ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН ЫМЫРКАЙДЫН ДЕНЕСИНИН САРГАЙЫШЫ

Төрөлгөндөн кийин ымыркайдын денеси саргайып, атайын кам көрүүнү талап кылары белгилүү. Аны кантип кетирүү керек? Кетпей калса эмне болот? Бул боюнча Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбү Абдувалиевадан маалымат алдык.

"СҮТ ЭМИЗҮҮ МЕНЕН КЕТЕТ, ЭГЕР..."

– Жаңы туулган баланын денесинин саргайышынын 2 түрү бар: физиологиялык жана патологиялык. Жарыкка келген дени сак ымыркайлардын көбүндө кездешет жана дененин саргайышы бала төрөлгөндөн кийинки 2-суткада күтүлөт. Эмне үчүн? Анткени баланын организми түйүлдүк кезден өз алдынча жашоого даярдана баштайт. Бала курсакта кезинде организминдеги эритроциттер феталдык гемоглобиндер менен камсыздалган болот. Төрөлгөндөн кийин өсүп жетиле элек гемоглобиндер өзүнүн курамындагы эритроциттер менен кошо бузула баштайт. Башкача айтканда, түйүлдүктөгү гемоглобин жаңы гемоглобиндер менен алмашууга өтөт. Эритроциттердин бузулганынын белгиси – билирубиндин бөлүнүп чыгышы. Билирубин – кызыл-саргыч өңдүү пигмент, бул пигмент көбөйгөндө баланын денеси саргаят. Негизи аталган зат денеден боор аркылуу бөлүнүп чыгат. Бирок ымыркайлардын боору толук кандуу иштей элек болгондуктан билирубиндин бир бөлүгү боордо топтолуп калат. Ушундан улам баланын денеси 2-суткада саргая баштайт. Аны кетирүүнүн жолу – баланы эмизүү. Бала эмчек сураган сайын эмизсе, билирубин эртерээк чыгып кетет. Айрыкча ууз сүттүн пайдасы көп. Балада билирубиндин саны нормадан бир аз көбүрөөк болсо, ал сүт эмүү менен эле кетет.

"БОЛБОСО АТАЙЫН ЛАМПАНЫН АСТЫНА ЖАТКЫРЫЛАТ"

– Эгер билирубиндин саны нормадан бир топ жогору болсо, бала фототерапиядан өткөрүлөт. Ультра кызыл-көк нур бөлүп чыгаруучу атайын лампанын алдында бир нече саат жаткырылып, көзү калың мата менен жабылат. Энеси ошол жерден убагы менен алып эмизип турат. Фототерапия баланы уйкусураткандыктан эмчекти жакшы эмбей коюшу да мүмкүн. Ага карабай ойготуп, жакшылап эмизүү керек.

Дененин саргайышы өз маалында туулган балада 1-2 аптада, ара төрөлгөн ымыркайда 3 аптада кетет. Төрөт үйүнөн чыккандан кийин күн жылуу учурда сыртка көтөрүп же күн нуру тийген терезенин түбүнө көзүн жаап жаткырса болот.

Адегенде баланын бети, анан көкүрөгү, моюну, акырында алаканы менен таманы саргаят. Таманы менен алаканы көп саргайган болсо, анда билирубиндин саны өтө жогору. Врач ошого жараша чара көрөт. Билирубиндин толук кеткени кайра эле алаканы менен таманынан так билинет. Эгер саргаюу 2 аптада кетпесе, анда педиатрга текшертүү зарыл.

"ДЕНЕНИН САРЫСЫ 1 АЙГА ЧЕЙИН КЕТПЕЙ КОЮШУ МҮМКҮН"

– Кээде дененин сарысы 1 айда да кетпейт. Баланын салмак кошуусу жакшы, организминде жат өзгөрүүлөр жок болсо, демек, сарысынын кетпегени – эмчек сүтү аркылуу эстроген гормонунун барып жатканы деп билиңиз. Бул гормон билирубиндин организмден табигый жол менен чыгып кетүүсүнө тоскоол болот.

Баланы эмизбей, убактылуу жасалма сүт менен багып көрүүнү да сунушташы мүмкүн.

"ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН КАНЫНЫН ДАЛ КЕЛБЕСТИГИ ДА КҮНӨӨЛҮҮ"

– Эми баланын денесинин саргайышынын патологиялык түрү тууралуу сөз кылалы. Эгер баланын денеси төрөлгөн күнү эле саргайса, анда организмде билирубиндин деңгээли абдан жогору. Бала уйкусурап, шалдырап, эмчек эме албайт же эмгенин кайра кусуп сала берет. Дароо чара көрбөсө билирубин боордон чыгып, кан аркылуу мээге барып, баланы психикалык-неврологиялык ооруга чалдыктырат. Бала өз маалынан кеч жөрмөлөп, кеч сүйлөп, кеч басат. Айрымдарынын акыл-эси да өспөй, керең же шал болуп калышы мүмкүн. Мунун алдын алыш үчүн иммуноглобулин дарысы вена аркылуу берилет.

ПАТОЛОГИЯЛЫК ТҮРҮ ТӨМӨНКҮ ФАКТОРЛОРДОН УЛАМ ЖАРАЛАТ:

Кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында эне жыныстык жол же аба аркылуу жугуучу инфекциялардан, бөйрөк ооруларынан жабыркаса, кан басымы көтөрүлсө курсактагы баланын денеси канча бир деңгээлде саргаят. Анткени оорулардын айынан түйүлдүккө кычкылтек жетиштүү өлчөмдө барбай калат. УЗИден каканак суусу көбөйүп же азайып кеткени билинет.

Андыктан эне оорудан сактанып, витаминдүү тамактанып, ачууга алдырбай эмоциясын башкара билиши зарыл. Бир жери ооруганын сезсе өз алдынча дарыланбай, врачка кайрылып, текшерилүүсү кажет.

Түйүлдүк кезинде баланын боорундагы өт суюктугу чыгуучу каналдын тубаса бүтөлүп калышы. Мындайда бала тубаса сарык болуп туулат. Заңы агарып, заарасы сыранын өңүндөй болуп турат. Атайын дарылоо жүргүзүлөт. Бирок тубаса болгондуктан боору акырындап циррозго өтөт. Боорун алмаштырбаса 5 жашка жетпей чарчап калат.

Тукум куучулук.

Резус-фактор же эне менен баланын канынын бири-бирине дал келбестиги. Эгер кош бойлуу аялдын каны терс резус-факторго, ал эми күйөөсүнүкү оң резус-факторго ээ болсо, анда ичтеги түйүлдүк атасынын оң резус факторун мурастайт. Ошентип эне менен баланын резус-факторлору дал келишпей калат. Мындайда эненин организминен бөлүнүп чыккан антителалар баланын канынын курамындагы эритроциттерди өлтүрө баштагандан тартып түйүлдүктүн органдары кычкылтек жетишсиздигине кабылат. Ушундан улам түйүлдүктө анемия жаралат. Андан тышкары өлгөн эритроциттер бузулуп, билирубин бөлүнүп чыга баштайт. Натыйжада түйүлдүк саргаят жана башка. Демек, бала туулганда эле денеси саргайып туулат же денеси төрөлгөн күндөн тарта саргая баштайт.

Дарылоодо себептерине жараша дары-дармектер берилип, операция жасалып же кан куюлушу мүмкүн.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан