КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ӨЗБЕКСТАНГА ID-КАРТА МЕНЕН КИРИП-ЧЫГА АЛЫШАТ

Кыргыз жарандары эми Өзбекстанга ID-карта менен кирип-чыга алышат. Тийиштүү мыйзамды парламент 3-майда кабыл алды. Ага ылайык, эки мамлекетке жарандарынын кирип-чыгышы, ошол өлкөдө болушу, транзиттик өтүүсүнө керектүү документтердин тизмеси жаңыланат. Кыргыз тарап тийиштүү макулдашууга ID-карта деген сөздү киргизүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев чек арадан ID-карта менен өтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга быйыл 27-апрелде кол койгон.

3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Кыргызстанга жумуш издеп кирген Өзбекстандын жарандары визасыз режимдин талаптарын бузуп, 90 күн эмес, 1 жылга чейин өлкөдө жүрүүдө деп чыкты.

Расмий маалыматка таянсак, 2023-жылдын алгачкы 4 айында Өзбекстандан Кыргызстанга 1 миллион 618 миң жаран кирди. Ал эми Кыргызстандан Өзбекстанга киргендердин саны 3 айда 1 миллион 574 миңге жетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан