МИОМА – ЖАТЫНДЫН ЗАЛАЛСЫЗ ШИШИГИ

Бул дарт өтүшүп кетсе аялды жатынсыз калтырып, эне болуу бактысынан ажыратат. Көбүнчө 30-50 жашка чейинки аялдар ооруйт. Дарт жатында улам чоңоё берет. Чоңойгон сайын этек кир абдан көп келип, табарсыкты кысып, катуу оорутуп аялдын абалын оорлотот. Сөз жатындын шишиги – миома боюнча болуп жатат.

Аялдардын орточо 20 пайызы ооруйт

Миома – жатындагы залалсыз шишик. Жатындын булчуңдуу катмарында (миометрий) жана тутумдаштыргыч ткандарында жаралат. Саны боюнча бир же бир нече болушу, өлчөмү бир нече миллиметрден 15 сантиметрге чейин жетиши ыктымал.

Айта кетсек, шишик – адатта 1 ткандын убагы жетсе да өлбөй, кайра бөлүнүп көбөйө берүүсүнөн жаралат.

Миомадан көбүнчө 30-50 жаштагы аялдар жабыркашат. Турмушка чыга элек, 18-20 жаштагы кыздарда сейрек кездешет. Илимий маалыматтарга таянсак, дүйнөдө аялдардын орточо 20 пайызы аталган ооруга туш болушат. Миома кош бойлуу болууга оңою менен мүмкүнчүлүк бербеген дарт. Өлчөмү кичирээк кезде гана аялда кош бойлуу болуу ыктымалдыгы бар. Дарт белгилери билинбей өнүгөт. Миома мончо же саунага көп барганда андагы ысыктан, унаа менен жүргөндө анын термелүүсүнөн, массаждан (ичтин ылдый жагы кошо массаждалса), күнгө күйүүдөн, такай ысык жерде туруп тамак-аш даярдоодон батыраак өсөт. Миоманын белгилери билинер замат текшерилип, дарыланса, анда аялдын жатынын сактап калууга мүмкүн. Дарт өтүшүп кетсе, аял балалуу болуу бактысынан ажырайт.

Келип чыгуу себептери

Келип чыгуу себептери азыркыга чейин так эмес. Ошентсе да окумуштуулар төмөнкү жагдайлар себепкер болот дешет:

Гормоналдык бузулуу. Башкача айтканда, эстроген гормонунун өлчөмүнүн көбөйүшү. Аталган гормондун көбөйүшүнө зат алмашуунун начарлашы, семирүү жеткирет.

Аборт (түйүлдүктү кырып алуу)

Стресс, депрессия

Тукум куучулук

Жатындын сезгениши

Жатындын эндометриоз оорусу

Жатынга жасалган гинекологиялык операциялар

Оорунун белгилери

Этек кирдин келүү мезгилинин бузулушу

Жыныстык катнаштагы оорутуу

Ичтин төмөн жагынын оорушу

Миома өскөн сайын этек кир адаттагыдан көп жана узак убакытка келе баштайт. Кан кетүүнүн айынан анемия жаралат. Кан келип жатканда аялдын өңү бозоруп, ээги кеберсип, бат-баттан суусайт, башы айланат. Этек кир келгендеги оорутуу бычак менен сайгандагыдай же толгоо келип жаткандагый болушу ыктымал.

Өлчөмү чоңойгондо ич да чоңоёт. Миома бала сымал өсүп-чоңоё берет да, табарсыкты, ичке ичегини кысып баштайт. Андыктан бат-баттан заара ушатуу, ичтин катышы келип чыгат.

Түрлөрү

Субсероздуу түрү. Жатындын сырткы бетинде өсөт

Субмукоздуу түрү. Жатындын ичинде өсүп, сейрек кездешет. Кээде жатын моюнчасы менен жыныс кынына чейин өсүп кетиши мүмкүн

Интрамуралдык түрү. Жатындын керегесинде өсөт. Ушул түрү эң көп кездешет

Жатын моюнчасында өсүүчү түрү

Центрипеталдык түрү. Жатындын ичинде, булчуңдардын арасында өсөт

Диагноз

Кичи жамбаштын УЗИси. УЗИ миоманын жайгашкан жерин, санын жана кандай түрү экенин тактоого мүмкүндүк берет

Онкомаркер анализи

Гистологиялык анализ. Атайын медициналык кататер менен жатындын эндометрий булчуңунан анализ алынып, гистологияга жиберилет

Диагностикалык лапароскопия. Бул жатындан сыртка өскөн миоманын бар же жок экендигин аныктоо үчүн керек

Диагностикалык гистероскопия же жатынды аппарат менен текшерүү

Эгер миома чоң болсо магниттик-резонанстык томография керектелет

Дарылоо

Консервативдүү дарылоо. Бул ыкма дарттын өлчөмү 5-6 сантиметрден кичине болгон учурда жүргүзүлөт. Узак убакыт керектелет. Дарылоодо этек кирдин келүү мөөнөтүн калыптандыруучу гормоналдык, анемияга каршы жана иммунитетти көтөрүүчү дарылар, диета (зат алмашууну кабыпка келтирүү үчүн), витаминдер топтому сунушталат.

Операция ыкмалары

Миоманын кайда жайгашкандыгына, өлчөмүнө, бейтаптын кошумча оорусу бар же жок экендигине жана жаш курагына карап операциянын кандай ыкмасы ылайыктуу экенин врач чечет.

Ыкмалар:

1) Ачылып жасалуучу операция. Бул миоманын өлчөмү чоң, саны бир нече жана жатындын сыртында жайгашкан учурда колдонулат. Аденомиоз дартына миома дарты кошулган учурда да ушул ыкма сунушталат.

2) Гистероскопия ыкмасы. Бул миома жатындын ичинде өсүп, өлчөмү кичине болгондо пайдаланылат. Аталган 2 ыкмада тең жатынды сактап калууга болот. Эгер аял төрөбөйм деп чечсе жана жатын берчке айланып кеткени билинсе анда операцияда жатын толугу менен алынып салынат.

3) Жатындын артериясынын эмболизациясы. Заманбап ыкма. Жатындын ичиндеги миома азыктанып жаткан артерия кан тамырына атайын зат куюп, тамырды бүтөө. Бул процедура орточо 30 мүнөткө созулат. Азык-зат барбаган миома өсүшүн токтотот, кичирейет. Кан башка тараптан айланып өтө берет. Операциялык дарылоо (кандай учурда жасалат?)

Жатындан кан такай жана көп кетсе

Миоманын өлчөмү 10 сантиметрден чоң болуп, коңшу органдарды кыса баштаса

Субсероздук миоманын “буту” кайрылып калганда

Кайсы бир себептер менен азык-зат жетпей миома кургап баштаганда

Аденомиоз (бети убак-убагы менен сыйрылып кан агуу, оорутуу менен коштолгон жара түрү) дартына миома дарты кошулганда

Миома кичине кезде бойго бүтүп калса эмне болот?

Миома жатындын сыртында жана булчуңдардын арасында болсо, анда кош бойлуулукка жана төрөткө кедергисин тийгизбейт.

Аял врачтын көзөмөлүндө болуп, текшерилип турат. Төрөттөн кийин жатын акырындык менен жыйрылып калыбына келет. Ушул убакыт аралыгында миоманын чоңойгону билинсе алып салынат. Эгер өскөнү билинбесе анда байкоодо болот.

Миома жатындын ичинде же жатын моюнчасында болгон учурда бойго бүтүү сейрек кездешет. Мындайда азык-зат түйүлдүккө азыраак, ал эми миомага көбүрөөк кеткендиктен (шишик азыктын көбүн соруп алат) түйүлдүк өспөй калышы мүмкүн. Өспөй калган учурда операция жасалып, миома да, түйүлдүк да алып салынат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан