“Кайрос” тобу: “ОРУСИЯДАГЫ МУЗЫКАНТТАР БИЗГЕ ТАҢ КАЛЫШТЫ”

“Кайрос” тобу Орусиянын СТС каналы уюштуруп жаткан “Каверлер таймашы” музыкалык телешоусуна катышып, көпчүлүктү таң калтырып келди. Биринчи таймашта өздөрүн татыктуу көрсөтүп, жеңишке жетишти. Алдыда финал күтүп турат, баш байге үчүн ат салышат. Топтун тарыхы, ийгилиги тууралуу Камбар Календаров менен Данияр Нургазиев айтып берди. Экөө тең аталган топтун мүчөсү.

– Данияр, Камбар, кандайсыздар? Алгач топ жөнүндө айтып бербейлиби окурмандарга.

Камбар: – Жакшы болот. Топ 2009-жылы түзүлгөн. Актан Исабаев агабыз чоң команда түзөм деп шаардагы студиялардан музыканттарды чогулткан. Жандуу музыка модага кирген учур болчу. Ошентип топ түзүлүп, Актан байке менен иштешип калдык. Данияр экөөбүз ошондон бери топто иштеп келатабыз. "Кайрос" деген сөз байыркы грек мифологиясында бактылуу учурдун, ийгиликтин Кудайы дегенди билдирет экен.

– СТС телеканалындагы “Каверлер таймашына” катышып, биринчи сынактан жеңишке жетиштиңиздер, куттуктайбыз!

Данияр: – Рахмат. Бул долбоорго бизди өздөрү чакырышты, кеңешип көрүп катышалы деп чечтик. Барганда музыканттардын шаарына түшүп калгандай болдук. Бир топ тажрыйба топтодук. Музыканттардан тышкары тартуу тобунан, режиссёрлордон, хореографтардан көп нерсе үйрөндүк. Эртең менен 9дан түнкү 12ге чейин даярданып жаттык. 12де ал жактан чыгып алып студия издеп, репетиция кылмай... Патриоттук сезим ойгонот экен. Өзүбүздү татыктуу көрсөтөлү деп аракет кылдык.

– Канча убакыт даярдандыңыздар?

Камбар: – Былтыр июндан баштап Бишкектен иштеп, чыгармаларды аларга жөнөтүп турдук. 40ка жакын материал жөнөттүк. Ушул жылдын февраль айында тартылуу үчүн барып, жарым айдай жүрдүк. Эфир тартылганга чейин дагы көрүүчүлөрдү чогултуп, аткарылчу номерлерди эл кандай кабыл аларын, камералар кайдан тартарын, бийчилер кандай бийлээрин, бүт баарын алдын ала көрүшөт экен. 2 күн репетиция болду. Кээ бир элге жакпай турган номерлерди алып салышты. Айтор, чоң долбоор болду, өз ишин мыкты билген адистер иштешти. Бул долбоордо иштөө бизге жакшы эмоцияларды, чыгармачылык эргүүнү, жаңы таанышууларды, чоң тажрыйба берди.

– Танир жана Темчанын “Потеряли пацана” ырын Жеймс Браундун стилинде аткарып, калыстарга да сонун таасир калтырдыңыздар...

Данияр: – Ооба, ал бачым даярдалган номер, экспромт болуп кетти. Эртең же бүрсүгүнү чыгабыз дегенде түнү менен ошол номердин үстүндө иштедик.

– Өзүңүздөргө да эң жакканы ошол номериңиздер болдубу?

Камбар: – Бизде көрсөтпөй калган кызыктуу номерлер көп. Кандайдыр бир эрежелерден улам өтпөй калгандары да көп болду.

– Утабыз деген ой бар беле?

Данияр: – Утабыз деген ой жок болчу. Негизги биздин максат – өзүбүздү татыктуу көрсөтүү, тажрыйба алуу болчу. Мындай долбоорлорду теледен эле көрөбүз да, эфир сыртындагы процесс кызык. Добуш берүүдө эл бизди тандап таң калтырды. Далдырап эле туруп калдым мен.

Камбар: – Көп музыканттар куттуктап, колдоп жатышты. “Азаматсыңар, каяктан окудуңар эле? Кыргызстанда ушундай күчтүү мектеп барбы?” деп таң калышты.

– Финалга даярдыктар кандай, чечүүчү таймаш качан болот?

Камбар: – Даярданып жатабыз. Анда да өзүбүздү татыктуу көрсөтүп келебиз деген ойдобуз. Качан болорун айтыша элек.

– Буга чейин ушул сыяктуу сынактарга катыштыңыздар беле?

Камбар: – Биринчи жолу катышып жатабыз. Мындай долбоорлор аябай кымбат түшөт экен. Чыгашаларыбыздын баарын уюштуруучулар жапты. 30-40 команда келди. Кээ бир командаларда 10-15 киши бар экен. Баарына аспап даярдап бериш керек, даярданганга студиялар керек.

– 500 миң рубль уттуңуздар, сыр болбосо эмнеге жумшадыңыздар?

Камбар: – Дээрлик жарымын салыкка кармап калышты. Калганын чыгармачылыкка жумшадык.

– Күйөрмандар көбөйсө керек?

Камбар: – Ооба, Инстаграм баракчабызга көп киши катталды. Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга чакыруулар көп болуп жатат.

– Жакшы сунуш түшсө башка өлкөгө кетип калбайсыздарбы?

– Андай оюбуз жок. Бишкекте долбоорлорубуз бар да. Алардын үстүнөн иштеген кызык болуп жатат бизге. “Кайростон” тышкары дагы бир долбоор бар. “Мурас” фольклордук ансамбли менен чогуу кыргызча музыка, күүлөрдү жаңы стилде ойноп эксперимент кылып жаткан биздин “Үркөр” деген тобубуз бар. Былтыр концертибиз болгон. Кыргызча ырдаган топтор аз. Ушул жерден кичине болсо да кыргыз музыкасына салым кошсокпу деген чоң каалообуз бар.

Ийгилик сиздерге, финалда баш байге аласыздар деп ишенебиз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан