Бир кезде “Малышка Би” ыры абдан хит болгон. Ырга кошо анын аткаруучусу Нурбек Савитахуновго да күтүүсүз жерден популярдуулук келди. Ак жолтой ырдын артынан “Внутривенно”, “Bishkek city”, “Беги за ней” сыяктуу чыгармалар чыгып, бирок ырчы кийин сахнадан алыстап кеткен эле. Популярдуулук, Нурбек мырзанын жан дүйнөсү, азыркы чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштүк. Кызыктуу маек болду, сизге да жагат деген ишеничтебиз.
– Саламатсызбы, Нурбек? Байланыша элегибизге көп болуптур...
– Саламатчылык, ооба. Жакында “Скажи мне” деген ырым клиби менен кошо элге тартууланды. Мартта 4 күн Жети-Өгүз менен Караколду кыдырып клип тарттык. Клип өзүмө аябай жакты. Эми Арстанбаптын сулуулугун ачып берчү клип тарткым келип жүрөт.
– Ал ыр сүйүү тууралуу болобу?
– Ырды “Элес” тобуна арнап “Элес” деп атадым. Бизге багыт, эргүү берген адамдарга урмат көрсөтүү иретинде жазылды. Ырда ошондой маанай, өткөн убактын духу бар. “Элестин” ырларынын айрым саптары да кошулган. – “Скажи мне” ырынын клибине жубайыңызды тартыпсыз. Бул сиздин сунушуңуз болдубу?
– Альбина клипке тартылуу менен мени куткарып калды десем болот. Клипке башка кыз тартылмак, 1-2 кыз менен тартылып көрдүм. Бирок такыр ачыла албай койдум. Анан Альбинадан сурандым. Убактысы тартыш болсо да макул болуп ойноп берди, ага рахмат.
– Англис тилинде да ырдайсыз, эл кандай кабыл алып жатат?
– Биз ырдаган англисче ырларды эл көп укпайт. Баса белгилеп коёюн, бул – менин жеке пикирим. Жөнөкөй адаммын, сейил бакта жүргөнүмдө же буфетте тамактанып отурганымда көрүп калышат. Мисалы, Жастин Бибер сыяктуу кол жеткис эмесмин. Убагында Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө менталитет ушундай, бизден бийик тургандарга карайбыз. “Вау, Батыш! Алар бизден мыкты” дейбиз. Ал эми жергиликтүү болсо, демек, сен биз менен тең элесиң, же төмөнсүң деп кабыл алабыз. Мага кээ бирлер “англисче ырларыңды уккубуз эле келет, бирок түшүнбөйбүз да” деп калышат. Учурда менин стилимде кыргызча ыр жазып берүүсүн суранып акындарга кайрылып жатам. – Кыргыз тили жөнүндө сөз болуп калган соң сурай кетейин. Кыргыз тилинде эркин сүйлөгүңүз келеби?
– Ооба, бирок менде комплекс бар. 8 жашымда болсо керек, 1 жыл АКШда жашап келгенбиз. Келгенден кийин туугандарыбыз менен Ысык-Көлгө барып, ошондо кыргызча бир сөздү туура эмес айтып алсам улуу эжелер коттеджди жаңырта күлүшкөнү азыр да эсимде. Ошондон кийин кыргызча сүйлөбөй калгам. Кыргызчаны 8-9 жашымда канчалык билсем, азыр деле ошончо эле билем. Курстарга бардым, бирок жыйынтык боло элек.
– Бир кезде популярдуу болдуңуз, ошол учурду эстегенде көз алдыңызга кандай картина тартылат?
– Баш аламандык. Ошол жылдары “жүр, ичебиз” дегендер көп болгон. Мага спирт ичимдиктери жакпайт. Баш тартсам алар “сен бизди сыйлабайсыңбы?” деп башташчу. Анан макул болууга туура келчү. Ошондой жашоо мага такыр жакчу эмес. Азыркы үй-бүлөлүк жашоомдон ырахат алам, ушул тынчтык жагат. Бардык нерсенин жакшы, жаман жактары болот, популярдуулуктун жакшы жактары да болду.
– Кандай болгон күндө да атактуулуктун даамын таттыңыз. Өзүңүзгө ыраазы болгон учур болдубу?
– Жок. Жасаган ишиме дайыма бир нерсе жетпей жаткандай боло берет. Менин атым күтүлбөгөн жерден чыгып калды да. Пландалбаган, ойлонулбаган нерсе болчу. Андайга такыр даяр эмес элем. “Малышка Би” ар бир “үтүктөн” жаңырып калды, ошого ылайыкташыш керек болду. Кыскасы, өзүмдү жылдыз сезген эмесмин. Мага жөнөкөйлүк жагат.
– Ошол жылдардагы Нурбек менен азыркы Нурбекти салыштырсак, эмнелер өзгөрдү?
– Ал жылдары ишенчээк болчумун. Азыр деле ишенчээкмин, бирок бир аз көзүм ачылды. Азыр бирөө “байке, сөзсүз жардам берем” десе ишенип күтпөйм. Менде өзгөргөн негизги нерсе ушул. Беттеги бырыштар, агарган чачтарга карабай өзүмдү мурдагыдан кары же акылдуу сезбейм. Дайым өзүмдү окуучу сезем, дайым жаңы нерсе үйрөнгүм келет.
– Мурда берген бир маегиңизден “сүйүүгө ишенбейм” дегениңизди окуп калдым...
– Ошентиптирминби? Анда өзүмдүн адамымды таба элек болчумун да. Азыр сүйүүгө ишенем.
– Бир кезде уулуңуздар Артурдун ден соолугуна байланыштуу элге жардам сурап кайрылган элеңиздер. Азыр баары жакшыбы?
– Биздин эл боорукер, кайрымдуу, баарына ыраазыбыз. Элдин жардамы менен уулумдун абалы жакшырып калды. 3 жаштан баштап диета кармадык, бир топ терапияларга алып бардык. Азыр мурдагыдан жакшы. Азыр аутисттерди окуткан мектепке алып барабыз.
– Алгач аутизмден жабыркай турганын билгенде кандай кабыл алдыңар?
– Чет жакта жүрүп аутисттерди көрчүмүн. Алардын кадимки адамдарда иштебеген мээ бөлүктөрү иштейт. Көп учурда алар бир нерсеге кызыкса, ошол тармактын мыктысы боло алышат. Артур 3 жашында окуп баштаган. Азыр 1-класстын окуучусу, эки тилде: англис жана орус тилдеринде жакшы окуйт. 5-6 жашында 3 орундуу сандарды кошуп-кемите алчу. Илдет тууралуу билгенде Альбинага көбүрөөк оор болду.
– Аутист баланы тарбиялап жаткан ата-энелерге кандай кеңеш айтат элеңиз?
– Дүйнөдө аутисттердин көп төрөлүп жатканы өкүнүчтүү. Кээ бир ата-энелер муну кабыл албай, баласынын абалын жакшыртам деп аракет кылышат. Кээ бир ата-эне баланы ошол бойдон кабыл алат. Бул тандоо. Эки жагдайды тең туура деп ойлойм. Күрөшүү, албетте, бир күндүк иш эмес, ага жылдар кетет. Мисалы, мен өмүр бою уулума жардам берип, жол көрсөтүп турууга даярмын.
– Сиз кандай ата, кандай жолдошсуз?
– Ата катары 20-30 жыл алдыга ойлонушум керек. Андыктан өзүм эмнени билсем, ошону үйрөтүп жатам. Балдарым менен англис тилинде сүйлөшөм. Күйөө катары, мындан да жакшы болсом болмок. Колдон келишинче аракет кылып жатам. Менин жакшы сапатым туруктуулук деп билем.
– Ден соолук, бакыт, эргүү каалайм! Бар болуңуздар!
Перизат Музуратбекова