БОЙДОКЧУЛУКТАН ТАЖАБАГАН ЖЕРАРД БАТЛЕР

“300 спарталык” тасмасындагы Леониддин ролу менен дүйнөгө таанылган. Андан кийин президенттерди оттон-суудан өлтүрбөй сууруп чыккан жан сакчынын образын да жаратты. Бир туруп романтик каарман боло калат. Айтор, Жерард Батлердин кино дүйнөсүнө келүүсү кызык. Жашы 50дөн ашып калган актёр нике шакегин тагынуудан да качып келет. Жашоосу көпчүлүк адамдардай эле ак-кара сызыктар менен коштолгон каарманыбыз тууралуу кенен маалымат окуп алыңыз.

Туулган жери: Шотландия, Пейсли

Туулган жылы: 1969-жыл, 13-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 185 сантиметр

Кесиби: юрист, актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “P.S. Мен сени сүйөм”,
“300 спарталык”, “Олимптин кулашы”, “Египеттин Кудайлары”, “Жакшы, жаман коп”, “Геошторм”, “Кыйроо” жана башка

ШОТЛАНДИЯ–КАНАДА–ШОТЛАНДИЯ

Шотландиянын Пейсли шаарында жашаган Эдвард Батлер букмекердик кызматты аркалачу. Жумушу жүрүшпөй жатканда жубайы Маргарет Хантон менен 2 уул, 1 кызын алып Канадага көчүп келген. Бирок ал жакта да иши жүрүшпөй койду. Анын айынан үйдө да уруш-талаш көбөйдү. Эдвард жумушта жолу болбой жатканына аялын, балдарын күнөөлөгөн, эгер ал колу-жону бош, эркин адам болгондо көп бийиктиктерди багынтмак экен. Анда эмесе каалаган жагыңа кете бер деген Маргарет ажырашууга арыз жазып, 3 баласын жетелеп алып кайра Шотландияга келе берген. Ата-энеси ажырашканда үй-бүлөнүн кичүүсү Жерард 1,5 жашта гана болчу. Анын эс тарткандан кийинки тарбиясы өгөй атасынын көзөмөлүндө өттү.

“АКТЁРЛУК – КЕСИП ЭМЕС, ЭРКЕЛИК”

Жерард спортко жакын өстү. Күрөштүн түрлөрү, карате менен машыкканы болочоктогу актёрлук кесибинде жардам бергенине экрандан күбө болуп келебиз. Алардын үйүнүн жанында кинотеатр бар эле, жаңы кино келсе эле апасы экөө ээрчишип жөнөп калышчу. Мындан улам баланын киного, театрга, актёрлукка болгон кызыгуусу ойгонуп, 12 жашка чыкканда Жаштар театрына кирип алган. Спектаклде ойногон жагат эле. Бирок келечегин дал ушул тармакта элестете алчу эмес. Анткени апасы актёрлукту олуттуу кесип деп эсептечү эмес, андыктан баласынын кызыгуусун эркелик деп гана кабыл алды. Апасынын көңүлүн кыйбай мектепти аяктагандан кийин Глазго университетинин алдындагы колледжде юридикалык багытта билим алды. Алдынкы студент болгондуктан колледждин президенти кылып шайлашкан. Окуп жүргөндө эле адвокаттардын жардамчысы болуп иштеп тажрыйба топтоп баштаган. Бирок актёрлукка болгон кызыгуусу өчкөн жок. Юристтин диплому колго тийгенден кийин “а балким...” деген жигит Лос-Анжелес шаарына багыт алат. Көрүнгөн кастингдерге барып жүрүп жарым жылдан кийин гана эпизоддук кичинекей роль алган. Кинодон көңүлү калып, белгилүү юридикалык компанияга орношот. Бирок атасы тууралуу кабар аны бул кесип менен коштошууга алып келди...

ИЧКИЛИК МЕНЕН “ДОСТОШУП”...

Атам шайыр, энергияга бай, келишимдүү адам. Анын кемчилиги – жашоосуна жоопкерчилик албаганы” деген Жерард атасы менен мамилесин 16 жашында калыбына келтирген. Лос-Анжелесте иштеп жүргөндө Эдварддын рак оорусуна кабылганын угуп Канадага барат. Анын акыркы эки жума жашоосунда бирге болду... Атасынын өлүмүн оор кабыл алды, кошумча көңүлү чаппаган жумушта иштеп жатканы да жигитти депрессиялык абалга түрткөн. Анан күчүн спирт ичимдиктеринен чыгара баштады. Достору аны канчалаган ызы-чуулардан сууруп чыгышты, өз өмүрүнө кол салганы жатканда сактап калышты, жумушунан ажырады. Мындай жашоонун келечеги туңгуюк эле. Муну түшүнгөн Жерард дагы бир жолу бактысын сыноо үчүн эми Лондон шаарына багыт алды...

КЫЯЛГА КАРАЙ...

Лондон деле жигитти кучак жайып тосуп алып, дароо эле кинодон чоң роль сунуштай калган жок. Бир нече жумушта иштеп жанын багып жатты. Официант болуп жүргөн күндөрдүн биринде режиссёр Стивен Беркофф ал иштеген кафеге кирип калат. Миңден бир мүмкүнчүлүк болчу, Жерард режиссёрго барып түз эле “мени бир байкап көрүңүзчү” деген. Бейтааныш жигиттин тайманбастыгы жакты режиссёрго. Мына ушундан баштап Батлердин кыялы ишке аша баштаган. Мурда залда суктанып спектакль көрүп отурса, эми дал ошол спектаклдерде баш каарман эле.

“ОСКАРЫ” ЖОК

Кинодогу алгачкы атактуулук 2004-жылы чыккан “Операнын элеси” тасмасынан кийин келди. 1997-жылдан бери кино талаасында жүргөн актёр дале “Оскар” статуэткасына жете элек. Тескерисинче, эркектин жаман ролу үчүн берилчү “Алтын малина” сыйлыгын 2 ирет алган. Кино сынчыларга жакпаганы менен, жөнөкөй көрүүчүлөр актёрду “харизмасы күчтүү”, “келишимдүү”, “сексуалдуу” жана башка көптөгөн мактоолорду айтып жакшы көрүшөт. Ушул жылдын 25-майында Жерард Батлер башкы ролдогу “Качкын” тасмасы прокатка чыгат.

54 ЖАШТАГЫ БОЙДОК “ЖИГИТ”

Актёрду кыз жандуу деп сындагандар да бар. Мындай кептер чын белем, анын эң көп убакытка созулган мамилеси 2 жыл. “Кинодогу ар бир образымды өзүмдөй кабыл алам. Каарманым жаман көргөн нерсени жаман көрүп, жакшы көргөнүн жактырып калган жайым бар. Бул тасмадагы айым өнөктөштөрүмө да тиешелүү. Мамиле кылган айымга менин бул сапатымды кабыл алуу оор” дейт ал. Наоми Кэмпбелл, Кэмерон Диас, Женнифер Энистон, Эшли Грин, Морган Браун… Актёрдун сүйүү тизмесинде расмий түрдө такталбаган көптөгөн атактуу айымдардын ысымы бар. Бирок бири да анын жүрөгүн биротоло багындырып, нике шакегин ала алган эмес. 54 жашка чыгып калган Жерард дагы деле Голливуддун көз күйдүргөн бойдокторунун бири.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан