Бексултан Усеналиев, спорт баяндамачысы: “АКЖОЛ ФИНАЛГА ӨТТҮ ДЕГЕНДЕ КӨЗДӨН ЖАШ КЕТКЕН...”

Толук аты-жөнү – Бексултан Усеналиев

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 20-апрель

Туулган жери – Чүй облусу, Токмок шаары

Билими – жогорку, Бишкек мамлекеттик университетинин экология жана менеджмент факультетинде окуйт

Учурда спорт баяндамачысы

– Бексултан, саламатсызбы? Ар бир эле адам спорт баяндамачысы боло албайт эмеспи. Бул тармакка кызыгуу сизде качан пайда болгон?

– 1-класстан 5-класска чейин Чүйдүн Шамшы айылында, чоң энемдин колунда тарбияландым. Атам, байкелерим спорт менен алектенген, футболду жакшы ойногон адамдар. Кичинемден эле футболго аябай кызыкчу экенмин. 8-9 жашымда блокнотко дүйнөлүк футбол командаларынын аттарын жазып, футболчулар жөнүндө маалыматтарды чогултуп эле басып жүрчүмүн. Кийин Бишкектеги №7 мектепте окуп калдым. Троллейбус менен келип гезит-журнал саткан дүкөндөн спорт жаңылыктары жазылган журналды алып кетчүмүн. Жолдо баратып окуйм, үйгө барып да кайра окуп чыгам. Ошентип бир жумалык спорт, спортчулар жөнүндө жаңылыктардан кабардар болуп турчумун. Анда азыркыдай интернет, телефон жок, болсо да менде жок эле. Кийин дисктер сатыла баштады, эл музыка, кино көрүү үчүн алса, мен спорт оюндары жазылган дисктерди алып көрчүмүн. Ошондогу кызыгуу, изденүүнүн пайдасы кийин аябай эле тийди.

– Анан баяндамачылык жолдун башталышы кандай болду?

– Жогорку окуу жайда теорияны берилип окудум, изилдендим, макала жаздым. Бирок кийин тажрыйба топтоого чыкканда мен күткөндөй болбой калдыбы, айтор, кызыгуум тарады.

Анан 2015-жылы Кыргызстан-Тажикстан футбол беттешине англис тилдүү диктор керек деп айтып калышты. Барсам, мени жактырышып, беттешти алып бардым. Андан соң мага жакында телевидениеде спорт каналы ачылып жатканын, ошол жакка барып өзүмдү сынап көрсөм болорун айтышты. Кийин спорт каналы ачылган соң студияга бардым. Алгачкы эфирди белгилүү баяндамачы Кубан Атабеков менен алып баргам. Ал “сен 5 мүнөт сүйлө, мен 5 мүнөт сүйлөйм” деди. Менин сөзүм 1-2 мүнөткө гана жетип жатты, анан Кубан байкени карап туруп калам, ал киши түшүнүп, андан ары улап кетип жатты. Андан бери 8 жыл өттү. Эми мына такшалдык, ката кетирген учурлар болду, өстүк, чыйралдык.

– Спорт баяндамачысы болуш үчүн журналист кандай мүнөзгө ээ болушу керек?

– Спортту сүйүшү, ага кызыгышы керек, маалыматты ылгай билип, ар кандай кырдаалдан чыгып кете алган дипломаттык шыгы болушу керек.

Баяндамачынын эң негизги милдеттеринин бири – көрүүчүнү чыңалууда кармап туруу. Мисалы, футбол учурунда оюн кызыксыз болуп жатса да, кызыктуу маалыматтарды айтып, көрүүчү уктап баратса ойготуп, гол киргенин көрсөтүшү керек. Кээде канча аракет кылба, баары бир көрүүчүнү экранга байлай албайсың. Айрым учурда оюн абдан кызыктуу болот, аны баяндап да кереги жок. Башкысы оюнду бузба, болду, калганы акырын кете берет. Анан жасалма болбошуң керек. Көрүүчү дароо баяндамачынын билим деңгээлин, спорттон түшүнүгү барбы-жокпу билип коёт.

– Түз эфирде эмоцияга алдырып жиберген учурлар болобу?

– Көп эле болот. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов жарым финалдан финалга өткөн учурда эмоциямды башкара албай калгам. Акыркы мүнөттөргө чейин өзүмдү жакшы эле кармап отургам, анан ышкырык жаңырып, аны финалга өттү дегенде көздөн жаш кетти. 2008-жылдан бери Кыргыз спортчулары дүйнөлүк олимпиададан медаль ала элек болчу, мына эми медаль бар деп катуу сүйүнгөнүмдөн ыйлап жатам (күлүп). Эртеси аным интернетке тарап, “алып баруучуга эмне болгон, ыйлап жатат го” деп жазып жатышты. Бирок ыйлаганымдан уялган жокмун, анткени элдин көпчүлүгү меникиндей абалда болчу.

– Дагы бир жолу деп улантсак...

– Дагы бир жолу 7 сааттан ашык эфирде отуруп чарчасам керек, дүйнөлүк спорт оюндары болуп жаткан. Түнкү саат 3 чамасы. “Сүрөтүңө” деген ыр бар го, түз эфирде “Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт, Сакталып ошол бойдон менде жүрөт” деп ырдап жиберипмин. Алпарган эфирим орусча, өзүм кыргызча ырдап жүрөм (күлүп). Жумуш бүтүп, үйгө кеткем, бирок ырдаганым такыр эсимде жок. Эртеси жумушка келсем ызы-чуу, “ким ырдады эфирден?” деп. Мен да ичимден “ким ырдады экен” деп коём. Анан эфирди башынан угуп көрүшсө менин үнүм. Ошентип үн редактору экөөбүз айып пулга жыгылганбыз (күлүп).

– Спорттук беттештерди баяндоодо баяндамачылар бей тараптуулукту карманышы керекпи?

– Кыргыз спортчулары бири-бири менен күрөшүп же ойноп жаткан учурда тең салмактуулукту кармап, эч бирине тартпай баяндай алабыз. Ал эми Кыргыздын командасы дүйнө аренасында ойноп жатканда антүү кыйын. Биз да жөнөкөй күйөрман катары болушунча жан үрөп, күйүгүп, колдоп, эл кандай толкунданса, биз да толкунданып отурабыз. Ошол эле учурда кесипкөйлүктү көрсөтүшүбүз керек. Спортчу жеңгенде анын жеңишинин баалуулугун, кандай мээнет менен жеңишке жеткенин даңазалайбыз. Жеңген спортчу ыйласа ыйлап, анын жеңишин жүрөгүңдөн өткөрүп, ошол эле учурда эмоцияңды да башкарып, баарын элге сөз менен гана жеткиришиң керек.

Биздин командалар утулган учурлар болот. Эл оозунда элек жок да, социалдык желеде отуруп алып спортчуларды күнөөлөп киришет. Ичибизден капа болуп турганыбызга карабай, дипломаттык түрдө спортчу эмнеге уттуруп койгонунун жүйөлүү себептерин айта кетебиз. Анткени баяндамачылар элдин маанайын буруп коё алышат. Спортчуну өтө көкөлөтүп, даңазалап же жерге чаап салышы мүмкүн.

– Сиздерге карата айтылган сын-пикир, мактоолорду кандай кабыл аласыз?

– Коңшу өлкөлөрдү эле алалы, аларда спорт баяндамачылары өзүнчө эле жылдыз. Алган айлыгын айтпай эле коёюн. Бизде бул тармак эми гана өнүгүп келе жатат, андыктан кемчиликтер болот. Башында акча маселесинде кыйынчылыктар болгон, анткени баяндамачылар кошумча жумуш дагы алып барышчу. Азыр болсо абал жакшы жакка өзгөрүп баратат.

Бирок көрүүчүгө баары бир да, сен канча айлык аласың, кайда жашайсың кызыктырбайт. Ал оюнду көрүп, мыкты баяндоону угушу керек. Бул нерсени башынан эле түшүнөм, жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылам, даярданам, изденем, көп окуйм. Түз эфирде ката кетирсең, дароо эле каттар келип, сындар айтылат. Жүйөлүү сын болсо угуп, кемчиликти оңдоого аракет кылам. Негизсиз сынга көңүл бурбайм.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан