Мен KG Эльмуратты “UZ Эльмурат” деп тамашалайм, “өзгөндүк болгонум үчүн мени ушинтип атайсыңбы же обону өзбектерге таандык ырыма байланыштуу ушул атты таап алдыңбы?..” деп чычалайт. Айтор, тамашаны көтөрө билген UZ эмес, KG да эмес, жөн эле Эльмурат ырчы маектешим болду.
АНКЕТАСЫ
Толук аты-жөнү – Ильяхунов Эльмурат Калыбекович
Туулган жылы – 1987-жыл, 29-сентябрь
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Красный-Маяк айылы
Бою – 177 см
Салмагы – 67 кг
Фобиясы – Жылан
Репертуарындагы популярдуу ырлары – «Сүйүү элеси», «Күлгүн жаш», «Сүйүү деңизи» ж.б.
Учурда – Жеке ырчы
– Кандайсың, Эльмурат, кыш чилдеде оору-сыркоодон алыс жүрөсүңбү?
– Кудайга шүгүр. Үшүкчөөлмүн, ошого кат-каттап кийинип, оорубай жүрөм.
– Түркияга кайсы сынакка барып келдиң, жеңиш ким тарапта болду?
– Сынак эмес, кыргыз-түрк достук концертине бардым. Түрктөрдүн ТРТ каналынын президенти менен жолугуштук. Эки элдин достугун, маданиятын чыңдоо боюнча атайын тегерек стол болуп өттү. 10 күн жүрүп, Жаңы жылды ата-энем, бир туугандарым менен тосконго жетишип калдым.
– Коён жылында төрөлүпсүң, мүчөл жылда ырым-жырымдарды колдонушат, сен эмнеден баштадың?
– Кыпкызыл көйнөгүм бар, ошону кием, сатып алып убара тартпайм деле. Коён жылынын кирип келиши менен жаңы ыр жаздырып, жаңы клип тарттырдым. Буюрса, жыл башы жакшы башталды, аягына чейин ушундай болсун.
– “Апаң барда кайгың жок, атаң барда катаң жок, бир тууган барда санаа жок” деген сөз бар. Алар тууралуу айтсаң...
– Атам Калыбек айдоочу. Апам Зулфия үй кожойкеси. Башында алар ырчы болгонума каршы чыгышты. Мени телевизордон көрүп, гезиттен окуп жүрүп эми эле унчукпай калышпадыбы. Атам айдоочу болгондуктан, алыс жолго чыкса жанында отуруп сырдашам, кеңешем. Апамды болсо “Зулфия Кимсанбаевна, даярсызбы, уулуңуз келин алып баратат!” деп чочута берем. Себеби мен улуусумун, менден кийин Элдияр, Эрназар деген инилерим бар, алар студент. Карындашым Танзиля, 10-класста окуйт.
– Адахан Мадумаров таякең экен, сени колдойбу?
– Таякем өтө принципиалдуу адам. “Жардам бере албайм, өз арабаңды өзүң тарт, жээним” деген. Адахан таякем биздин үйгө саясатчыларды ээрчитип көп барчу. Алар кетери менен ичкен чыныларына чай ичип калчубуз. Азыр деле таякемден калган кешикти балдар талашабыз.
– “Эл ырчысын эл тандайт” долбоорунан өтүп, ырчы болуп калдың, өзүңдүн кесибиң башкабы?
– Ал долбоорго Каныкей, Акбар Сүйүнбаев, Ташкент кызы Гүл, Кайрат Примбердиев катышып, өтпөй калышкан эле. Ал эми өткөн ырчылар гала концертке даярданып жатканыбызда үйдөгүлөр мени ыйлаткан боюнча Ошко алып кетишкен. ОшМУда япон тили адистиги боюнча 3-курска чейин окуп, ырчылыкка байланыштуу таштап салдым. Быйыл бизнес жана менеджмент факультетин бүтүрөм.
– Сенин продюсериң күчтүүбү же өзүңбү?
– Жаңыдан ырдап баштаганда продюсер Канат Култаев чыгармачылыгыма көмөк көрсөткөн. Канат аке менен сүйлөшүп “Ыр дестеге” тартылып коюп, кайра түн ката Ошко кетчүмүн. Мен иштебеген иш калбады. Сотка сатып, официант болуп, ал гана эмес, күркөдө сатуучу да болуп иштедим. Тойлордо ырдап акча таап, чыгармачылыкка жумшачумун. Кыскасын айтканда, өз арабамды өзүм тартып келатам. Бирок Мухтар Атаналиев, Тата Улан, Замир Мырза, продюсерим Ислам Сатаровдун көмөгүн да көмүскөдө калтырып болбойт.
– Кайсы ырың эл оозунда укмуш ырдалып жүрөт деп эсептейсиң?
– “Бакытка” деген ырым эле эң биринчи жетти. Учурда болсо “Сүйүү деңизи”.
– “Бакытка” деген ырыңда “жок белем бактылуулар катарында...” деген саптар бар. А сен бактылуусуңбу? Анан да ушул ырды “абакта отурган бала жазган” дейт.
– Албетте, бактылуумун. Ырдын авторун билбейм. “Түрмөдө отурган бала жазган” деген сөздүн чындыгы болсо керек, анткени ыр кайгылуу. Анан да ушул ырдын клиби машинада кырсыкка учурап, кыз каза болуп калган сценарий менен тартылган. Ошондо жыт чыгарып койбоппуз. Клиптен кийин өзүм бир эмес, эки жолу автокырсыкка учурадым. Эч жерим жаракат албаганы менен, бир топ чыгым тарттым. Негизи, мындай ролдорду аткарбай, ырларды ырдабай койгон жакшы окшойт.
– “Сүйүү деңизи” аттуу ырыңдын клибинде “контейнердин ичинде ырдаптыр” деген сын айтылууда.
– Клипти Орусияда тартып келгем. Бирок бул жакта монтаждалган. Ошол учурда Ош окуясы жүрүп жаткан маал эле. Ошто монтаждатып жаткам, тартайын десем бардык жерлер күйгөн, ошон үчүн контейнерде ырдагам. Контейнер деле бир өзгөчөлүк го, жаман болгон эмес.
– Өзүңдүн эле кээ бир сахналаштарың “сен мени тааныбайсыңбы, тааныбасаң сыртты кара, афишада, жарнактарда турган менмин” деп өзүн тааныштырат дешет. Сенчи?
– Мындай нерсе адамдын өзүнүн мүнөзүнөн. Жакында эле “Бравого” тартылып келип дүкөнгө кирсем, сатуучу байке “сен ырчы белең, эмне мурда айткан эмессиң?” дейт. Көрдүңбү, тааныган бар, тааныбаган бар. “Мени тааныбайсың!” деп керсейиш туура эмес.
– Бир жолу “бир кыз менен сүйлөшүп, кийин сүйлөшпөй калгам” дегенсиң, эми жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
– Мен биякта, ал Ошто болуп жүрүп аны менен жарытылуу деле сүйлөшкөн жокмун. “Качан келесиз? Сиз ал жактан бирөөнү таап алдыңыз да” деп кыжыңдай берип “минтсеңиз жүрбөй эле коёлу” деди. А болуптур, жүрбөсөк деп мен да кутулдум. Азырынча жүрөгүмдү эч ким ээлей элек.
– Дайыма кайсы окуяны эстегенде жүзүңө жылмаюу келет?
– Кичине кезде апам момпосуйларды катып койчу. Бир иним эшикти карап, экинчиси карындашымды алаксытып, мен болсо момпосуй уурдайм. Ошондо карындашым сатып коёр эле. Апам көгөртө чымчып алчу, ошону эстесем, кадимкидей каткырып алам.
– Ошол шок инилериңди качан жеңелүү кыласың?
– Күздө үйлөнөм, бирок кайсы күздө экенин билбейм. Кыялымдагы кызда кадимки кыргыздын касиети бар болсо болду. Дини башка, тили башка кызды сүйө албайм. Мага демек окутуп-дубалатып салса да албайм.
– Окутуп дейсиңби, сен ушундайга ишенесиңби?
– Студент кезде 3 бөлмөлүү үйдө кыздар бир бөлмөсүндө, биз экинчи бөлмөдө жашачубуз. Бир күнү балкондон төрт бүктөлгөн кагаз таап алдым. Ачып карасам, бир жагында баягы биз менен жашаган кыздын жигитинин сүрөтү, анан арабча жазуу бар экен. Ошондо оозум ачылып калды, эмнеле тиги жигит башы айланып күндө келет десе, кеп биякта турбайбы деп. Ал кыздын кылыгын карап отуруп таң калчубуз. Жигити келер алдында пияз аарчып кирчү. Көрсө, пияз көздү ачыштырып, жаш чыгарат тура. Тиги көзүн жашылдантып “сагындым” деп чыкчу экен...
– Студент кезде кыздар менен жашасаң, азырчы?
– Азыр аранжировкачы досум Эдил Маматов, анын жубайы Мэри, аяш уулум болуп турабыз. Үйдө Эдилдин студиясы бар. Акча жетишпей же батирдин акчасын төлөй албай калганда ыр жазып сатып кутулган убак болот.
– Кандай учурда уяласың, бетиң кызарып?
– Кыздардан сүрдөйм. Биз жашаган үйдүн алдында окуу жайдын факультети жайгашкан. Жалаң эле кыздар окуйбу же көзүмө кыздар көрүнөбү, билбейм. Дүкөнгө кире калсам, мен буюм алгыча карап туруп алышат. Жарым килограмм картошканы алгандан тартынып тура берчүмүн, азыр уялбайм.
– Жигиттер көп мушташат го, качан мушташтың эле?
– Мушташкан эмесмин, бирок сабап кетишкен. Анда аскердик кафедрада окучумун. Достор менен отурушта бир кыз менен таанышып калган элем. Көрсө, ал кыз өзбекстандык кыргыз балдардын карындаштары экен. Бир күнү караңгыда чакырып калышты “сейф көтөрүшүп кой” деп. Чыга калсам эле тартып ийди, мурундан кан кетти, өзүмдү жоготуп коёюн дегем.
– Өзгөн күрүчүнөн аш бассаң керек?
– Айтасың да. Тез жана сапаттуу басам. Мени тааныгандар “күрүч келе жатабы?” дешет. Негизи, үйдүн улуусу болгон үчүнбү, карындашым чоңойгуча эле камыр жууруп, кир жууп жүрдүм. Ал гана эмес, айылда малдын тезегин да жөн койбойт эмеспизби. Ошондон бери чабат элем.
– “Тез жана сапаттуу” де, ырчылар арасында “атылып кетиптир” деген сөз да мода экен.
– “Атылып кетиптир” деген “болбой калды” дегендей эле мааниде. Мисалы, “концертке эл аз келди” дегенди узартып айтып отурбай, “атылып кетти” десек түшүнөбүз. Менин “начарлашпа, аке”, “тез жана сапаттуу”, “ээ, дос, аяшка байракты берип коюпсуң го, башыңа чыгып алыптыр” сыяктуу сөздөрүм бар, жакындан билгендер дароо эле түшүнүшөт.
– Плагиат ырлар жөнүндө жазсам, көбү чычалашты. Сен болсо “Бишкектин бир бурчунда жолукпа!” деп демитип жүрдүң эле, эми чычалабай калдыңбы?
– Гезит чыккан күнү эле Дайыр чалат “сен, болгондо да өзбекчеден которгон ырлардын 1-сабында турасың” деп. Анан ага “жыргаба, сенин деле “Тутанбас сүйүүң” плагиат, айтып салбайын” дедим. Ушунча ырларым которулбай, бир гана “Сага” деген ырым которулган эле. Аны балп эткизе жазып салсаң ошенткем да, тамашалап.
Бурул Исмаилова
star@super.kg