Хадижа Камалидинова, ырчы: “ЫРЧЫЛЫК МЕН ҮЧҮН – ХОББИ, ХОББИ БОЮНЧА КАЛАТ”

Жылдызы жанып, үнүнө ыры, ырына бийи жарашкан таланттуу ырчы кыз Хадижа Камалидинова менен тааныштырабыз. Кыргызча ырлардан тышкары өзбекче, каракалпакча ырдап той-салтанаттарды көркүнө чыгарып жүрөт. “Ата-энем да, жолдошум да чыгармачыл адамдар” деген ырчынын жан дүйнөсүнө саякат куралы.

Туулган жылы, күнү:
2004-жыл, 2-сентябрь

Туулган жери: Баткен облусу, Сүлүктү шаары

Билими: Сүлүктүдөгү педагогикалык колледжде 3-курста окуйт

Репертуарындагы ырлары: “Эркелетчи”, “Досум”, “Жомоктогу ханзаадам” жана башка

– Хадижа, салам! Чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы экенсиз...

Саламатсыздарбы? Ооба, ата-энем чыгармачылыкка жакын кишилер. Апам фольклор ырчысы, учурда музыкалык мектепте комуздан, вокалдан сабак берет. Маданияттын мыкты кызматкери. Атам болсо продюсерлик борбор түптөгөн, азыркы тапта Маданият үйүндө башкы эсепчи болуп иштейт.

Үйдө 4 бир туугандын улуусумун. Мектепте 9-класска чейин окуп, андан кийин Сүлүктү шаарындагы педагогикалык колледжге тапшыргам. Учурда 3-курстамын. 1-класстан баштап музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүндө окугам. 8-класста Бишкекте Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда жарым жылдай билим алдым. Белгилүү себептерден улам ал мектепти аяктабай, кайра Баткенге келип, 9-классты аяктадым. Анан тойлордо ырдап, бийлей баштадым. 9-класстан кийин мектепте окугум келген жок, мунун себеби бар. Мектепте мугалимдер ырдап-бийлешиме каршы болчу. “Мектеп окуучусу кечинде тойго барып ырдаса болбойт” деп көпчүлүктүн көзүнчө уруша берчү. Ушундан улам депрессияга түштүм. Ошентип урушпаганда, балким, 11-классты аяктап, ЖОЖго тапшырмакмын. Бирок антип урушканын да жакшылыкка деп жоруп койдум. Колледжди аяктагандан кийин ЖОЖго тапшырам, буюрса.

– Педагогдук кесипке өз каалооңуз менен тапшырдыңызбы?

– Ооба, балдар менен иштешкенди жакшы көрөм.

– Алгачкы жолу эл алдына канча жашыңызда ырдап чыккансыз?
– 2-классымда бир концертте Бетховендин “К Элизе” чыгармасын фортепианодо ойноп чыккам. Сахнанын сүрү бар экен. Залда эл толо, жарыктардын баары мага каратылган, аябай толкунданганым эсимде. Ал эми ырдап алгач 6-класста лагерде чыккам. Башында ырдагандан уялып, бийлеп эле жүрө бергим келчү. Абдраев атындагы окуу жайдан үнүмдү коюп беришкен, ошондон кийин ырдап калдым.

– Вокал боюнча дагы кошумча билим алуу планыңызда барбы?
– Ойлонуудамын. Азыр алдыга койгон максаттарым башка, жеке бизнес баштаганы турам. Ырчылык, чынын айтканда, мен үчүн хобби. Хоббинин артынан көп акча таптым. Мындан ары деле хобби бойдон калат. Ырдаганды жакшы көрөм, бош убакта, мүмкүнчүлүк болгондо ырдай берем.

– Тойлордо өзбекче ырларды көп суранышабы?
– Ооба. Түштүк жергесинде өзбекче ырлар көп коюлуп, ага жакшы бийлешет. Кыргызча ырларга анчалык бийлешпейт. Кыргызча, каракалпакча, өзбекче ырдайм. Мени элге тааныткан ырлар да каракалпак тилиндеги ырлар болду. Ырдап жүргөн ырларымдын баарын уруксат сурап ырдайм. Айрым ырчылар “ырымды ырдасаң болот” деп өздөрү сунушташат. Автордук ырларым да бар, мисалы, “Эркелетчи”, “Жомоктогу ханзаадам”, “Досторум” деген ырлар. Апам музыкасын жазып берген “Арзуу” деген да ырым бар.

– Элдин көңүл буруусунан улам өзүңүздү жылдыз сезесизби?
– Жок. Апам дайыма “өзүңдү көтөрбө. Канчалык жөнөкөй болсоң Кудай ошончолук даражаңды бийик кылат” деп эскертип турат. Башында өзүмдү бир аз жылдыз сезген учур болгон, мындай бардык ырчыда болот болуш керек. Ата-энем өзүмө келтирип койду. Азыр андай сезим жок.

– Демек, сынчыларыңыз ата-энеңиз экен да?
– Ооба. “Ушул жерден туура эмес кылдың, туура эмес сүйлөпсүң, минтиш керек болчу” деп турушат. Мени ачык макташпайт, ал эми башкаларга “кызым менен сыймыктанам” дешет экен, өзүмө айтыша элек.

– Жолдошуңуз да чыгармачыл чөйрөдөн, кайдан, кантип табыштыңыздар?
– Тойдон таанышканбыз. Кадамжайдагы бир тойдон көрүп, сүрөткө түшкөм. Жолдошум мени ошондо жактырып калган экен. Бирок кийин тамеки чеккенин көрүп жактырбай калгам. Чеккен, ичкендерди жактырбайм. Кийин эле сезимдер тутанып кетти. Жактырбайм, күйөөм болушун да каалабайм, бирок аны көрсөм эле жүрөктө бир жылуулук пайда болот. Бир күнү тамашалашып отуруп эле тойго даярдык башталып кетти. Сөйкө салганга чейин 2 жума сүйлөштүк. Ошондо “чеккениң жакпайт, тамекини таштабасаң тийбейм” дегем. “Таштайм” деген, сөзүнө турду. Мени жолдошумдун сүйүүсү тартып кетти го дейм, ал жакшы көрбөсө тийбейт болчумун. Аялга караганда жолдошу көбүрөөк жакшы көрсө, көбүрөөк түшүнсө жакшы болот дешет го. Жолдошумду жөнөкөй, жакшы бала деп атам жакшы көрөт. Өзү "тамашоучу", Баткенден чыккан “Торнадо” КВН командасынын жетекчиси. Баш кошконубузга 4 ай болду.

– Социалдык желедеги баракчаңызга негативдүү комментарий көп жазылат экен, оор тийбейби?
– Комментарий жазгандарды 2 түрдүү кабыл алам. Туура сын айтса, туура айтыптыр, катамды оңдоюн дейм. Айрымдар ушунчалык жаман сөз жазышат. Туура нерсени да туура эмес көрсөтүп салышат. Бул эми адамдын ой жүгүртүүсүнөн көз каранды экен. Бирок мага жазылган комментарийлерди көп окубайм, убакыт жок, ишим толтура. Жолдошум да кээде окуп калат. Ал “комментарийлерди окубай эле кой. Элдин сөзү менен жашаба, ишиң өзүңө жагабы, жаса, жакпаса кылба” дейт. Чынын айтканда, күйөөмө караганда жалкоо, уйкучумун. Күйөөм шыпылдаган жигит. Ал мени ойготуп, шыктандырып турат. Эмне кылсам да колдойт.

– Кызганыч сезими кимиңиздерде күчтүүрөөк?
– Биз өтө маданияттуу урушуп, маданияттуу таарынышып, маданияттуу кызганабыз. Кыйкырышып, ажылдашмай жок. Дастан сөз менен эле жеткирип коёт, туура эмес кылыптырмын деп уялып калам. “Хадижа, ушул нерсени туура эмес кылдыңбы, билбейм. Бирок мындай кылганыңда туурараак болмок да” дейт. “Макул, эмкисинде мындай кылам” дейм анан.

– Ырдашыңызга кайнене-кайнатаңыздын көз карашы кандай?
– Алар да өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү кишилер. Колдоп турушат. Кичинемден күйөөм, кайната-кайненем жакшы кишилер болсун деп тилене берчүмүн. Сонун үй-бүлөгө туш келдим.

– Кыргыз ырчыларынан кимдин чыгармачылыгы жагат?
– Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, Султан Садыралиевди кичинемден жакшы көрөм. Алар менен дуэт ырдагым келет. Белгилүү бойдок ырчы агалар дуэт ырдоону сунушташкан. Анда турмушка чыга элек болчумун, атам “дуэт ырдатпай эле коёюнчу” деп койгон. Өзүм деле мырза менен дуэт ырдоону анчалык каалабадым.

– Бирок Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков сунуштаса макул болмоксуз да?
– Ооба, алар сунуштаса макул болмокмун.

– Сизге ийгилик, үй-бүлөңүзгө бакыт каалайлы. Бар болуңуз!

Перизат Музуратбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан