Балдар белгилүү ырчы Съездбек Искеналиевге суроо узатышты. Бөбөктөрүбүзгө ырчы мырзанын суурдун терисинен тигилген таанымал формасынан тарта, ырлары, балдарына чейин кызыгуу жаратат экен...
БАКЫТБЕК МЫРЗАЛИЕВ, 7 ЖАШТА
– Съездбек байке, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы? Машинаңыздын үлгүсү эмне?
– Чоң рахмат, баары сонун, Кудайга шүгүр. Өзүңүз жакшысызбы? Lexus RX350, 2006-жылы чыгарылган.
– Канча балалуусуз, балдарыңыздын аттары ким?
– 4 балалуумун, 3 кызым, бир уулум бар. Балдарымдын аттары – Даткайым, Байамир, Нагима, Аруужан.
– Балдарыңызга күндө шоколад алып бересизби же балмуздакпы?
– Жайкысын балмуздак, кышында шоколад алып берем. Унаамда дайым формасы тыйынга окшош шоколаддар жүрөт. Күндө ошондон берип турам.
– Мен да сиздей ырчы болгум келип жатат, мени ырдата аласызбы?
– Сиз музыкалык билим алсаңыз жакшы болмок. Ошондо билимдүү ырчы болуп чыгасыз деп ишенем.
– Балдарыңыз чүкө ойношобу?
– Ооба, үйдөн кээде ойнойбуз. Сырттан балдар менен да ойношот.
УЛАН МЕРГЕНБЕКОВ, 8 ЖАШТА
– Эмнеге көптөн бери ырдабай жүрөсүз?
– Ырдап эле жүрөбүз, сиз көрбөй жатат окшойсуз.
– Съездбек байке, сиз кандай адамсыз өзү?
– Билбейм, жакшы эле адаммын го, аны эл айтат да.
– Сиз апаңызга окшошсузбу же атаңызгабы?
– Экөөнө тең окшошмун. Атам менен апамдын сүйүүсүнөн жаралган адаммын. Экөө бири-бирин ушунчалык жакшы көргөнү үчүн Кудай аларга мени берген, ошон үчүн экөөнө тең окшошмун.
– Мен өзүмдү атка окшоштурам, сиз өзүңүздү кайсы жаныбарга окшоштурасыз?
– Билбейм (күлүп). “Маймыл жылында туулгам, өзүм да маймылга окшошмун” деп кээде күлүп калам.
АЙНАЗИК МАНАСБЕКОВА, 8 ЖАШТА
– Канча жашыңыздан баштап ырдайсыз, канча ырыңыз бар?
– Кенедей кезимден эле ырдагам. Мектепте да ырдагам, студент кезде да ырдадым, кафелерде ырдадым, анан чоң сахнага чыктым. Репертуарымда 70-80ден ашык ырым бар.
– Мектепте кандай окучу элеңиз, "5кеби" же "4көбү"?
– Ар кандай. Кээде жооп бере албай калып 2 деле алып калчумун. Мектепти орто бүттүм.
БАЙСАЛ АМАНГЕЛДИЕВ, 9 ЖАШТА
– Тамеки чегип көрдүңүз беле, канча жашыңызда?
– Чоңоюп эле калганда кандай болот экен деп кызыгып тартып көргөм. Жаккан жок, ошондон кийин чеккен жокмун.
– Сиздин "Мына минтип" ырыңыз Тиктокто популярдуу экенин билесизби?
– Ооба, билем. Бул ырым “Роблокс” деген дүйнөлүк оюнга чыгып, тарап кетти. “Мом” деп коёт экен, хайп болуп Тиктокто жүрөт.
– Эски, колдонбой калган телефонуңузду сурасам берет белеңиз?
– Улам телефон алмаштыра берген адам эмесмин. Телефон жакшы иштеп, байланыш болуп турса эле болду мага. Такыр иштебей калган телефондор эчак оюнчук болуп кеткен. Керек десеңиз берейин, бирок иштебеген телефонду сиз эмне кылмак элеңиз.
ЭСЕНБЕК БАЙЫШБЕК УУЛУ, 13 ЖАШТА
– Сиздин атыңыз эмнеге Съездбек?
– Съезд деген кыргызчага “курултай” деп которулат. Кыргызчага которсок менин атым Курултайбек болуп калат (күлүп). Курултай деген – чогулуш. Советтер со юзунда, коммунисттик партиянын 26-съезди күнү төрөлгөм. Ошон үчүн элдин алдында жүрсүн деп ниет кылып атымды Съездбек деп койгон окшойт.
– Окуучу кездеги биринчи сүйгөн кызыңыз жөнүндө айтып бериңизчи...
– Окуучу кезде мектепке жаңы кыз келип калса, баарыбыз ошону сүйүп калчубуз. Анда азыркыдай телефондон билдирүү жаза албайбыз да, кагазга кат жазып жөнөтчүбүз.
БАЯМАН БАРПЫБЕКОВ, 14 ЖАШТА
– Ата-энелерин карыялар үйүнө таштап койгон кыз, балдарга кандай карайсыз?
– Ата-эне Кудайдын берген белеги бала үчүн. Бала да ата-энеге Кудайдан берилген белек. Кудай берген белекти таштап коюш болбойт. Ар кандай тагдыр болот экен, бирок ата-эне балдарын, балдар ата-энесин таштабаш керек.
– Балдарыңыз орус тилдүү мектепте окушабы?
– Балдарым кыргыз тилдүү мектепте окушат. Кыргызча сүйлөп, кыргызча ой жүгүртүшөт. Ошол эле учурда курстарга барышат, орусча, англисче да сүйлөшөт.
АЙЗА АБДУРАСИЛОВА, 12 ЖАШТА
– Кайсы өлкөгө барып эс алгыңыз келет?
– Буга чейин көп өлкөлөргө бардым, учурда Францияга баргым келип жүрөт.
– Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
– Бош убакта үйдө болгум келет, балдарым менен ойноп, ырдап, кино көрүп, сейилдеп убакыт өткөргөн жагат.
БАРСБЕК РАИМБЕК УУЛУ, 11 ЖАШТА
– Карышкырдын терисинен жасалган формаңыз эмне болгон, азыр деле кийип чыгасызбы? Мен ошондон корком.
– Коркпоңуз (күлүп). Биринчиден, ал карышкырдын эмес, суурдун териси. Экинчиден, ал кийим аябай жакшы, кийсем жарашат. Үйдө турат, концерттерге кием.
– “Боз салкында” аялыңызды Сагын алып кетип калат го. Аялыңызга кантип үйлөнгөнсүз?
– “Боз салкында” аялым эмес, сүйлөшкөн кызым болот да. Кинодо жаман болгом. Ал эми көрүүчү катары “Мурат, сага чала болуптур. Анан эмне тентектик кыласың?” дегем. Аялыма 2006-жылы сөйкө салып, салт-санаа менен үйлөнгөм. Үйлөнүү тоюн да бергенбиз. Жашоодо андай болуп калсабы? Жүгүргөн албайт, буюрган алат деген жакшы сөз бар. Жашоодо андай көрүнүштөр көп кездешет. “Боз салкын” менин жашоомо окшош экен” деп көптөр айтты.
Перизат Музуратбекова