Элина Айтпаева, актриса: “КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАРЫНА ИШЕНДИМ”

26-апрелде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде ”Дочь” аталышындагы тасманын жабык көрсөтүүсү өттү. Ал тасмада башкы ролду ойногон Элина Айтпаеванын актрисалык тушоосу кесилди. “Жакшы ниет кылып, туура кыялдансаң баары орундалат тура” деген сулууну кепке тарттык.

– Саламатсызбы, Элина! Дебюттук ролуңуз менен куттуктайм! Жалпыга кызык болгон суроодон баштасак, тасмага кантип тартылып калдыңыз?

– Киного тартылып калышымдын өзү кызык окуя. Адегенде киного тартылуу каалоосу пайда болду. Анан кыялданып “тасмага тартылгым келет, болгондо да башкы каармандын ролун жаратууну каалайм” деп күндөлүгүмө жазып койдум. Ишенесизби, ошондон көп өтпөй социалдык тармактагы баракчама Жаныш Майрамбек уулу жазып, тасмага тартылууну сунуштап калды. Алгач ишенген жокмун, тартуу учурунда да “мына, тасмага да тартылып жатам” деген сезимдер болгон жок. Мына эми жабык көрсөтүүдөн кийин гана кубанып турам. Алдыга так максат койсоң, жакшы ниет кылып, туура кыялдансаң, Кудай дейбизби, же ааламдагы күчтөрдүн жардамы менен баары орундалат тура.

– Буга чейин тасмага тартылган эмессиз. Образ жаратууда кыйналдыңызбы?

– Тасмага белгилүү актёрлор тартыларын укканда сүрдөдүм. Анткени актриса эмесмин, бул жаатта атайын билим да жок. Баары сүйлөшүп, кеңешип, мени башкы каармандын ролуна бекитишкенде толкундандым. Атайын даярдыктар болгон жок. Сценарийди окуп чыгууга убакыт беришти. Даярдыгым жакшы болбой жаткандай сезиле берди, ошентсе да өзүмдү тынчтандырып, тартуу ишинин башталышын күтүп жаттым.

Кыйынчылыктар болду, албетте. Мен жашоодо токтоо, дайыма жылмайып жүргөн адаммын. Ал эми тасмада ыйлап, кыйкырган учурларды аткаруу, ички эмоцияларды жеткире ойноо кыйынчылыктарды жаратты. Актёр Марат Амираевдин айтымына караганда, мен башка актёрлорго караганда азыраак дубль менен тартылыпмын.

– Тасмага тартылуу жактыбы анан?

– Курчап турган чөйрөгө кандай мамиле кылсаң, чөйрө да сага ошондой мамиле менен жооп берет экен. Эгерде дүйнөдө мүмкүнчүлүктөр, позитивдүү, ак көңүл адамдар көп деп ойлосоң, жашооңдо жакшы окуялар жарала берет тура. Бул нерсени качан түшүндүм? Өзүмө мамилени, түрдүү кырдаалга көз карашымды өзгөрткөндө дүйнө мага ачылгандай болду. Өзүнөн-өзү айланамда сонун мүмкүнчүлүктөр жаралып, жакшы адамдарды жолуктура баштадым. Кино ааламына келип калганым да – жашоомдогу мыкты тажрыйбанын бири болду десем болот.

Тартуу процессинен соң түрдүү адамга айлана аларымды түшүндүм. Мендеги анча-мынча катылып жаткан сапаттарды ачты десем болот. Көрсө, мен артист боло алат экем, ыйлап, кыйкырып же дагы башка образды жарата алат экенмин. Бул нерселерди, же бул мүнөздү мен чыныгы жашоодо көрсөтпөйм да. Тартуу иши эртеден түнгө чейин болуп жатты. Ошол учурда менде “чарчадым, үйгө кетиш керек” деген ой болгон жок. Анткени ошол процесс мага жагарын, ушул учур ырахат тартуулаарын, анан андан мыкты жыйынтык жараларын түшүндүм.

– Дагы тасмаларга тартылуу планыңыз барбы?

– Дебюттук ролум болгондуктан толук ачыла албай калдым деп ойлойм. Андыктан дагы тажрыйба алгым келет. Мен ар тараптан даяр болсом, мүмкүнчүлүктөр да жараларына ишенем.

– Азыркы учурда студентсизби?

– Жок, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда билим алып, окууну бүткөм. 26 жаштамын.

– Жаш көрүнөт экенсиз, сизди 19-20 жаштагы студент окшойт деген элем...

– Жаш көрүнөт окшойм, көпчүлүгү ошентип айтышат (күлүп). Бир топ жыл мээнет, убакыт, акча кетирип окуган соң окуунун акыркы жылында бул тармак меники эмес экенин, мен чыгармачылыкка жакын адам экенимди түшүндүм. Биз көбүнчө өзүбүздөгү ички каалоону укпайт экенбиз да. Бул окуу жай пресстиждүү, окусаң жакшы болот дешкенинен окуп калгам. Көрсө, эң башкысы – ички ишенимиң, туюмуң бекем болушу керек экен. Эмнени каалайсың, эмнеге жеткиң келет так билсең, эч кимди укпай, каалаганыңа жетет экенсиң. Учурунда эрким бош болгондуктан айланамдагылардын айтканын угуп, юридикалык багытты тандап кеткем. Кантсе да, баарына ыраазымын. Ал жактан да билим, тажрыйба алдым.

– Коуч эмессизби, марафон өткөрбөйсүзбү?

– Жок-жок (күлүп). Жашоомдогу көп кыйынчылыктардан улам ушундай ойго келдим. Кыйынчылык башка түшкөндө байкуштун ролуна түшүп отуруп калбадым. Тескерисинче, кайра чыйралып, кайраттанып, күн сайын күчтөндүм. Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө, жашоосунда кандайдыр бир оору бар. Ошондой эле тандоо жолу да бар. Же жаракат алып, сынып калабыз, же кырдаалдан бир нерсени үйрөнүп, сабак алып чыгып кетебиз. Мен экинчи жолду тандап кеттим. Кандай кырдаал болбосун, ыраазычылык билдириңиз. Анткени ошол абалга байланыштуу сиз өстүңүз, жакшырдыңыз.

– Кайсыл жерде төрөлүп-өскөнсүз?

– Кичи мекеним – Талас. Ошол жактан мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Бишкекке келгем. Ошондон бери шаарда жашайм. Апам - кыргыз, атам – орус улутунан.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурабасам болбос...

– 5 жаштагы уулум бар. Жолдошум экөөбүз эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө көп убакыт өттү. Учурда жүрөгүм бош, эркин адаммын (күлүп).

– Учурда эмне менен алектенесиз?

– Маркетолог болуп иштейм, тасма, роликтерде үн коштойм. Жакындан бери үнүмдүн үстүнөн иштеп баштадым. Өзүңдү качан толук кабыл алып, сүйүп баштаганда гана дүйнөдө мүмкүнчүлүктөр ачыла баштайт экен. Буга чейин тартынчаак, жабык кыз болсом, азыр ачылдым. Роликтерге тартылуу деген үч уктасам түшүмө кирчү эмес да. Аялдын жеке өнүгүүдөгү негизги миссиясы, максаты, менимче, өзүнүн назиктигин, сулуулугун, табиятын кабыл алуусу. Сиз назик болуп, аялдык табиятыңызды өнүктүрүп турсаңыз, айланаңыз да өзгөрөт, арзуу тилектериңиз да кандайдыр бир сыйкыр күчтөр аркылуу ишке аша берет экен.

– Маегиңизге рахмат! Ийгиликтер болсун!

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан