БИР БҮРКҮМ. БЕНЗИН КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН...

  • Бишкек-Москва багыты боюнча кошумча авиакаттам ачылганын “Манас” аэропорту маалымдады.
  • 1-майга караган түнү Чүйдө 25 жаштагы жигит кыз ала качууга шектелип кармалды.
  • Чүйдүн Аламүдүн районунда айылдык кеңештин депутаты аймактар аралык бөлүнүүгө шектелип кармалды.
  • Кыргызстан 15 көчмө гемодиализ аппаратын сатып алганы кабарланды.
  • Улуттук статистика комитети: Өлкөдө 1 айда дизель майынын баасы 1 сом 15 тыйынга арзандады.
  • “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетин отставкага кетирүү демилгесин тийиштүү комитет четке какты.
  • Чүйдө жарандан 40 миң доллар пара талап кылууга шектелип 33 жаштагы блогер кармалды.
  • Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргыздын 1,5 миллион жараны чет өлкөдө иштейт.
  • Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Өлкөдө май айында бензин 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.
  • Депутат Балбак Түлөбаев “блогерлер чектен чыгып кетишти, аларды тартипке салыш керек” деп билдирди.
  • Куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судандан 6 Кыргыз жараны Орусияга эвакуацияланды.
  • Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилди, кирешеси 18 миллиард 390 миллионсом деп пландалды.
  • Өлкөдө жакыр жашаган 120 миң үй-бүлөнүн ар бирине гумжардам катары 10 литрден өсүмдүк майы берилет.
  • Марат Пирназаров Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Кытай менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режим киргизүү пландалып жатканы расмий маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан