Ийгиликтин сыры эмнеде деп ойлойсуз, окурман? Кимдир-бирөө ага жетиш үчүн 24 саат бою иштөөгө даяр, айрымдар Кудай артыкчылык берген адамдарды гана ийгилик коштойт деп ойлошот. Кетирген каталардан сабак алып, изденүү ийгиликке жеткирет дегендер көп. Окумуштуулар ийгиликтин башаты – адамдын эмоционалдык акылында дешет. Бул жөндөм жогору болсо көп ийгилик жаратышыңыз мүмкүн. Кантип? Макалада кеңири сөз болот.
ЭМОЦИОНАЛДЫК ИНТЕЛЛЕКТТИН ДЕҢГЭЭЛИН КАНТИП БИЛЕБИЗ?
• Өзүнүн жана башка адамдардын сезимдерин аныктоо, алардын ортосундагы айырмачылыктарды табуу жөндөмдүүлүгү.
• Конкреттүү маселелерди чечүү үчүн эмоциялардын толук мүмкүнчүлүктөрүн колдоно билүү.
• Ар бир эмоцияны баамдоо жана анын кантип пайда болгонун түшүнүү жөндөмдүүлүгү.
• Өзүнүн эмоцияларын көзөмөлдөп жана башкаруу жөндөмү.
КАНТИП ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРЕК?
Эмоцияларды “жаман” жана “жакшы” деп бөлбөңүз. Кандай эмоция болбосун анын себебин издеңиз. Эмоцияга баа берүү туура эмес, бул сизге кандай сезимдер каптап жатканын түшүнүүгө тоскоол болот.
Сезимдериңиз китептерде, тасмаларда же музыкада трансформация болуп жатса көңүл буруңуз. Тасма көрүп жатып андагы каармандын монологу сиздин жүрөгүңүздөгү сөздөрдү айтып жатса, же музыка угуп жатып андагы сөздөр сизди уйгу-туйгу кылса, бул абал ички дүйнөңүздү сезүүгө жардам берет.
Жаман маанайдын таасиринде калбаңыз! Ал кирип келери менен бардык жашоо маанисин жоготот. Эмоциялардын төмөндөшү бул жөн гана “булут” деп эсептеңиз, аны өз аракетиңиз менен тез эле кетирсеңиз болот. Маанай чечим кабыл алууда чоң роль ойноорун унутпаңыз, жаман маанайда маанилүү эч нерсе кыла албайсыз.
Организмиңиздин стресске кандай реакциясы бар экенин билип алыңыз. Жашооңуздагы оор кырдаалда же жумушта ашыкча иш аткарууда эмоционалдык абалыңыз бүтүндөй организмиңизге таасирин тийгизет. Бул абалды дароо сезе билсеңиз кайсы учурда тыныгуу алып, эс алышыңыз керектигин түшүнөсүз. Медитация жана ар кандай аң-сезимди өнүктүрүүчү көнүгүүлөр да эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө жардам берет.
Чолпон Сманова, психолог: “ЭМОЦИЯ ИШТЕГЕНДЕ МЭЭ ТОКТОП КАЛАТ”
– Эмоционалдык интеллект – бул эмоцияларды туура башкаруу жөндөмү. Кубануу, кайгыруу, коркуу, таарынуу сыяктуу эмоциялар баарыбызда бар. Эмоцияны көзөмөлдөбөш керек, адам баарын ичине жута берсе да оорулуу болуп калат, эмоцияны туура башкаруу зарыл. Эмоция 3 мүнөткө гана созулушу керек андан ашып кетсе биротоло адамда орноп калат. Бизде келиндер кайын журтунун, күйөөсүнүн зомбулугуна чыдап жашай беришет эмеспи. Же келин кайын журтунун мындай мамилесине агрессия менен жооп берет. Агрессия, эмоция иштегенде мээ токтоп калат. Эмоцияны туура башкарсаң бир тараптын пикирин угуп, ага туура, өз убагында татыктуу жооп бере аласың.
Рысгүл Акимжанова, ишкер: “БИЗДЕ МЕН КЫЙЫНМЫН ДЕГЕНДЕРДИН КӨБҮНҮН ЭМОЦИОНАЛДЫК ИНТЕЛЛЕКТИ ТӨМӨН”
– Бизде көптү билем деп төш каккандардын көбүнүн эмоционалдык интеллекти төмөн. Миң кыйын, акылдуу болсо да, эмоциясын башкарууга алы жетпесе, ал адам жашоосунда көп нерсени бузуп алат. Айрыкча социалдык тармактарда бирөөнүн пикирин укпоо, сыйлабоо, жакпай калса кара тизмеге киргизип коюу, пикирлерге аргумент менен эмес, кемсинтүү, агрессия, шылдың менен жооп берүү, өзүн башкалардан бийик сезүү, ушак айтуу, ушакка ишенүү, ушактан бүтүм чыгаруу, башка бирөөнүн айтуусу менен гана ой жүгүртүү сапаттары дал ушул эмоционалдык интеллект төмөндүгүн айгинелейт.
Сейтек Качкынбаев, агартуучу: “БИЗДИН КООМГО ЖЕТИШПЕЙ ЖАТКАН САПАТ”
– “Эмоционалдык интеллект” деген китепти Абдувахаб Нурбаев кыргызчага которгон. Ар бир адамга ошону окуп чыгууну сунуштайт элем. Эмоционалдык интеллекти түштүк диалекти менен “паам-парасат” деп койсок болот. Бул биздин коомго абдан жетишпей жаткан сапат. Билимдүү болуу жетишсиз, өзүңө, айланаңа саресеп салып, эмоцияларыңды көзөмөлдөп, өзүңдү башка бирөөнүн көзү менен карай алуу жөндөмү, кишилер менен жаңжал издебей, сүйлөшүп келише алуу жөндөмү кыргыз коомуна абдан керек. Математиканы тим эле тыталы, химия менен физиканы чагалы, сынактардын чемпиону бололу, бирок эмоциябыздын ээси боло албасак, паам-парасат менен иш кыла албасак, идеялаштарың, жаныңдагы кесиптештериң менен коммуникация түзүү жөндөмүнө ээ боло албасак, анда бекер. Эмоционалдык интеллекти жокторду жалпак тил менен “акылы бар, эси жок" деп айтсак жеткиликтүү болот.
Лунара Бекиева