Шамилбек Бекбосун уулу: “АКЧА МЕНИ КӨПТҮРГӨН, ЖЕКЕ АЙДООЧУ ЖАЛДАСАМБЫ ДЕП ДА КАЛГАМ...”

Тасмаларда роль жаратып, вайндарды тарткан, тасмалардын сүрөтчү-коюучусу жана жөн эле өзү аткарган каарман Шамалга окшоп шыпылдаган Шамилбек Бекбосун уулу маек төрүбүздө. Жашоосу кызыктуу экен, түркүн окуяларга бай турмушу, чыгармачылыгы тууралуу маектен окуңуз.

Туулган жылы, күнү: 1991-жыл, 4-декабрь

Туулган жери: Бишкек шаары

Тартылган тасмалары: “Акча”, “Ванчопа”, “Кошунаны тандабайт”, “Эл эмне дейт?”

– Шамил, салам! Маекти сиз төрөлгөн күндөн баштагым келип жатат...

– Салам! Мен мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм, ата-энем кыргыз тили мугалимдери. Мен да алардын багыты менен университетте кытай тилин окугам. Бирок аягына чыккан жокмун, меники эмес экен. Иштегим келип туруп алды. 16 жашымдан тарта иштеп, өзүмдү каржылап, үйдөгүлөргө жардам беримиш эттим. Кичинемде эле бир жерде тура албаган, дайыма изденген бала болчумун. Мен иштебеген жумуш жок. Кийиз буюмдарынын чебери, официант, жүк ташуучу, айнек ташуучу, күзөтчү, айтор, Бишкекти кыдырсак “ушул жерде иштегем” деп көп жерди көрсөтүп бере алам. Бир күнү социалдык желеден бир студиянын “бизге стажёрлор керек” деген жарнамасын окуп калдым. Барсам мени сүрөтчү-коюучу катары жумушка алышты. Өзүм ал тууралуу эч нерсе билчү эмесмин, изденип отуруп үйрөндүм. Бара-бара чоң долбоорлор башталды, студия кеңейди. Кийин өзүм балдарды кабыл ала баштадым, азыр 10дон ашык кишиден турган сүрөтчүлөрдүн тайпасын жетектейм.

– Актёрдукка ошол студиядан аралашып баштаган экенсиз да?

– Ооба, бир жолу “Эл эмне дейтти” тартууда бир актёр келбей калып, режиссёру Радик Эшимов “сен тартылып берип койчу” деди. Ошентип башталган актёрлугум. Кийин ошонун негизинде кино тартмай болуп калышты. Анан менин каарманымды алып салмак беле, “ойноп бер” дешти. Кинодо сүрөтчү да, актёр да болдум. Балдар даярданып жатканда тартуучу жерди курчубуз. Тердеп-кургап келип “тартабыз” дегенде отуруп калам. Ошон үчүн мага текстти аз беришкен. Менин каарманым – сүйлөбөгөн, дулдуйган, айылдан келген бала катары сүрөттөлөт. Көбүнчө “Эл эмне дейтте” “сага жарашат” деп улуу байкелердин, жезделердин, мастардын ролун бере беришчү. Ошолорду ойноп, элге улуу байке, жезде катары таанылып калдым. Биздин студиянын тасмаларына тартылып жатам. Башка студиялардан сунуш түшпөй жатат эмнегедир. Мас эмес, улуу эмес, башкача ролдорду деле ойногум келет. Университетке тапшырып актёрлук же режиссёрлукту окуюн деп жатам. Көрсө, мурда ар кайсы жакта иштеп өзүмдү издеп жүрүптүрмүн. Чыгармачылыктан өзүмдү таптым.

– Вайн да тартып жүрдүңүз...

– Бир убакта Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев менен вайн тартып көрдүк. Мага жага бербейт. Убакыттын өтүшү менен адамдын ою, баалуулуктары өзгөрөт экен. Вайнды жаман дебейм, мага кызыксыз болуп калды. Чоңураак долбоорлордо иштегим келип жатат. Кээде Актан байке жарнамалык роликтерге тартылууга чакырып калат, текеберленбейин, Актан байкенин сөзүн эки кылбайын деп тартылып коём.

– “Акча” сериалындагы ролуңуз боюнча айтсаңыз...

– “Акча” сериалына тартылууну Радик өзү сунуштап калды. Каарман мага да окшошуп кетет экен. Бир жолу Радикке башымдан өткөн бир окуяны айтып бергем. Ошондон улам бул ролду атайын мага ылайыктап жазыптыр. Кубандым, ыраазы болдум. Бул роль үчүн чачымды өстүрдүм. Чачым тармал да, мурда ошондон уяла берчүмүн. Тасмадан кийин бул образ жагып калды, калтырып койдум.

– Радик Эшимовго айтып бердим деген окуяңыз кызыгуу жаратты...

– Бир жылдары Элдик лотерея популярдуу болбоду беле. Аны чет өлкөлүктөр ачкан. Ошол жакта дистрибьютор болуп иштедим. Шыпылдап көбүрөөк билет сатып койчумун. Анан башка кесиптештерим “меникин да сатып берчи” деп келишчү. 10 күндө жүз миңдеп акча таба баштадык. Өмүрү анча акча көрбөгөн жаным эмне кылышты билбей кутуруп кеттим. Кымбатка кийинип, кымбат ресторандан тамак жеп, акчамды санабай калгам. Досторум да көбөйдү. Эртең менен 11ге чейин билеттерди жеткирип берип коюп, 11ден баштап ресторанда отурчумун. Үйдөгүлөр менен жашабайм деп батир ижарага алып жашадым. Такси менен жүрөм. Азыр эстесем күлкүм келет, айдоочу жалдап алсамбы деп да ойлогом (каткырып). Акчаны санабай калгандыктан башкалардын акчасын да корото бергем, аягында 300-400 миң сомдой карыз болуп калдым. Алар доолай баштады. Аңгыча болбой мени жумуштан чыгарып салышты. Кутуруп жүрүп жумушка барбай калгам да. Ошентип акчам да, досторум да калган жок. Тигилер мени издеп башташты. Үйгө келишет, эшикти ачпайм. Ал учурда апам Москвада иштечү. Эне баласы жөнүндө жаман нерсе укса, көбүртүп салат го. Апама мени бүт Кыргызстан издеп жаткандай сезилип, уктабай калыптыр. Баламды карызы үчүн өлтүрүп кетет экен деп ойлоптур. Апам чалса да албай жаткам. Бир күнү “сага билет алдым, бул жакка келип иштеп, карыздарыңдан кутул” деди. Эмне кыларымды билбей жаткам да, Кудай берди дедим. Кетер күнү такси чакырдым, капюшонду кийип, көз айнекти тагынып алып үйдөн чуркап чыгып унаага отурдум да, арткы отургучуна жатып алдым. Анткени карыз доолагандар үйдүн алдынан кетпей калышкан болчу. Таксист байке “ай, сен эмне, бандитсиңби?” дейт. “жок, мен карызмын, издеп жүрүшөт” дедим. Көрсө, анчалык деле болбоптур (күлүп). Өзүм эле чоң окуя кылып алыптырмын. Аэропортко жеткенде байкеге “күмөндүү бирөө көрүнгөн жокпу?” деп коём. Мени тим эле аэропортко чейин издеп барышкансып. Так эле кинодогудай, капюшонду баса кийип алып эки жакты карап баргам. Паспорт текшерген жерден “маалыматтар берилсе, ушул жерден кармап алышса эмне кылам?” деп ойлоп, паспортту берип жатып калтырайм өзүмчө эле. Ошону эстеп ойногом тасмада. Учакка отуруп дагы “Мокванын аэропортунан кармап алса эмне кылам?” деп ойлогом (күлүп).

– Москвага барып эмне жумуш кылдыңыз анан?

– Кассир болуп иштедим, бир жыл иштеп карыздарымдан кутулуп, кайра келдим. Келсем “Элдик лотерея” жабылып калыптыр. Мени менен иштегендер көп акча жеп, батир сатып алып, завод ачып, айтор, байып кетишиптир. Кыңыр иштери билинип, териштиребиз дегенде мамлекет “Элдик лотереяны” жаап салат. Бирок арам акча буюрбайт. Кандай болгон күндө да кусуру бар, бирөөнүн акысы да. Акыры түбү сага болбосо, балдарыңа, жакындарыңа жетет.

Ушундай окуя башымдан өткөндүктөн тасмадагы каарманымды жан дүйнөм менен берилип ойнодум. Кайгырган жеринен чын жүрөгүм менен эзилип, тартуу иши бүткөндө да кыйналып жүрдүм. Шамал - адашкан адам, ал жагдайдан чыгуу жолдорун билбейт. Бала кезден билген жолу – алдоо. Бирөө жол көрсөтсө, ал абалдан чыгып кетмек.

– Негизи, карыз алуу-берүүгө кандайсыз?

– Мурун деле айлыктан айлыкка иштеп, жеткире албай карыз алчумун. Атам каза болуп калган. Үйдө кичинекей бир туугандарым, апам бар. Аларга да жардам беришим керек. Карыз аласың, жакындап калганда башкадан карыз алып аны жабасың. Жашоомдун бир бөлүгү ушундай өттү. Дайыма карыз болчумун. Билем да, карызды бере турган маал жакындаганда кандай болорун. Тамак жей албай, уктабай каласың, сарсанаа боло бересиң, телефон чалса жүрөгүң дүкүлдөйт. Карыз албай деле жашоо мүмкүн экен. Кандайдыр бир жагдай болсо, аны жеңил чечиш үчүн карыз ала коёсуң. Карыз албайм деп принцип койсоң, чечүү жолдорун издеп баштайт экенсиң, жолу чыгат экен, болгону бир аз күтүп, кыйналып туруш керек. Карыз – тузак, артка тартат, мүмкүнчүлүктөрдү чектеп коёт.

– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар бар?

– Башым бош. Буга чейин 3 жылга жакын бир кыз менен сүйлөштүм. Колун сурап, үйлөнөбүз деп калганбыз. Жашоо ушундай экен, тилекке каршы, эки жолго түшүп калдык.

– Ийгилик, бакыт каалайм!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан