ОЛИМПИАДАДАГЫ ҮЧҮНЧҮ ЖЕҢИШИН ЭҢСЕГЕН РОМАН ВЛАСОВ

Спортчу тууралуу

Толук аты-жөнү – Власов Роман Андреевич

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 6-октябрь

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 77 килограмм

Машыктыруучусу – Виктор Кузнецов

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү. Жубайы Виолетта Колобова, спортчу. Экөөнүн Лео аттуу уулу бар.

Жетишкендиктери – Эки жолку Олимпиада (2012, 2016), дүйнөнүн үч жолку (2011, 2015, 2021), Европанын төрт жолку (2012, 2013, 2018, 2019) чемпиону.

Балалыгы кыйын доорго туш келген

Болочок Олимпиада чемпиону, келечекте миллиондогон жаштардын кумирине айланчу балбан Орусиянын Новосибирск шаарында төрөлгөн. Атасы үй-бүлөсүн таштап кетип, апасы Татьяна эки уулу – Артём менен Романды жалгыз тарбиялаган. 90-жылдардагы каатчылыкта апасы балдарын багуу үчүн 2 жумушта – күндүз мектепте мугалим болсо, кечинде бала багуучу болуп иштөөгө аргасыз эле. Ал эми кичинекей Романды кароо милдети агасына жүктөлгөн. Романды күрөшкө дал ушул агасы алып келген.

Жылдызы өспүрүм кезде жанган

6 жаштагы Роман грек-рим күрөшүнө барган агасын ээчип алчу. Болочоктогу балбан ошол кезде СССРдин атактуу балбаны Александр Карелин машыккан бөлмөдө ойноп жатканын, кийин ал анын жашоосундагы эң жакын адамына айланарын билген эмес. "Эсимде, залга дайыма жумшак оюнчуктар менен келчүмүн. Кичинекей коёнегим бар эле. Мен аны кийим алмаштыруучу жайга өзүмө каратып коюп, ал мени чын эле карап жаткандай элестетчүмүн",- деп эскерет алгачкы машыгууларын Власов.

9 жашында Сибирь аймагында өткөн чемпиондуктарга тынбай катышып, 12 жашында бүткүл орусиялык чемпиондукта 2-орунду ээлеген. Алгачкы ийгилик Романга окуучулар арасында атак-даңк берсе да, ал жөнөкөйлүгүнөн жазган эмес. 15 жашында олимпиадалык резерв мектебине кабыл алынган. ЖОЖго да тапшырып, бирок машыгуулардын айынан жарытып окуган эмес.

2020-жылкы Олимпиадага катышпай калган

2020-жылы Власов Токио Олимпиадасына даяр турганда, коронавирус пандемиясы спортчунун планын бузат. 2021-жылы тандоо турунда балбан ката кетирип, оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын теледен күзөтүп турган балбан ошол учур тууралуу мындай дейт:

– Ал күндөр мен үчүн өтө оор болду. Бирок бул тарых да. Кыязы, мен ушундай жолду басып өтүшүм керек болду окшойт. Актанууга эч кандай себеп жок. Польшадагы турнирде ката кетирдим –атаандашымды жеңе алган жокмун. Жакшы жагы – бул менин спорттук карьерамды узартты. Үчүнчү жолу Олимпиадада жеңүүчү аталып, спорттон кетким келген. Эми мына, дале активдүү спортчумун. Олимпиада чемпиону болуу кыялы дагы деле жүрөгүмдө күйүп турат. Ага жетүү үчүн болгон аракетимдин баарын жасайм.

Алгачкы жеңиштери, сыноолор жана ийгиликтер

Окууда ийгилик жылмайбаса да, 2007-жылдары Роман Власов спортто алгачкы жеңиштерди багынтууга киришет. Бирок 2007-жылы далысын чыгарып алып, 3 жылга мелдештерден четтөөгө аргасыз болот. Ошол учурда кадимкидей чөгүп кеткенин айтат спортчу. Кийинчерээк ага мыкты хирургдар операция жасап, узакка созулган реабилитациядан соң көптөн күткөн машыгууларына кайткан.

2011-жыл спортчу үчүн ийгиликтүү жыл болду: ал эки чемпиондукту жеңип, 20 жашында Орусиянын жана Дүйнөнүн чемпиону деген наамдарды утат. Ушул эле жылы грек-рим күрөшү боюнча Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери аталган.

2012-жылы Лондон Олимпиадасына катышып, алтын медаль уткан. 2015-жылы Лас-Вегаста өткөн мелдеште жеңишке жетип, кайрадан дүйнө чемпиону аталган.

Власовдун карьерасында олуттуу жеңилүү болгон эмес (2023-жылдын 26-апрелинде Алматыда өткөн беттеште кыргыз балбаны Акжол Махмудовго жеңилгенин эске албаганда). Буга чейин Европа чемпиондугунда бир жолу коло, Дүйнө чемпиондугунда бир ирет күмүш медаль алып калган жайы бар. Калган бардык мелдештерде – утканы алтын.

Власов-Махмудов беттеши

Спортчунун ысымы Кыргыз коомчулугуна да жакшы тааныш. Ал буга чейин балбан Акжол Махмудов тууралуу жылуу пикир айтып жүргөн. Жакында – 26-апрель күнү Алматыда “Поддубный” лигасы өттү. Анын негизги беттеши Роман Власов менен “Токио-2020” Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудовдун кез келиши болду. Биринчи бөлүктө Власов активдүү күрөшкөнү үчүн 1 упай алса, экинчи бөлүктө ушундай эле упайды кыргыз балбаны алды. Жыйынтыгында жалпы эсеп 1:1 болуп, Акжол Махмудов акыркы болуп упай алганы үчүн жеңүүчү аталды.

Эртеси кыргыз балбаны: “Беттештен кийин эки сааттай сүйүндүм, андан кийин өзүмдү Роман Власовдун ордуна коюп көрдүм. Азыр менде сүйүнгөнгө каалоо деле жок. Ал менин жакын адамдарымдын бири, мен эми баарын унутуп, машыгуумду улантышым керек. Жеңишти майрамдагым келген жок”,- деди. Махмудов аэропорттон Власовду көкүрөк кыса кучактап, мекенине жылуу узатты.

Ал эми Роман Акжол мырзанын адамгерчилигине таң калганын айтып, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

Күрөштү таштап, эрежесиз урушка өтөбү?

Власов тууралуу “эрежесиз урушка кетет” деген кептер чыккан. Бул тууралуу балбан өзү мындай дейт:

– Хабиб (ред.: Нурмагомедов) менен достук, абдан жылуу мамиледебиз. Дагестан өлкөсү мен үчүн – күрөштүн аймагы. Ал жерде өзүмдү өз үйүмдөгүдөй сезем. Андыктан аталган өлкөгө барып-келип турганды жакшы көрөм. Күрөш менен алектенип жатканыма 26 жыл болду, мен үчүн күрөш – жашоо, менин ышкым, сүйүүм. Жашоодо жетишкен ийгилигимдин баары күрөштүн артынан келди. Күрөш мага наам, даңк гана эмес, жашоо образын, жашоо философиясын үйрөттү, ой жүгүртүүм, дүйнө таанымым өзгөрдү. Ошондуктан башка спортко өтүп кетем деп айтуу – чыккынчылык. Өмүр бою күрөштү өнүктүрүүгө жана мүмкүн болушунча активдүү спортчу катары күрөштө калууга аракет кылам.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан