ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-майдан 14-майга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Жумушта кесиптештериңиз менен болгон майда-чүйдө чатактар, үй-бүлө мүчөлөрү менен келишпестиктер сиздин маанайыңызга таасирин тийгизбейт. Сүйүүдө эч кандай милдеттенмеси жок мамиле курууга ыктайсыз. Бирок мындай мамиледе туруктуулук жок болорун түшүнөсүз. Келбетине нааразы болгон айымдар, эксперимент жасап өзгөрүүгө кадам ташташса болот. Буга чейин даамын татып көрбөгөн экзотикалык тамактарды, суусундуктарды жеп-ичип көрүңүз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Иштерди ийгиликтүү бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кесиптик милдеттериңизди аткарууда буга чейин келише албай жүргөн адамдар менен тил табышууга, макулдашууга жетише аласыз. Үй-бүлөдө жана достор арасында баарлашуу өзгөчө жылуу жана ишенимдүү маанай тартуулайт. Карыздарыңыздан кутулуп жеңилдейсиз. Ар кандай кече, майрам, үлпөт тойлорго чакыруу түшсө калтырбаңыз, бул сиздин апта бою жакшы маанайда жүрүшүңүзгө шарт түзмөкчү.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Жумушка байланыштуу көптөн бери келе жаткан чырды чечесиз же бизнестеги атаандаштарыңыз менен күрөштө жеңишке жетишесиз. Жеке жашоодо убактылуу, көз ирмемдик эмоцияларга ишенбеңиз, сүйүү азгырыктарынын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Жумушта жетекчиликтен эскертүү аласыз, бирок ага карабай айлык маянаңыз көбөйөт. Чыгармачылык менен алектенген эгиздердин эргүүсү ойгонуп, идеяларды ишке ашырууну пландашат.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Көпчүлүк бөйөндөр ички туюмун укпагандыктын айынан өзүнө көп көйгөйлөрдү жаратып алышы мүмкүн. Кесипти туура эмес тандоодон баштап, сүйүү мамилесиндеги жагымсыз өзгөрүүлөргө чейин. Бул мезгилде жогорку кызматтагы адамдар менен чыр-чатакка барбай турганыңыз оң. Унчукпай коюу сизге алда канча көп пайда алып келет. Бойдоктор жоопсуз сүйүүгө кабылышат. Өзүңүзгө болгон ишеним жогору болсо, ийгилик көпкө күттүрбөйт.


АРСТАН (23.07–23.08)

Арстандар турмуштук тажрыйбасы бай адамдардан кеңеш жана жардам сурашы керек. Муну менен алар чечим кабыл алуу милдетин өздөштүрүп, жашоосун жеңилдете алышат. Сүйүүдө түгөйүңүздөн көңүл калуулар болушу мүмкүн, буга анын сиз менен кеңешпей иш кылганы, каржысын бөлүшпөгөнү себеп болот. Бирок дароо кол үзбөңүз, ага ойлонууга убакыт бериңиз. Унаа сатып алгысы келген арстандардын тилеги орундалат.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Бийкечтер жумуштагы түйшүктүү иштерден, тапшырмалардан качпашы керек. Анткени эмгегиңиз үчүн сөзсүз түрдө татыктуу сый акыга ээ болосуз. Чала тааныш адамдар менен сүйлөшүүдө этият болуңуз, сырты сүйкүмдүү көрүнгөнү менен, сиз тууралуу купуя маалыматтарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн топтоп жаткан болушу мүмкүн. Эс алууга көңүл буруп, ден соолугуңузду чыңдаңыз, саламаттыкка убагында кам көрүү – көп оорулардын алдын алат.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Бизнес баштоо тууралуу ойлонуп, бул багытта билимиңизди тереңдетесиз. Кесиптештер менен талашып-тартышпаңыз, бул нерсе сиз пландаган көп иштерди жокко чыгарып жиберет. Жакында сүйүү мамилесин баштагандар сүйүктүүсүнүн өтмүшү тууралуу маалымат чогултуп, аны башкалардын көзү менен кароого аракет кылышат. Ал эми сүйүүсүн издеген бойдоктор виртуалдык дүйнөдөн чыгып, тегерек-четин караганы туура.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Сүйкүмдүүлүгүңүздү, чечендигиңизди пайдаланып керектүү адамдардын көзүнө түшө аласыз. Ушул убакка чейин өзүңүздөгү өзгөчө таланттарды байкай элек болсоңуз, жок дегенде алардын бирөөсүн табууга аракет кылыңыз – ошондо сөзсүз ийгиликке жетесиз. Материалдык көйгөйлөрүңүздү жарым-жартылай чече турган пайдалуу сунуштар түшөт. Бойдоктор романтикалык жолугушуу кечесинен баш тартышпаганы оң.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Каржылык абалыңыз бир топ жакшырат, бирок түшкөн кирешени көз ирмемдик муктаждыктарга жумшоого шашпаңыз. Сизде аны пайдалуу иштерге коротуу аркылуу көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Жеке мамиледе тубаса өзүмчүлдүгүңүздөн баш тартыңыз. Сиздин сүйүктүүңүз бул аракетиңизди баалайт, каалооңузду жана “каприздериңизди” шыктануу менен аткарат. Үйдө оңдоп-түзөө иштерин баштоо ыңгайлуу.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Эмоционалдык абалыңыз туруктуу болуп, көп ийгиликтерге жол ачылат. Сүйүү издеп же мурунку өнөктөшүн унута албагандарга апта жагымдуу болот. Каржылык абалыңыз сизди тынчсыздандырышы мүмкүн. Күтүлбөгөн чыгашалар болуп, буга чейин топтогон акчаңызды иштетип саласыз. Өспүрүм балаңыз болсо мүнөзүндөгү өзгөрүүлөрдү талдап көрүңүз, балким, мектепте теңтуштары менен келишпестик болуп жаткандыр.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жашооңузда кардиналдуу бурулуш болбойт, ошентсе да жакынкы мезгилге өзүңүздү андай өзгөрүүлөргө даярдай бериңиз. Өзүңүздү төмөн баалаганыңыздан улам көп ийгиликтер жаныңыздан өтүп кетиши мүмкүн. Мисалы, эл алдында туура эмес сүйлөө, интервьюга же маанилүү сынакка кечигүү, жетишпей калуу сыяктуу кесепеттерге алып келет. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз, жеген тамагыңыздын сапатын жана диетаны көзөмөлдөңүз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Эч нерседен кабатыр болбоңуз, кыйынчылыктар сизди айланып өтөт. Берилген тапшырманы ойдогудан да жакшы аткарып жетекчиликтин сыйына татыйсыз. Кесиптешиңиздин бири менен кызматтагы роман тутанып кетиши мүмкүн. Сезимтал балыктар жакындарынын ар бир сөзүн жүрөк аркылуу өткөрүп, майда-чүйдө сөздөргө таарынып калмай жайы бар. Бирөөдөн карызга акча алуу сунушталбайт, кийин төлөй албай кыйналасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан