1-этап: 20-21-май күндөрү.
2-этап: 23-24-май күндөрү.
3-этап: 23-24-июнь күндөрү (белгилүү себептерден улам тест тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн).
Тестирлөөдөн 1 күн мурун тест тапшыруучу борборлор даярдалат. Демек, 19-май, 22-май жана 22-июнь даярдоо күнү. Катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19 жана 22-май күндөрү тест тапшыруу борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлмөкчү. Кошумча каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
• Абитуриенттин каттоо төгүмүн төлөгөндүгү тууралуу банктын дүмүрчөгү
• Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, мектептен маалымкат (абитуриенттин сүрөтү жана мектептин мөөрү менен)
• Абитуриенттин 3х4 өлчөмүндөгү окшош 2 даана сүрөтү (сүрөт 1 жылдан эски болбоого тийиш).
• Мурдагы жылдардагы бүтүрүүчүлөр үчүн орто билим тууралуу аттестаттын же кесиптик орто билим тууралуу дипломдун түп нускасы.