Нурсултан Курсанали уулу: “БААРЫ ЧАРЛИ ЧАПЛИНДИ ТУУРООДОН БАШТАЛГАН”

Шоумен, күлкү жаратуучу жигиттердин арасынан шайыр мүнөзү, күлкүсү, жөнөкөйлүгү менен өзгөчөлөнүп турган Нурсултан Курсанали уулу маек төрүбүздө. Бул мырза менен бала кези, шоктугу, жакын адамдары, кичи мекени Кадамжай тууралуу кеп кылдык.

“АТА-ЭНЕМДИН ТАЛАНТЫ МАГА ӨТКӨН”

– Ата-энем жогорку билимдүү адамдар. Атам сыртынан абдан олуттуу көрүнгөнү менен, тамашаны аябай катыра айтат, тапкычтык жайы бар. Андыктан тамаша айтуу жагынан атамды тартыпмын. Апам кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим. Анын айтымында, мени курсагында көтөрүп жүргөндө окуучуларга сабак кызыктуу, темалар сиңимдүү болушу үчүн ырдап, бийлеп өзгөчө өткөргөнгө аракет кылчу экен. Апам “ушул нерсе да сага таасир эткен го” деп калат. Демек, менин чыгармачыл адам болуп калышыма ата-энем мен төрөлгөнгө чейин эле салым кошушту деп ойлойм. Анан экөөндөгү талант мага өтүп калса керек (күлүп).

Апам мен окуган мектепте 1-класстан 4-класска чейин сабак берчү. Сабак учурунда жооп берүү үчүн “апа, апа” деп кол көтөрчүмүн да. Анан бир жолу үйдөн “балам, мектепте апа дегениң окшошпой калат экен. Мектепте Болдухан Зулпукааровна, үйдөн апа болоюн” деп жылуу-жумшак түшүндүргөн. Ошентип 4-классты бүткүчө апамды Болдухан Зулпукааровна деп жүргөм.

“КЛАССТАШТАРЫМДЫ АЯБАЙ КҮЛДҮРГӨМ ”

– 4-класста бир кечеде класс жетекчибиз Галина Борисовна “Нурсултан, сен роль аткарасың, даярдан” деп калды. Ошондо эмнегедир эсиме Чарли Чаплиндин образы түштү. Аны кайсы жерден көрүп, эстеп калганымды билбейм. Аракечтин образын жаратууну чечтим. Элестетиңиз, үйдө эч ким ичпейт, чекпейт, анан ошондой образды жаратууну чечкеним кызык. Сыягы, ошол кезде көчөдө ичип жүргөндөрдү көрүп таасирленсем керек. Анан апама “арактын бош бөтөлкөсүн бериңиз” дедим. Ал кезде спирт куюлган бөтөлкө үйдөгү аптечканын кызматын аткарчу эмес беле. Апам “бөтөлкөнү эмне кыласың?” деп таң калды. Ошентип Чаплинди, анан аракечти туурагам. Классташтарымдын баары жыргап күлүшкөн. Азыр ойлосом, кичинекей кара бала чыгып алып эле бирөөнү туурап жатса күлкүлүү көрүнсө керек.

“АЗЫРЫНЧА АТАМДАЙ БОЛО ЭЛЕКМИН”

– Атам ушунчалык тууганчыл, бир туугандыкты, туугандар ортосундагы карым-катышты аябай жогору койгон адам. Ата-энем туугандардын алгачкыларынан болуп Бишкекке келип жайгашып калышкан. Андыктан туугандардын көпчүлүгүнүн шаарда окуп, жайгашып, жашап калышына салым кошкон адамдар. Шаарга окууга келген студенттерди тосуп алмай, окууга өткөрмөй, курсагын тойгузмай милдеттерин сонун аткарышкан экен. Өздөрү кичинекей үйдө турса да, пейилдери кенен болуптур. Азыр “апа, кантип ушунча ишти жалгыз өзүңүз жасап жетиштиңиз эле” деп таң калам. Бир чети ата-энемдин ушундай пейили менен сыймыктанам, кубанам. Эми айылдан келген туугандарды тосуп алуу, жайгаштыруу сыяктуу иштер акырындан мага жүктөлүп жатат. Бирок мен андай жумуштун 10 пайызын деле жасай элекмин, андыктан азырынча атамдай боло элекмин десем болот (күлүп).

“МҮМКҮН, ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ МЕНЕН ООРУГАНДЫРМЫН”

– Атым чыгып, элге көрүнө баштаганда, мүмкүн, жылдыз оорусу менен ооруса ооругандырмын. Бирок жөнөкөй бойдон эле калдым го деп ойлойм, бул жагын эми туугандарымдан сураш керек (күлүп). Анткени жөн эле жүрүп, анан бир күнү атың чыгып, сүрөтүң бүтүндөй шаардын баннерлеринде илинип турса башкача болот экенсиң. Бирок үйгө киргенде, туугандар арасында, айылда баягы эле баласың да. Ошол эле үй, талаа жумуштарын жасаш керек, эч ким сени андайда жылдыз деп эркелетип, аяп отургузуп койбойт. Атактуу болуп турган учурда жакындарыңдын берген тарбиясы, кеп-кеңеши маанилүү деп ойлойм.

“КАДАМЖАЙ ДИАНАГА, ДИАНА КАДАМЖАЙГА ЖАКТЫ”

– Ата-тегибиз Кадамжайдан болот деп айтпадым беле. Жыл сайын чоң ата-чоң эне, таята-таенебизге, туугандарга барып турабыз. Барганда да кеминде 2 жума же
1 айга барабыз. Биринчи күнү жакшы конок болобуз да, эртеси кадимки үй, талаа жумуштарын жасап баштайбыз. Ысыкка карабай өрүк, малина теребиз, картошка чаап, жүгөрү отойбуз. Күнгө күйөбүз. Айтор, кадимки кыргыздын айылдык жашоосу башталат.

Жубайым Диана келин болгондон кийин Кадамжайга барып, 1 айдай жүрүп сыноодон ийгиликтүү өттү. Бизде “тигини кыла албайт экен, билбейт тура” деп жемеге алышпайт. Эжелерим, туугандарым да келинчегиме жардам беришип, колдоо көрсөтүштү. Кыскасы, Кадамжай Дианага, Диана Кадамжайга жакты.

“ТАЕНЕМДИ КАТУУ КОРКУТКАМ”

– Жыл сайын жайкы каникулду айылда өткөрчүбүз. Бир жолу эсимде, 5 жашар кезим. Таенемдин үйүндө сыртта топчанда уктап жатканбыз. Ойгонсом, баары уйкуда, таңкы саат 5 болсо керек. Анан турдум да биздикинен 2-3 үй ары жашаган туугандардыкына ойногону кетип калдым. Алар да сөрүдө уктап жатышыптыр. Мени көрүп абам (атамдын агалаш тууганы) чочуп кетип, “ай, Нурсултан, эмне кылып жүрөсүң?” деди. Ойногону келдим десем, “мейли, анда ойной бер” деп койгон. Алардыкында ойноп, чай ичип, бейкапар жүрө бериптирмин. Таенем аябай коркуптур да, уйкудан турса эле уктап жаткан мен жок, кайда кеткеним белгисиз...

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан