Гүлзат Абакирова, 42 жашта: “КҮЙӨӨМ МҮЛКТҮ БӨЛҮШПӨӨ ҮЧҮН НИКЕ КҮБӨЛҮГҮБҮЗДҮ ЖАСАЛМА ДЕП ЖАТАТ”

Каарманыбыз Гүлзат Абакирова 19 жыл чогуу жашаган күйөөсү экинчи аял алып, бир үйдө чогуу жашайбыз деп талап койгондо ажырашканын айтат. “Кызыгы, 19 жыл чогуу жашаганыбызды танып, сотто “нике күбөлүгү жасалма болчу” деп чыкты. Чогуу иштеп тапкан мүлктөрүбүздүн баарын жакындарына каттатып салды”,- дейт ал.

“ЭКИНЧИ АЯЛЫН ЭЭРЧИТИП КЕЛИП, БИР ҮЙДӨ ЧОГУУ ЖАШАЙБЫЗ ДЕДИ”

– Аты-жөнүм Гүлзат Абакирова, 42 жаштамын. Жолдошум Нуржанбек Үсөнов экөөбүз 2000-жылы баш кошконбуз. Ал мени ала качып үйлөнгөн. 2001-жылы кыздуу болуп, ошондон кийин нике күбөлүгүн алганбыз. Ортодо 3 балабыз бар, 2 кыз, 1 уул. Балдарыбыз учурда 22, 18, 12 жашта. Алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө атасы Нуржанбек Үсөнов деп жазылып турат. Жолдошумдун бир кемчилиги – мени алдап, оңго-солго көп басты. Кыз-келинге жакын эле, ойноштору көп болчу. Бирок балдар үчүн жашайсың да, чыдабай каяка барасың? Күйөөм экөөбүз чогуу көп чет өлкөлөрдү кыдырып эс алдык. 2019-жылга чейин жакшы эле жашадык. 2017-жылы күйөөм экинчи аял алып, андан балалуу болуп калыптыр. Мен аны кийин билип жатпаймынбы. Бир күнү үйгө экинчи аялын, энесин, бир туугандарын ээрчитип келип “экөөңөр менен чогуу бир үйдө жашайм” деп шарт койду. Мен макул болгон жокмун, ажырашам дедим. Кайсы аял бир үйдө күндөшү менен жашагысы келет? Ошентип күндө ызы-чуу, күйөөм “кааласаң чогуу жаша, каалабасаң үйдөн балдар менен чыгып кет” дей баштады. Балдарыма да психикалык жактан оор болду, анткени тынчтык жок. Тажаганда Новопокровкадагы баламдын атына катталган үйгө көчүп кетип калдык. Стресс болдум, 2019-жылы “алаксыйын, өзүмө келейин” деп Москвага кетип калгам. Мен кеткенден бир ай өтпөй күйөөм экинчи аялы менен расмий никеге туруп алыптыр. 2022-жылы келип ажырашууга, мүлктү бөлүштүрүү үчүн арыз жазсам, Калкты тейлөө борборунан анын экинчи никеси чыгып жатат.

“МЕНИ ТАРТЫП АЛАТ ДЕП БИЗНЕСТЕРИН ЖАКЫНДАРЫНА КАТТАТЫП САЛДЫ”

– Мен сотко бергенден кийин күйөөм ун чыгарган тегирмен комбинатын шашылыш түрдө жакындарына каттатып салыптыр. Өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн, “нике күбөлүктү жасаткан” деп мени сотко берди. Чынында экинчи аялын ээрчитип келгенде “ажырашам, жашабайм” деп чыккам. Ошондо колумдагы нике күбөлүктү жулуп алган эле. Ошондон бери нике күбөлүгүбүздүн түп нускасы менде жок. Калкты тейлөө борборунан текшерткенде биздин нике күбөлүгүбүздүн номери чыгып жатат. Өзүнүн кылмышын жашыра албай, кайра мени кылды деп бет тырмарлык кылып жатпайбы. Биздин нике күбөлүгүбүздү жасалма деп жокко чыгарса, балдарымдын документтери да жокко чыкканы жатпайбы. Күйөөм баарыбыздан бир кутулгусу келип жатат окшойт. Жасалма нике күбөлүк боюнча иш алып барган тергөөчү “8 жылга камалып кетесиз, эже” деп мени ачык эле коркутуп, үркүттү. Күйөөмдүн жактоочусу да “жакында аңга түшөсүз, сиз камалып кетсеңиз жаш жактоочуларыңыз эч нере кыла албайт” деп сүйлөндү. Мейли, күйөөм айткандай нике күбөлүгүбүз жасалма болсо, анда эмнеге сот иши башталганда коркуп кетип тегирменди жакындарына каттатты? Эмнеге 5 жыл балдарга алимент төлөп жүрдү?

“ЧОГУУ ТАПКАН МҮЛКҮБҮЗГӨ ӨЗҮ ЭЭ БОЛУП АЛГАНЫ ЫЗАЛАНТАТ”

– Биз жаңы үйлөнгөндө күйөөмдүн эски Жигулиси бар эле, ошону менен таксиде иштечү. Ал кезде мен студентмин, азык-түлүк жок, кечинде булочка, граммдап колбаса сатып келип жеп жатып алар элек. 2001-жылдан тартып үйүбүзгө кампа ачып тегирмен иштетип, ун сатып баштаганбыз. Күйөөм унду мүшөктөп нан жапкан цехтерге таратчу. Жүк ташуучу, айдоочулар, баары биздин үйдө жашачу. Тамак-ашын, кир-когун жууйм. Анысы аз келгенсип кайындарымдын баары биз менен чогуу жашайт, өзүмдүн 3 балам бар. Күйөөм бутка туруп алсын, жашообузду тыңдап алалы деп тытынып иштеп жүрдүм. Күйөөм менен Түркияга барып тегирмен да сатып келгенбиз. Тегирмендин курулушу башталганда усталарды бактым. Ошолорго кызмат кылам деп 20 жылдык өмүрүм кетти. Бизнеси менин көз алдымда бутка турду, байлыкка кыйынчылык менен жеттик. Эмнеге анын баарына күйөөм ээ болуп калышы керек? Азыр сотто “сен эч ким эмессиң” деп жатпайбы. Чогуу тапкан мүлкүбүзгө ээ болуп, “сен кимсиң?” дегени ызалантат. Мен аны менен бизнести чогуу тургузган адаммын. Жолдошум айтылуу Икрамжан Илмияновдун эң жакын досу, бардык ишти аны менен кеңешип жасайт. Артында таянычы жок болсо, мынчалык көпмөк эмес. Байлык деген адамды өзгөртөт тура. Мен адилеттикти, калыстыкты талап кылам соттордон, азыр мени соттотуп, балдарымдын документтерин жокко чыгаруу аракетин көрүшүүдө. Коомчулук мындай акыйкатсыздык болуп жатканын билиши керек деп ойлойм. Ишкер күйөөм акчасына, абройлуу досторуна таянып, кааласа аял алып, кааласа нике күбөлүк жасатып, кааласа танып, кааласа мүлк бөлүшпөй өз билгенин кылып жүрө береби?

Мирлан Калматов, Нуржанбек Үсөновдун жактоочусу: “НИКЕ КҮБӨЛҮГҮ ЖОК, ЖАРАНДЫК НИКЕДЕ ЖАШАШКАН”

– Кардарым Нуржанбек Үсөнов менен Гүлзат айым жарандык никеде жашап жүрүп 3 балалуу болушкан. Ортодо эч кандай нике күбөлүгү болгон эмес. Муну Гүлзат айым өзү сотто айткан, далилдер бар. “Биринчи баламды төрөп үйдө отурганда нике күбөлүктү жолдошум алып келип берген” деп жатат. Мыйзам боюнча нике күбөлүк эки адамдын – күйөө-аялдын катышуусунда гана берилет, туурабы? Доогер өзү барбаса, кантип үйүнө күйөөсү нике күбөлүгүн алып келмек эле. Соттук отурумдарда айткан сөздөрү бири-бирине дал келбей жатат. “2015-жылдан бери жашабай калганбыз” деп бир айтат, кайра “2019-жылдан тарта ажырашканбыз” дейт. Бул жерде көп табышмактуу жагдайлар бар. Кардарым “соттошуп, мүлк талашпай эле алдын ала келип “кел, мүлктү бөлүштүрөлү” десе жашоосун камсыздап бермекмин” деп жатат. Ортодо Гүлзат айымды бузган бузукулар болуп жатса керек. Кардарым Гүлзат Абакировага үй, автоунаа алып берген, бойго жеткен балдары бар, алардын окуусунун келишим акысын азыркыга чейин төлөйт. Эч качан балдарын багып, камсыздоодон баш тарткан эмес, азыркыга чейин материалдык жактан камсыздап жатат. Минтип окуяны коомчулукка чыгарып, ызы-чуу кылуунун артында эмне максаты бар, түшүнбөй турабыз.

Свердлов райондук сотуна Гүлзат Абакированын иши боюнча сурап кайрылганыбызда, аталган жарандык иш боюнча сот отуруму 28-апрелге белгиленгенин кабарлады. Сот адилеттүү өкүм чыгарат деген үмүттөбүз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Баткен
2023-05-02 03:34:00
Ал жылдары нике күбөлүгүн ошентип эле алып жүрүшкөн. Аялы үйдө бала менен отурганда, күйөөсү өзү эле алып келген. Азыр эми эле жубайлар экөөсү тең ЗАГС бөлүмүнө барып ала турган болуп калды. Күйөөсүнүн жактоочусу да ал мезгилди жакшы билбеген, жаш бала окшойт.
0
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан