Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаты: «ДЕПУТАТ БОЛОРУМ ТҮШҮМӨ ДА КИРГЕН ЭМЕС»

Винера Раимбачаева саясатта жаңы адам десек болот. Ал учурда эки тизгин, бир чылбырды колго алып, парламенттин Социалдык саясат комитетинин төрайымынын да милдетин аткарууда. “Аялдардын квотасы менен депутат болуп келем деген ой түшүмө да кирчү эмес, баары Кудайдын буйругунан экен” дейт ал.

– Саламатсызбы, Винера айым? Сиз тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жокко эсе экен. Мындан улам депутаттыкка чейин кайсы жерлерде иштегенсиз деген суроону узаткым келип турат?

– Саламатчылык. Туура баамдадыңыз, мен саясаттан өтө алыс адам элем. Саясатка барам, коомчулук менен тыгыз байланышта болом деген ой түшүмө да кирген эмес. 30 жылга чукул Сокулук районундагы аймактык ооруканада акушер-гинеколог болуп иштедим. Жолдошум экөөбүз медициналык окуу жайды бүткөн соң үйлөнүп, жаш кадрлар керек дешкенде Сокулук районунда иштеп, жашап калганбыз. Жолдошум белгилүү хирург болчу, мындан 17 жыл мурун каза болуп калган. Бирок эмгеги азыркыга чейин элдин эсинде, көптөргө жардамы тийген адам. Саясатка барам деп аракет кылбаганым менен, “медицина тармагындагы алешемдиктерди качан түзөйбүз?”, “заманбап техника жабдыктарын сатып алып өзүбүз деле бейтаптарга операция жасасак болмок” деген ойлор мени дайыма түйшөлтчү. Саясат – бул максаттарга жетүүнүн бир тепкичи да. Кудай буюрган экен, депутаттык мандат алдым. “Ыйман нуру” партиясынан депутат болуп келгеним боюнча... Инилерим “Аманат” деген партия түзүшкөн. Мен алардын сунушу менен партияга негиздөөчү катары киргем. Анан инилерим шайлоого “Ыйман нуру” менен чогуу баруу тууралуу меморандум түзүшкөн. Иним башында “эже, барып көрүңүз, балким, аялдарга бөлүнгөн 30 пайыздык квота менен өтүп кетишиңиз мүмкүн” деген. Чынын айтайын, башында депутат болорума ишенген эмесмин. Үгүт иштеринде эл кыдырып өзүбүздүн программабызды тааныштырып жүрдүк. Шайлоодон кийин фракциядагы кесиптешим Динара Ашимова экөөбүзгө атайын аялдарга бөлүнгөн квота менен мандат берилди.

– Аялдарга бөлүнгөн квота болбосо азыр парламентте жалаң мырзалар отурмак экен...

– Биздин коомдун аң-сезиминде “аялдар эркектерден бир аз ылдыйраак турушу керек” деген түшүнүк калыптанып калган да. Менталитетибизде деле эркекке сый, көтөрмөлөө бар. Мунун баары, албетте, шайлоодо да таасирин тийгизет. Анан мырзалардын каржылык жактан мүмкүнчүлүгү көбүрөөк дегендей. Бирок бизде деле күчтүү саясатчы айымдар бар. Кудайга шүгүр, 6-чакырылыштын депутаттарына ыраазыбыз, аялдарга атайын 30 пайыздык квота бөлүү тууралуу мыйзамды кабыл алышкан экен, минтип аялдар да саясатка келип жатабыз. Аялдар саясатка эмне үчүн керек? Анткени алар эне катары көйгөйдү сезе билишет, жоопкерчиликтүү.

– Медицина тармагында көп жыл иштеген адам катары айтсаңыз, учурда чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн элден акча чогулткан жарандарыбыз өтө көп. Аларга Кыргызстандан операция жасап, дарылачу деңгээлге качан жетебиз?

– Бизде медицина тармагын каржылоо жетишсиз. Ошол эле Индия, Түркия, Израиль, Германия, Орусия колдонгон заманбап медициналык жабдыктарды сатып алууга миллиондогон каражаттар талап кылынат. Өзгөчө азыр бизде боор циррозу, бөйрөк, баш мээнин сөөгүн алмаштыруу, онкологиялык ооруларды дарылоодо медициналык техникалар талапка жооп бербейт. Ошон үчүн да көпчүлүк бейтаптар чет өлкөгө чыгышууда. Мага бүгүн эле жарандар кайрылышты, бизде көзүнө өз убагында операция жасалбай сокур болуп калган бейтаптар көп экен. 83 миңден ашык бейтап көзүнүн азиздиги боюнча майыптык алып жатышыптыр. Бизде кадимки эле офтальмологиялык жабдыктар жок. Эгер жабдык болсо биздин адистер адамды майыптыкка жеткирбей дарылай алышмак. Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жыл сайын чет өлкөгө окутуп туруу зарыл. Анткени медицина күн сайын өнүгүп, дарылоонун жаңы ыкмалары пайда болуп турат. Дарыгерлер өмүр бою окуп, изденген адамдар, 5 жыл окуп коюп өмүр бою иштей албайсың ал тармакта. Азыр шүгүр, медицина кызматкерлеринин айлыгы бир аз көтөрүлдү, мен иштеген убакта 1 ставка менен иштеп, 5-6 нөөмөткө турууну кошкондо айына 12 000 сом алчумун. Бейтаптарыбызды чет өлкөгө жибербей өзүбүздө дарылаган деңгээлге да акырындан келебиз деген ойдомун.

– Саясаттагы жаңы адам катары айтсаңыз, парламентке алгачкы келгендеги сезимдер кандай болду?

– Албетте, башында сүрдөйсүң, микрофонго сүйлөй албай кыйналасың. Мен негизи эле коомчулукка ачык адам эмесмин. Чакан жамаатта иштеп жүрүп, чоң жамаатка кошулганда сөзсүз толкундануу болот. Ар бир айткан сөзүң электен өтүп, баскан-турганың көпчүлүктүн көз алдында. Мен азыр Сокулуктун ооруканасында чогуу иштеген жамаатымды аябай сагынам. Акушерлер адамдардын сүйүнүчүнө ортоктош болушуп, элден көп ыраазычылык угушат эмеспи. Албетте, жаңы жамаатка деле акырындан көндүм. Бул жакта элдин орчундуу көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк бар.

– Учурда парламентте Социалдык саясат комитетинин төрайымысыз. Жоопкерчилик көбүрөөк, оор эмеспи?

– Бизге, “Ыйман нуру” фракциясына квота катары ушул комитет тийген. Башында кесиптешим Динара Ашимова төрайым болчу, кийин анын башка жумуштары чыгып, мени комитет жетекчиси кылып шайлашты. Эки милдетти чогуу алып кетүү оор эмес. Албетте, өз түйшүктөрү бар дечи, бирок жагымдуу түйшүк десем болот.

– Парламентке келгенден бери кандай демилге көтөрдүңүз, ал ишке аштыбы?

– Комитетте көп эле мыйзам долбоорлорун талкуулайбыз. Учурда ваучердик билим берүү системин киргизели деп турабыз. Мамлекет окуучуга акча бөлүп, ал каражат окуучу кайсы мектепте окубасын аны менен кошо жүрүшү керек деген идеянын үстүнөн иштеп жатабыз. Бул мыйзам долбоорунун айрым пункттарын адистер менен толук кандуу иштеп чыгуу зарыл. Мыйзам кабыл алынса окуучуларыбызга, алардын ата-энесине жакшы болот.

– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак. Канча уул-кызыңыз бар, ким болуп иштешет?

– 4 балам бар, 3 кыз, 1 уул. Улуу кызым турмушка чыгып, андан эки неберелүү болгом. Экинчи кызым ЖОЖду бүтүп, учурда мугалим болуп иштейт. Үчүнчү кызым окуу жайды жаңы бүттү. Эң кичүүсү – уулум 10-класста окуйт. Эч кимиси медицина тармагын тандаган жок, анткени атасы экөөбүздү көрүштү да, күнү-түнү ооруканада нөөмөттө турган учурлар болот. Кээде зарыл болсо түнү деле жумушка барыш керек. Айтор, башка жолду тандашты. Саясатка деле кызыгышпайт.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан