Нуржан Түмөнбаева, ырчы: “АЯЛДАР УНААНЫ ТАЗА КАРМАБАЙТ”

Бул жолу “Рулдагы жылдыз” рубрикабыздын алкагында ырчы, обончу Нуржан Түмөнбаева айымдын айдоочулук тажрыйбасына кызыгып көрдүк. Ырчы айдаган унааларынын баарын белекке алганын айтат.

Үлгүсү – Toyota Kluger

Чыккан жылы – 2003-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатына 180 чакырым

Баасы – 11 000 доллар

– Нуржан айым, канча жылдан бери рулдасыз? Эң алгачкы унааңыз кайсы үлгүдө эле?

– Рулда жүргөнүмө быйыл 9 жыл болуп калды. Бул бешинчи унаам. Эң биринчиси Daewoo Matiz болчу. Андан кийин Honda Civic айдадым. 3-унаам Honda CR-V болчу, аны атам (ред.: кайнатасы) белек кылган. Ал унааны 4 жыл айдадым. Анан сатып жиберип, ордуна Субару Форестер алгам. Азыркы айдап жүргөн машинемди да атам белек кылды. Атам жаңы машине алган сайын “Нүкү, муну сен айдап ал” деп турат. Негизи “бул машинени минтип каражат топтоп сатып алгам” деп мактана албайм, анткени баарын эле өмүрлүк жарымдан же атамдан белекке алгам. Атам болсо “Нүкү, мотору жакшы элеби?” деп сурап турат, кээде “бул унаа эскирип калды, алмаштырып ал” деп калат. Ошол кишинин, өмүрлүк жарымдын арты менен унаадан унаа алмаштырып айдап жүрөм.

– Рулга жаңы отурган күндү эстесек...

– Алгачкы жолу рулга 3-курста отурдум. Ошол жылы устатым Роза эже (ред.: Аманова) менен Кыргызстанды кыдырып калдык. Бир күнү узак жолдо машине айдагандар чарчап калышты. “Ким машине айдаганды билет?” дешти эле, дароо “мен билем” дедим. Болбосо ага чейин такыр унаа айдаган эмесмин (күлүп). Ошондо биз менен чогуу жүргөн бир байкени сүзүп кетейин дегем. Унаада Асылбек Насиридинов, Элзар Өскөнбаева, Азамат Отунчиев сыяктуу таланттуу адамдар бар эле. Ошондон кийин алар “Нуржан айдаган машинеге отурбайбыз” деп калышкан (күлүп).

– Негизи кандай айдоочусуз? Жол эрежесин көп бузбайсызбы?

– Жол эрежесин көп бузгандардын катарына кирбейм. 2022-жылы 2 эле жолу бузуптурмун, айып кагазы келди. Быйыл эреже буза элекмин. Ылайыктуу жерден катуу эле айдайм. Субару Форестер спорттук унаа болгон үчүн көбүрөөк жакчу, мүнөзүмө дал келген машине болчу. Өмүрлүк жарым “берки унааң эмнеси менен жагат?” десе эле, “бассаң кетет, мага окшоп шар жүрөт” деп тамашалап калчумун. Азыркы унаам кичине салмактуураак экен. Буга деле көнүп калдым, бирок шашканда катуу айдай албайсың. Ысык-Көлгө саатына 100 чакырым ылдамдыкта айдап барчумун. Негизи уруксат берилген ылдамдыктан ашырбаганга аракет кылам. Көпчүлүк учурда кыздарымды ташып жүргөндүктөн өзүмдүн коопсуздугумдан да, алардын коопсуздугун көбүрөөк ойлойм. Биз эми унааны мактанып, бирөөгө көрүнүш үчүн айдаган курактан өтпөдүкпү.

– Эң көп төлөгөн айып пулуңуз?

– Бир жылда 3000 сомдон аша элек. Субаруга чейинки машинеге көбүрөөк айып пул жазылды окшойт, ал машине менин атыма катталган эмес эле, ошого билбей калдым.

– Айдоочулук күбөлүктү окуп алгансызбы?

– Улуттук консерваторияда 4-курста окуп жүргөндө өмүрлүк жарым алгачкы жолу автоунаа белек кылган. Ошондо аны унаа аз жүргөн жерлерден айдап жүрдүм. Анан инструктор жалдап үйрөндүм. 5-курсту бүтүп жатканда айдоочулук күбөлүктү сынак тапшырып алгам.

– Унааңызга кандай кам көрөсүз?

– Унааны таза кармабайм, унаасын кечке тазалап, сылап-сыйпалаган айдоочулардын катарына кирбейм. Кыздарым кичинекей, алар унаада бир нерсе жешет, өзүм 4 жерде иштесем, үйдүн жалгыз келини болсом, тиякка-биякка чуркап жүрүп унааны тазалаганга убактым деле болбойт. Күйөөм “сенин унааңа отурган кишинин жүрөгү түшөт болуш керек” деп калат. Ал өзү таза кармайт. “Аялдар үйдү таза кармашы мүмкүн, бирок унаасын таза кармабайт, ал эми эркектер үйдө байпагын жыйнай албайт, бирок унаасын таза кармайт” деп коюшат го. Ушул туура. Унаамдын ичи гардероб, бардык эле ырчылардыкы ушундай болуш керек. Багажга бут кийимдер үчүн атайын чоң куту салып койгом. Кийимдерим да дайым машинеде жүрөт, айрыкча кышында. Анткени кээде барган жериң даярдап барган костюмуңа ылайык келбей калышы мүмкүн. Дегеним, биз салттуу музыканын алып жүрүүчүсү катары эстрадалык форматта да, комуз менен да ырдап калабыз. Ошого 2-3 костюм сөзсүз камдап жүрөм.

– Бузулса өзүңүз оңдотосузбу же жолдошуңузбу?

– Мындан мурунку унаамды сатыкка коёрдо өмүрлүк жарым “мунуң Субару эмес эле, КамАЗ болуп калыптыр го” деп жатпайбы. Унаам бузулса дайым күйөөм оңдотуп берет, май-сайын да ал алмаштырат. CR-V`ны айдап жүргөндө Алтынай Нарбаева эжекебиздин үйүнө Өзгөн өнөрпоздору менен конокко барып калдык. Ошондо унаамдын фарасын өчүрбөй коюп, аккумулятору отуруп калыптыр. Ал жердеги эркектердин баары оңдой албай коюшкан. Ошондо өзүм аккумуляторду чыгарып “Кудайберген” базарына алып барып кубаттандырып келгем. Канча чакырым жүргөнүмдү деле, май-сайын деле карабайм. Канча бензин коротот, кыймылдаткычынын көлөмү канча, атүгүл айнек жуугучка суу куйганды деле билбейм. Мен айдаганды эле билем, бензин куйганды деле жакында үйрөндүм.

– Унаа сиз үчүн?

– Азыркы заманда астыңда унаа болбосо ишиң аксап калышы мүмкүн. “Артисттин бир көргөнүн ит көрөт, бир көргөнүн хан көрөт” деп коюшат эмеспи, анын сыңары кээде капчыгыңда таксиге акча болуп калат, болбой калат. Таксиде, коомдук унаада формаңды көтөрүнүп жүрө албайсың, кечигип да калышың мүмкүн. Кээде бир күндө 4-5 концертке барган учурлар болуп калат, андайда темир тулпарың жок болсо бир топ эле кыйналат экенсиң.

– Жол белгилерин жатка билесизби?

– Баарын эле билем го дейм. Бир жолу белгини карабай токтотуп коюп, унаамды жүктөп кетейин деп жатканда келип калгам. Ошондон кийин көңүл бура баштадым. Шашмамын. Бир жолу Оштон таякем келип, экөөбүз туугандардыкына баратып байкабай бир тараптуу көчөгө түшүп алыпмын. Ошондон бери таякем “сенин унааңа отуруу коркунучтуу” деп тамашалап калат.

– Көпчүлүк рулда сөгүнөт экен, сизчи, сөгүнөсүзбү?

– Сөгүнөм. Бир жолу кыздарымдын көзүнчө сөгүнүп алгам. Анда улуу кызым кичинекей болчу, менин сөгүнгөнүмдү жаттап алыптыр. Ошондон кийин абайлап калгам.

– Абайлап жүрүңүз, жолуңуз шыдыр болсун!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан