ШЕФ-БАРМЕНДЕН СМУЗИ ЖАНА ЛИМОНАД

“Суусундуктун түрүн жасоо деле өзүнчө искусство”,- дейт шеф-бармен, бариста Сапатай Тагайбеков. Кадимки эле биз ичкен чай, кофе, лимонад жасоодо даамдык айкалыштарды өзгөчөлөнтүп, тамшанткан адис смузи, лимонаддын рецепттери менен бөлүштү. Алдыдагы ысык күндөрдө жасап суусун кандырыңыз.

СМУЗИ: КУЛПУНАЙ+БАНАН

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн)

Кулпунай – 150 грамм

Банан – 1 даана

Йогурт – 200 миллиграмм

Сулу акшагы – 150 грамм

Грек жаңгагы – 40 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Кулпунай менен бананды жууп, кулпунайды мурутунан, бананды кабыгынан тазалап алабыз. Бананды 4-5 бөлүккө бөлүп, калган азыктар менен кошо блендерге салып эзип алабыз. Смузи үчүн майсыз йогурт жакшы. Эгер айран кошом десеңиз 1-2 аш кашык бал кошуп жибериңиз.

СМУЗИ: КАРАГАТ+ШЕРБЕТ

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн)

Карагат – 100 грамм

Банан – 1 даана

Шербет (мультифрукт) – 150 миллилитр

Газдалган суу – 50 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

Карагатты, бананды жууп-тазалап блендерге салабыз. Газдалган суу менен шербетти үстүнө куюп эзип алабыз. Муздак болсун десеңиз 2-3 муз бөлүкчөсүн блендерге кошо салып жибериңиз. Тамшанткан бул даамды жасасаңыз кайдыгер калтырбайт.

СМУЗИ: ШАБДАЛЫ+МАЛИНА

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн)

Шабдалы – 2 даана

Малина – 200 грамм

Банан – 1 даана

Йогурт – 250 миллиграмм

Бал – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Эгер шабдалы түктүү болсо сыртын сыйрып же жылмакай болгуча сүрүп жууп алабыз. Банандын кабыгын аарчып, экиге бөлөбүз.

2. Малина менен шабдалыга азыктарды тең экиге бөлөбүз да, блендердин жардамы менен өз-өзүнчө эзебиз. Эки башка коюу смузини бокалдарга биринен кийин экинчисин кезектеп куябыз. Смузибиз даяр!

ЛИМОНАД: МАНГО+АПЕЛЬСИН

Керектелүүчү азыктар (1 литр үчүн)

Манго – 100 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Апельсин – 50 грамм

Апельсин шербети – 100 миллилитр

Лимон ширеси – 40 миллилитр

Газдалган суу – 600 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Манго пюресин даярдоо үчүн мангого кумшекерди кошуп, 50 миллилитр суу куюп блендер аркылуу эзебиз. Аны чыпкалап сыгып алабыз. Бизге 100 миллилитр манго пюреси керектелет.

2. Графинге газдалган суудан башка бардык азыктарды кошуп аралаштырабыз. Аягында газдалган сууну үстүнө куябыз. Эгер муз кошом десеңиз газдалган суудан мурун салыңыз. Лимонад менен суусун кандыра берсеңиз болот.

ЛИМОНАД: КУЛПУНАЙ+РАЙКАН

Керектелүүчү азыктар (1 литр үчүн)

Кулпунай кыямы – 200 миллилитр

Райкан ширеси – 100 миллилитр

Лимон ширеси – 100 миллилитр

Газдалган суу – 600 миллилитр

Муз – 300 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кулпунай кыямын даярдоо үчүн 100 грамм кулпунайга 100 грамм кумшекерди кошуп, 20 миллилитр суу куюп эзип алабыз.

2. Райкан ширеси үчүн 10 грамм райканга 100 грамм кумшекер салып, 70 миллилитр суу куюп блендерде эзебиз. Ширени чыпкалоо кажет. Бизге 100 миллилитр райкан ширеси керектелет. Кыям менен ширеден көбүрөөк жасап коюп, муздаткычка салып кийин да колдонсоңуз болот.

3. Даяр болгон шире менен кыямды графинге куюп, үстүнө лимон ширесин, музду кошуп аралаштырабыз. Аягында газдалган суу куюлат. Лимонад ичүүгө даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан