Брэд Питт фильмге даярдануу үчүн чыныгы автожарышка катышат

Жаңы тасмага тартылууга даярдык көрүү үчүн америкалык актёр Брэд Питт атайын автожарыш боюнча Улуу Британиянын Гран при чемпиондугуна катышат. Актёр алгачкы жолу катышмакчы болгон жарышка тиешелүү уруксат кагаздарын алды. “Брэд Питтин Британия Гран-присинде алдынкы орунга чыгышын көрүү үчүн келген күйөрмандар үчүн ушул жайда укмуштуудай оюн болору күтүүлүүдө”,- деп жазышты дүйнөлүк маалымат каражаттары. Маалыматка таянсак, азырынча аталышы жашыруун сакталып жаткан тасмада Питт “Формула 1дин” ардагеринин ролун ойнойт. Каарман келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш жарыш айдоочусуна насаатчы болуу үчүн автожарыш жаатындагы карьерасын кайрадан баштоону чечет. Тасмада Брэд мырза башкы ролдордун бирин гана ойнобостон, продюсерлик милдетти да аткарат. Ал эми тартуучу аянтчада кеңешчи катары автожарыш боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Льюис Хэмилтон иш алып барары айтылды.

"Бул бөлүм бүттү": Скарлетт Йоханссон мындан ары Marvel тасмаларында ойнобойт

Скарлетт Йоханссон жакында берген маектеринде “Марвел” студиясы менен кызматташуусун токтотконун жана мындан ары студиянын тасмаларына тартылбай турганын билдирди.

“Бөлүм бүттү. Мен эмне кылышым керек болсо, колумдан келгенин баарын жасадым. Кайра кайтып келип, Наташа Романоффтун ролун он жыл бою кайра-кайра ойноо – бул мен үчүн уникалдуу тажрыйба болду десем болот”,- дейт Йоханссон.

Эске салсак, Йоханссондун суперкаарманы 2019-жылы "Өч алуучулар: Акыркы оюнда" каза болуп, андан кийин "Кара жесир" фильминде пайда болгон.

Кэти Перри Карл III`түн таажы кийүү аземине катышат

Улуу британиялыктардын жашоосундагы жылдын башкы окуясы – жаңы падышанын тактыга салтанаттуу отурушуна 10 күндөй убакыт калды. Карл III расмий түрдө 6-майда өлкөнүн башкаруучу монархы болуп калат, ал эми эртеси британиялыктар дүйнөлүк жылдыздар катыша турган чоң концертке күбө болушат. Дүйнөлүк басылмалар билдиргендей, бир жума мурун ачыкталган ырчылардын тизмесинде америкалык ырчы Кэти Перри да бар.

Британиялык актёр Орландо Блумдун сүйүктүүсү Кэти Перри менен түзүлгөн атайын келишимде бул ырчыга өзгөчө сый каралган. Тагыраагы, ырчы олчойгон гонорардан сырткары, ага айтылуу Виндзор сарайында бир түн түнөө сунушталган. Атайын ырчы үчүн эксклюзивдүү бөлмө бөлүнөт. Мындай сунуштан эч бир атактуу баш тарта албасын дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Кэти Перри Вестминстердеги таажы кийүү аземинен кийинки түнү концертке катышат.

АКШда Ким Кардашьянга окшошуу үчүн операция жасаткан модель каза болду

Америкалык 34 жаштагы модель Кристина Эштен Гурканинин Голливуд жылдызы Ким Кардашьянга окшошуу үчүн жасаткан кезектеги операциясы анын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу моделди акыркы сапарга узатуу үчүн каражат чогултуп жаткан туугандары маалымат каражаттарына билдиришти.

Өзүн расмий түрдө "Ким Кардашьяндын эгизи" деп жарыялаган Кристина Эштен 20-апрелде операциядан кийин жүрөгү токтоп каза болду.

Белгилей кетсек, Кристина Эштен Гуркани социалдык тармактарда Ким Кардашьянга окшоштугу менен таанылган. Ал кумиринин ар бир образын туурап, ага окшошуу үчүн оозун, көкүрөгүн, жамбашын чоңойтуп, жүзүнө көптөгөн пластикалык операция жасатып өзү каалаган жыйынтыкка жеткен. Басылмалар белгисиз себептерден улам маркум моделдин сөөгү 4-майда гана жерге бериле тургандыгын жазышат.

Рассел Кроу "Гладиатор" тасмасына тартылгысы келбегенин моюнуна алды

Жаңы зеландиялык актёр Рассел Кроу учурунда ага «Оскар» сыйлыгын жана атактуулукту алып келген "Гладиатор" тасмасына тартылууга дароо макул болбогонун билдирди.

«Мен өзүмдүн актёрдук жөндөмүмө ишенчүмүн. "Гладиатордогу" ишенбеген нерсе – менин айланамдагы атмосфера болчу. Негизи бул сонун концепция эле, бирок сценарийи абдан начардай сезилген. Анда ийгиликсиз идеялар көп болчу. Сценарийди эч нерсеге жарабаган таштандыдай элестеткем. Андыктан менде тынч эле учакка отуруп, качып кетүү ойлору жаралган»,- дейт актёр. Тасманын режиссёру актёрду бул пикиринен баш тартууга көндүрүп, ал үчүн сценарийди кайра жазып чыгууга макул болуп, көбүн кайра жазышкан.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан