ТЕРИНИН КУРГАШЫ АДАМДЫ БАТ КАРТАЙТАТ

“Беттин эле эмес, дененин көп бөлүгүнүн кургашы чоң көйгөйлөрдөн жана ал кээ бир оорулардын башаты болуп саналат”,- дейт "Умай косметик" медициналык борборунун дерматолог-косметологу Адинай Исакова. Тери кургап жатса кантип жардам беребиз? Адис менен ушул тууралуу баарылаштык.

«ТЕРИНИН ТИБИ КУРГАК БОЛСО АЛ ӨЗГӨРҮП КЕТПЕЙТ»

– Теринин кургашында тиби кургак экенине, же ички, сырткы факторлордун таасиринде кургап жатканына көңүл бурабыз. Кээ биринин териси төрөлгөндөн эле кургак типке кирет. Аларда көпчүлүк учурда териси шуудурап, агыш тартып жылтырабайт. Теринин тиби кургак болсо аны өзгөртүп жибере албайбыз, бирок косметикалык каражаттарды туура тандоо, колдонуу, туура тамактануу, сууну көп ичүү менен абалын жакшыртууга болот.

ИЧКИ ЖАНА СЫРТКЫ ФАКТОР

– Эгерде ички же сырткы фактордун таасири астында кургап жатса аны аныктап алып, ошого жараша аракет көрүлөт.

СЫРТКЫ ФАКТОР

• териге туура эмес кам көрүлүп жатса

• химикаттарды көп колдонуу

• өтө ысык же суук аба ырайы

• күндүн, шамалдын, кондиционердин таасири

Жуунууда самын, терини кургатуучу каражаттарды колдонуп же жышыгыч менен бетти сүрүп жууганда, өтө ысык же муздак суунун таасиринен да тери кургашы мүмкүн. Мындай ыкмаларды токтотуп, териңиздин тибине жараша кам көрүүчү каражаттарды колдонуңуз. Өтө ысык же муздак аба ырайынан, шамалдан бет-кол терисин коргоо үчүн SPF кремдерди колдонуу керек.

ИЧКИ ФАКТОР

• А, Е, РР, В2 витаминдери жетишпегени

• гормондордун иштешинин бузулушу

• кандайдыр бир оорулар

• спирт ичимдиктерин ичүү, чылым чегүү

• депрессия, стресс

• жаш курак таасир этет

Ушул себептердин натыйжасында тери кургап жатса:

• тери сезимтал болот

• жууганда тартылышат

• кургап, жарылат

• сыйрылат, түлөйт

• кычышат

• кээде бүдүр чыгуу менен коштолот.

Айрым учурда кесилип кетет, бул ашыкча кургоонун жана тери ооруларынын башаты болот. Белгилүү бир дене бөлүгүнүн ашыкча кургашы кээ бир тери ооруларынын белгиси. Мисалы, чыканак, тизе, алакан, моюн, кежиге кургап, бүдүрлөр чыгып жатса атопиялык дерматит, псориаз, экзема сыяктуу оорулардан болушу мүмкүн. Мындай оорулар адистин көзөмөлүндө гана дарыланат.

“СЕБЕБИН АНЫКТОО КЕРЕК”

– Теринин коргоочу катмары – гидролипиддик мантия деп аталат. Ал жогорудагы ички жана тышкы факторлордун натыйжасында бузулуп, жукарып кетет да, бат-бат кургап тери ооруларын жаратып, адамды аллергик кылат, клеткалар өлүп калыбына келбегендиктен териге бырыш түшүп тез картаюусуна себепчи болот. Эгер абдан кургап, кычышып, бүдүр менен коштолуп жатса, анда косметологго, дерматологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп, себебин аныктоо кажет. Жогоруда атагандай, кээ бир тамак сиңирүү органдарынын оорулары, гормондордун бузулушу, жаш өткөн сайын организмде кээ бир функциялардын жайлашы теринин кургашына себепчи болот.

“ОМЕГА МАЙ КЫЧКЫЛЫ ЖАНА СУУ НЕГИЗГИ ЖАРДАМЧЫ”

– Тери жылмакай жүрүшү үчүн ичтен ооруларды дарылоо шарт. Эң маанилүү жардамга – витаминдүү азыктарды рационго кошуу, омега май кычкылын, таза суу көп ичүү кирет. Ошондой эле күнгө көп кактанбай, ичимдик, чылымдан алыс болуңуз. Ал эми сырттан дарылоодо эмоленттүү кремдерди колдонуу жакшы таасирин тийгизет.

Ашыкча кургоодо косметологиялык процедуралар да жасалат. Мисалы, териге витаминдерди, гиалурон кычкылын куюуга болот. Натыйжасы көп убакытка чейин сакталат. Ошондой эле атайын бетти нымдоочу тоник, тонер, крем, сыворотка, эмульсия сыяктуу каражаттар, маскалар жардамын тийгизет.

КАНДАЙ АЗЫКТАР КУРГАК ТЕРИНИН АБАЛЫН ЖАКШЫРТА АЛАТ?

Зыгыр майы

Бардык өсүмдүк майларынын арасынан Омега-3 май кычкылына бай азык. Ошондой эле анда Е витамини менен фолий кычкылы көп болгондуктан кургак териге жакшы натыйжасын тийгизет.

Авокадо

Антиоксиданттар, глутатион, магний, фолий кычкылы, К, D витамини көп өлчөмдө. Андагы май теридеги нымдуулукту бир калыпта сактап, терини тонуста кармап турат.

Жумуртка

Тооктун белогунда бардык керектүү аминокычкылдар болсо, сарысы A, B12, E, D витаминине, фолий кычкылына, биотинге, В5 витаминине бай.

Сары түстүү азыктар

Сары түстү азыктар бета-каротиндин булагы, аны организм А витаминин синтездөөдө колдонот. Ошондой эле Е витамини, микроэлементтер – хром, марганец, жез бар.

Балык

Балыктын негизги пайдасы омега-3 май кычкылында. Ошондой эле А, С, Е, В12 витаминдери жана микроэлементтер – темир, цинк бар. Мындан тышкары селенге бай, ал теринин серпилгичтигин камсыз кылат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан