“КЫЗЫМДЫН КЕКИРТЕГИ КИСЛОТАГА КҮЙҮП КАЛГАН” 31 ЖАШТАГЫ КЕЛИНДИН ТАГДЫРЫ

Кокустук, кырсык, жамандык адамга айтып келбейт тура. Башка түшкөн соң турмуштун оор сыноосу катары кабыл алып жашагандан башка айла жок. Бул жолку каарманыбыз “кызымдын жаркын келечеги үчүн өзүмдү колго алып, элге кайрылдым” дейт. Жашоосундагы ар бир оор учурду каарманым ыйлап айтып берип отурду.

“АЗАПТУУ КҮНДӨРҮМ ТУРМУШКА ЧЫККАНДА ЭЛЕ БАШТАЛЫПТЫР”

– Аты-жөнүм Бахтнисо Баймурзаева, жашым 31де. Өзбекстанда этникалык кыргыздардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 кызбыз, 2 эжем ошол жактан турмушка чыгып, Ташкентте калышкан. Биз 2013-жылы ата-энем, сиңдим менен Кыргызстанга көчүп келип, паспорт алып, Чүй өрөөнүнө жайгашып калдык. Туугандар аркылуу бир жигит менен таанышып, 20 жашымда ага турмушка чыктым. Менин азаптуу күндөрүм ошондо башталган окшойт. Жолдошум кылдан кыйкым издеп эле ура берчү. Арадан жылдар өтө берди, 3 балалуу болдук, мен балдар үчүн чыдап жашай бердим. Ата-энеңе кыйынчылыктын баарын айта албайсың, айтсаң да, “турмуш деген ошондой болот, чыдаш керек, үйүңө бар” деп кайра кетиришчү. Үйдөгүлөрдүн оту менен кирип, күлү менен чыксам да кайын журтума жакпадым.

“ЧЫРЫЛДАП ЫЙЛАГАНЫНАН КАРАСАМ, ООЗУ БЫЛЖЫРАЙ БАШТАПТЫР”

– Тиричилик менен алышып жүргөн күндөрдүн бири эле. Очокко от жагып жаткам, 1 жаш 4 айлык, там-туң басып калган кызым жанымда кыбырап жүргөн. Колуна бир нерселерди кармап жеп калган учур болчу. Жолдошум унаасын оңдойм деп жаткан же унаасынын бир тетиктерин жуумай болгонбу, айтор, самын жасоодо керектелчү кислота кошуп бир аралашма жасаган экен. Анын тундурмасы жасаган идишинде кала бериптир. Бала ойноп барып, колундагы алмасы идишке түшүп кеткен го, алманы андан алыптыр да оозуна салып жеп жибериптир. Кызым чырылдап ыйлап калганынан бара калсам, оозу былжырай баштаптыр. Дароо эле кислота оозун күйгүзүп кеткенин түшүндүм (ыйлап). Ооруканага бардык, ошол учурда кызымда кызыл-ала тактар бар эле, ветрянка болуп жүргөн. Жугуштуу оору деп бизди инфекциялык ооруканага алпарып коюшту. 1 жумадан кийин да баланын абалы жакшы болбой, нандын күкүмүн да жей албай калгандыктан врачка айтсам, “силерди башка жакка которуш керек экен” деп, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жиберишти. Ал жакта да 2 апта жаттык. Көрсө, кислота баланын кызыл өңгөчүн куйкалап кеткен экен. Дарыгерлердин көңүл кош мамилесинен улам оору тереңдеп кетиптир. Мына ошондон тарта ушул күнгө чейин ооруканадан башыбыз чыга элек.

“БАЛДАР ҮЧҮН ЧЫДАП ЖАШАП ЖҮРҮП, АКЫРЫ АЖЫРАШУУНУ ЧЕЧТИМ”

– Ушул окуядан соң жолдошум экөөбүздүн мамилебиз ого бетер начарлады. “Баланы жакшы караган эмессиң” деп мени күн сайын сабайт. “Жакшы карай албай калдым” деп өзүмдү күнөөлүү сезгеним, турмуштук сыноолор менин болгон кайрат-күчүмдү сындырдыбы, билбейм, психологиялык жактан ооруп калдым.

Кичинемде да коркуп, стресс болсом керек, “алгачкы психологиялык травманы бала кезде алгансың” дешти врачтар. Кийин турмушка чыгып, катуу соккудан, жыгылгандан же үй бүлөлүк зомбулуктан жаракат алып калганмынбы, менин да тынбай башым ооруйт, колдорум калчылдап, башым айланып кусуп жиберчүмүн. Ысыкта да көпкө жүрө албайм. “Дарыланбасаң, инсульт алышың мүмкүн” дешкенинен өзүмдү колго алып, балдардын, өзүмдүн келечегим үчүн күрөшүүнү баштадым. Атайын психо-неврологиялык ооруканага жатып чыктым. Жолдошумдун урушу, үйдөгү чыр, түйшүк түгөнбөй койгондуктан сабырым түгөнүп, 11 жылдан соң ажырашууну чечтим. Чогуу жашабай калганыбызга 3 ай болду. Эл “балдардын келечеги үчүн чогуу жашашыңар керек” дей берет экен. Бирок мен ал жакка баргандан корком, катуу коркуп калсам керек. Кайненем кетсе кетсин дегендей жүгүмдү жыйнаштырып, көчөгө чыгарып коюптур.

“ДАРЫНЫН ТААСИРИНЕН ЧАЧЫ ДА ТҮШӨ БАШТАДЫ”

– Буга чейин интернет аркылуу элден жардам суроо керек дегенди билчү эмесмин. Жакында эле “кызыңызга жардам берели” деген жаш кыздар социалдык желе аркылуу элге кайрылсам болорун айтышты.

Учурда кызым Нурайым 5 жашта, 1 жаш 4 айлыгында кекиртектен химиялык күйүк алган. Кекиртеги, ашказаны күйүп калгандыктан тамактын катуусун жей албайт, жадакалса пюрени да жеши кыйын. Жесе да кусуп салат. Анан дарыгерлер кызымдын мурду аркылуу атайын медициналык жипти кекиртегине өткөрүп коюшкан. Мындай ыкма аркылуу кекиртектин күйүп, тырышып калган жерлери оңдолот экен. Ушул убакка чейин ушундай дарылоону этап-этабы менен жасатып келатабыз. Бул учурда бала ооруну сезбеши үчүн атайын тамчылатма дары берилет. Көрсө, ал да зыян экен, көп ичкенден улам кызымдын чачы түшө баштады. Мындай дарылоону биз кызым 16 жашка толгонго чейин алууга мажбурбуз. Ооругандан улам кызым түндө ыйлап чыгат, ага кошулуп мен да ыйлайм. Врачка чалсам, “эми ушундай болот, чыдашыңар керек, башка айла жок” деп койду.

“БИЗ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙ АЛБАЙБЫЗ ДЕШТИ”

– Кызымдын оорусун жеңилдетүү, күйгөн тамагын жакшыртуу үчүн операция жасаса болорун, бирок мындай операция бизде эмес, чет жакта жасаларын айтышты. Каражатыңар жетишсе, Орусия же Индияга алып баргыла деп жатышат.

Бизди караган дарыгерлер да “биз мындай операция кыла албайбыз, дарылай гана алабыз” дешти. Кийинки жылы мектепке барышы керек, балдар менен аралашса, мурдундагы жип менен жүрсө бала корунат экен да. Кийин чоңоюп турмушка чыкса, кыйналып калбасын деп азыр чуркап жардам сурап жүрөм.

Кыргыз элим аман болсун, жардам берип жатышат. Операциясы 18 миң доллар турат экен. Анын 7,5 миң доллары чогулду, дагы 10 миң доллардайы калды. Кызым айыгып кетсе дейм, мурдагыдай дени-кардын соо кылып алсам, бактылуу үй-бүлө болуп жашасак деп тилейм. Буюрса, элдин жардамы менен бул азаптуу күндөрдөн да өтөбүз деп ниет кылам.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

О! Деньги – 996505050801

Мбанк – 0550150192

BAHTNISO BAYMURZAEVA

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан