ММ... БАЛМУЗДАК!

Алдыда аптаптуу жай. Ысыкта муздак балмуздак жесең кандай сонун. Дүкөндөн сатып алып убара болбой, үй шартында жасаганды үйрөнүп алыңыз.

ПЛОМБИР

Керектелүүчү азыктар:

Кам каймак (сливки) – 600-700 грамм (33-35 майлуулуктагы)

Коюулатылган сүт – 200-250 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Кам каймакты миксер менен коюу крем абалына келгенче чаласыз (1 мүнөткө жетпеген убакыт гана чалыңыз, өтө коюуланып көбүккө айланып кетпесин).

Чалынган кам каймакка коюулатылган сүттүн жарымын же үчтөн эки бөлүгүн салып, 30 секунд миксер менен чалыңыз.

Даяр аралашманы чакан идиштерге салып, тамак-аш плёнкасы менен оозун жаап, муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүнө 5-6 саат коюу керек. Дасторконго алып чыгардан мурун тоңдуруучу бөлүктөн алып, муздаткычка салыңыз. Бул тоңуп калган пломбирдин бир аз жумшарышына өбөлгө болот.

БАНАН БАЛМУЗДАГЫ

Керектелүүчү азыктар:

Банан – 3 даана

Сүт – 60 миллилитр

Ванилин – 10 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Банан балмуздагын жасоо абдан оңой. Алдын ала бананды майда тегерек формасында кесип, муздаткычка салып коюу керек. 1 сааттан кийин банан, сүт жана ванилинди блендерге салып аралаштырабыз. Бирдей массага келген аралашманы жайпак идишке салып, үстүн капкак же плёнка менен жаап муздаткычтын тоңдургучуна 2-3 саатка салып коюңуз. Даамдуу банан балмуздагы даяр!

КОФЕ БАЛМУЗДАГЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кофе – 2 аш кашык

Суу – 2 аш кашык

Коюулатылган сүт – 200 грамм

Кам каймак – 600 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Кофени 2 аш кашык сууга жакшылап аралаштырып аласыз. Аны коюулатылган сүткө кошуп дагы бир сыйра аралаштырасыз. Андан кийин кам каймакты кошуп, крем абалына келгиче миксер менен чалып аласыз. Түбү жайпак идишке салып, капкак же плёнка менен үстүн жабасыз да тоңдургучка 2-3 саатка коёсуз. Дасторконго коёрдун алдында идиштерге бөлүнгөн балмуздактын үстүн фантазияңызга жараша кооздоп коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан