адам бол. Аларды туура түшүн, күнөөлөбө, жаңылбаган адам жок. Башкысы алар, биз да сени жакшы көрөбүз” деп акыл-насаатын көп айтчу. Үйгө кетерибизде бооруна улам-улам кысып, бешенемден жыттап-жыттап алчу. Таенем менен чоң энемдин көзү өтүп кетти. Алар дагы да жашап, менин тоюмда төрдө отурушса болмок...

“ДИНАРА АПАМ БИЗГЕ МОТИВАЦИЯ БЕРЕТ”

– Биз 6 бир тууганбыз. Эң улуубуз Аксаамай, мен, менден кийин Султан, анан 3 кыз. Султан менен абдан жакынмын. Экөөбүз жолукканда сөзүбүз түгөнбөйт. Ал азыр 7-класста окуйт. Бир топ күн көрүшпөй калсак чалып “сизди сагындым, качан келесиз?” деп турат. Султан да жакшы ырдайт. Атам, Султан мен үчөөбүз трио жаздыралы деген пландарыбыз бар. Апаларыбыз башка болгону менен, атабыз, каныбыз бир. Барып калсам карындаштарым “акебиз келди” деп сүйүнүп шынаарлап калышат. Динара апам (атамдын азыркы жубайы) жаркылдап тосуп алып, чайын, тамагын берип, жакшы сөздөрдү айтып, бизге мотивация берип турат.

“АТАМ, ИНИМ БОЛУП КЭЭДЕ ШОПИНГ ЖАСАЙБЫЗ”

– Атам мени дайыма моралдык, каржылык жактан колдоп келет. “Байэл, үйдө эркектерден менден кийин эле сенсиң. Андыктан бир туугандарыңа баш-көз болушуң керек. Бир туугандар ынтымактуу болгула. Эмне маселең болсо да жашырбай айт, сенден эч нерсени аябайм” деп турат. Мени жакшы көрөт. Кээде Султан, атам үчөөбүз шопинг кылып калабыз. Чогуу чай ичкенде тамашалашып, пландар боюнча ой бөлүшөбүз.

“ФУТБОЛДУ ТАШТАП КОЙДУМ”

– Мектепте окуп жүргөнүмдө майрамдык иш-чараларда ырдап жүрдүм. Кыңылдап эле басып жүрчүмүн. Апам болсо “ырдаба, ырчы болбо. Ырчылыктын жолу катаал, жашоосу татаал. Менин, атаңдын ырчы болгону жетишет” деп урушчу. Ага карабай ырдаганды таштаган жокмун. 4-9-класска чейин футболго кызыгып, ойноп жүрдүм. Абдан жакшы ойночумун. Анан ырчылыкка берилип кетип, футболду таштап койдум.

“АТАМ ЭКӨӨБҮЗ ЫРДАГАНДАН КИЙИН ЭЛГЕ КӨБҮРӨӨК ТААНЫЛДЫМ”

– Сыймык бөлөм былтыр үйлөнүп, той берди. Атама “Сыймыкка сюрприз кылып чогуу ырдап бербейлиби?” деп сунуш киргизсем, “абдан жакшы болот” деди. Ошентип тойдо экөөбүз “Анын мерседеси барды” ырдадык. Мен толкунданып, микрофонду кармаган колум титиреп жатып ырдадым. Эл абдан жакшы кабыл алып, тура калып кол чабышты. Бул мага дем берип, көңүлүмдү көтөрдү. Ошондон кийин атам экөөбүздү ырдап бергиле деп тойлорго чакыра башташты. Ушундан улам мени эл кеңири таанып калды. Бирок ага чейин деле апам менен тойлорго барып, анын “Кыргызымдын жигиттери” деген ырын ырдап жүргөн элем. Эл жакшы кабыл алып, чөнтөгүмө акча салып, бата берип узатышчу. Динара Акулованын “үнүң, аракетиң жакшы. Өсө турган баласың, чыгармачылыгыңды өркүндөт” дегени мага жагымдуу болгон.

АПАМ

– Апам – элдин адамы. Сахнада, тойдо ырдап жатканда жадырап ачылып кетет. Үйдө болсо бир мүнөз менен эле жүрөт. Кээде айтканын айткандай жасатат. Ушунусу “чуть-чуть” жакпай кетет да (күлүп). Кичинемде ооруганда тамак ичпей калсам “бир кашык эле жеп койчу” деп жалдырачу. Уктабай артына көтөрүп жүрчү. Эркелигиме, чыргоолугума, тентектигиме, кыскасы, баарына чыдады. Апамды төбөмө көтөрүп баксам да аздык кылат.

“БАЛДАР МЕНЕН КАФЕЛЕБЕЙМ”

– Апам ырчы болуш кыйын дей бергенден компьютердик курста окудум. Аскар Думанаев агайдын моделдик агенттигинде бир нече ай иштеп, клиптерге тартылып, подиумга чыгып, жарнамаларга тартылдым. Эл мени аздыр-көптүр модель катары да таанып калды. Алдыда пландарым өтө көп: IT кесибин тереңирээк окуу, моделдикти улантуу, чет элге барып иштеп келип бизнес ачуу... Учурда иштеп жатам. Сүйлөшкөн кызым жок. Инстаграмдан таанышып албайлыбы деп сунуш кылган кыздар көп. Бирок пландарымды ишке ашырмайынча кыздар күтө турат. Бош кезде китеп окуйм. Балдар менен бар, кафелеп жүрүү мен үчүн эмес.

“ШУСТРЫЙ” ДА БОЛУП КОЁ АЛАМ”

– Ак көңүл, колунда барын аябаган, ишенчээк жанмын. Бирок керектүү жерде “шустрый” же “серьёзный” болуп коё алам. Абдан жиним келгенде бакырып-өкүрбөйм, эшикке чыгып өзүмө-өзүм “Байэл, сабыр кыл, сабыр” деп ачуумду басып, анан кирем.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Paprikafm
2023-05-01 15:05:00
Молодец Байэл мыкты жигит болупсун, апанды жакшы карап ишеничин акта, максаттарына жет.
0
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан