Аптанын жаңылыгы
2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кандуу окуялар боюнча Улуттук комиссия өз иликтөөсүн жарыялады.
Жыйынтыктын негизинде “кандуу кагылышуунун келип чыгышына башкы күнөөлүү адам” деп өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров табылды. Айыптуулардын катарында Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аттары да аталбай койгон жок.
“Коогалаң болору тууралуу кооптонууларын айтып, чекисттер коңгуроо кагышса да, Убактылуу өкмөт маалыматка маани берген эмес. Аларга ишенишпеген же тийиштүү көңүл бурууга чамалары жеткен эмес”,- дейт комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев. Албетте, кандуу окуя болушу мүмкүн экендиги тууралуу өкмөткө кабар берип, бирок анын алдын алуу үчүн чара көрбөгөн УКМКнын айыбы да опол тоодой. Комиссиянын айыптуулар боюнча “кара тизмесинде” үчүнчү күчтөр жана Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев жүрөт. Бакиевдерди кандуу окуяны уюштуруучулар катары айыптоого интернетке жарыяланган телефон менен сүйлөшүүлөр гана далил катары берилиптир. “Кара тизмеге” Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров да катталган.
Из жашырып кеткен экс-депутат Кадыржан Батыров улуттар аралык кагылышуунун негизги уюштуруучусу болгону көп ирет айтылды. Президент Роза Отунбаева өзү дагы ММКларга берген маегинде өзбек лидеринин бир канча жолу Бишкекке келип ага жолукканын жана кызмат сураганын айткан. Шибегени капка ката албагандай эле, мамлекет башчы Ошто кандуу окуя башталып кеткенден кийин журналисттерге “бизде бул жөнүндө маалыматтар бар болчу, бирок божомолдордон эртерээк башталып кетти” деп оозду ачырган. Билип туруп кебелбеген УӨ да мындай кадамы үчүн жооп бериши керектиги анык.
Азырынча белгилүүсү Абдыганы Эркебаевдин айтылган талабы болду. Ал өкмөттөн Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Болот Шер, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ош жана Жалал-Абад облусунун губернаторлору, шаар башчыларына карата тийиштүү чара көрүү керектигин айтты. Анда Дүйшөбаев мырза
УКМКнын жетекчилигинен кол жууса, депутаттар Исмаил Исаков менен Болот Шерди кол тийбестиги сактайбы? “Дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө мындай учурда тиешелүү чиновниктер өздөрү отставкага кетишет. Кетишпесе, демек, мажбурлоого туура келет”,- деди комиссиянын төрагасы.