АКЫЙКАТЧЫ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ, БУГА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР КАПА

Жогорку Кеңеш 3-майда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту. Акыйкатчыны кетирүүнү өткөн аптада “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы сунуштап, сунушту парламенттин тийиштүү комитети колдоого алган. Комитет өз чечимин палатага добуш берүүгө чыгарып, аны 50 депутат колдосо, 5 депутат каршы чыкты. Ошентип 2022-жылы 5 жылдык мөөнөткө шайланган Абдрахматова 1 жылдан кийин бошотулду. Депутаттар “акыйкатчы 7 айдан бери өзүнүн орун басарлыгына талапкер сунуштай элек” деген жүйөнү негиз кылышты. Ошондой эле акыйкатчы институтундагы 30дай кызматкердин Абдрахматованы кызматтан кетирүүнү талап кылып митингге чыгышканы эске алынган.

Буга чейин Абдрахматованы кызматтан бошотуу боюнча бир катар эл аралык уюмдар билдирүү жасаган. Мисалы, Human Rights Wathc уюму “парламент акыйкатчынын ишине кийлигишпеши керек жана аны кызматтан бошотпоого тийиш, болбосо бул эл аралык коомчулукка “Кыргызстан адам укугу боюнча өз милдеттерине олуттуу мамиле жасабайт” деген дагы бир кооптуу сигналды берет” деп жарыялады.

Адам укуктары боюнча БУУнун жогорку комиссары башкармалыгы баштаган уюмдар да Абдрахматованын кызматтан бошотулушу Париж принциптерине каршы келет деп чыкты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан