Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр. Маалыматты 28-апрелде парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. 17-19-майда президент Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат, ошондо долбоордун каржылык үлгүсү бекитилиши мүмкүн.
– Эгер мамлекет башчылары каржылоо үлгүсүн бекитишсе, анда иш башталат,- деди Акылбек Жапаров.
Апрелдин аягында Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбордук Азия мамлекеттерин транспорттук туюктан чыгара турганын белгиледи.
21-24-апрелде аталган долбоор боюнча Кыргызстанга Кытайдан атайын делегация келип кетти. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын билдиришинче, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 3 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, темир жолдун курулушун иш жүзүндө баштоо боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.
Маалыматка таянсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун наркы 3-5 миллиард доллар деп пландалууда.