СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

"Ак шумкарлардын" жаңы машыктыруучусу футболчуларга кароо жүргүзө баштады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович кыргыз футболчуларына кароо жүргүзө баштады.

Штефан Таркович бир күн мурун, 2-майда, Кыргызстандын Премьер-Лигасынын алкагындагы "Илбирс" менен "Алга" клубдарынын беттешине барган. Алдыдагы планда курама командага талапкерлерди тандоо боюнча калган командаларды дагы кароо турат.

ПСЖ клубу Лионель Месси менен жай айында коштошот

Франциянын ПСЖ футболдук клубунун жетекчилиги бул сезон аяктагандан кийин аргентиналык чабуулчу Лионель Месси менен келишимди узартпайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин клуб 35 жаштагы футболчуну эки жумага оюндан четтеткен. Себеби Месси дүйшөмбү күнү машыгууга барбастан, үй-бүлөсү менен Сауд Арабиясына эс алууга кетип калган. Мындан улам клуб жетекчилиги Месси менен жай айында бүтө турган келишимди узартпоо боюнча чечим кабыл алган. Учурда 35 жаштагы чабуулчунун карьерасын улантуу үчүн эң ыктымалдуу жер Сауд Арабиясы экени айтылууда.

Атактуу "Барселона" клубу Азияга кошулушу мүмкүн

Испаниянын атактуу "Барселона" футболдук клубунун жетекчилиги Европадан тышкары эл аралык турнирлерде ойноону ойлонуп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта клубдун жетекчилиги "Негрейра иши" боюнча процесстин жыйынтыгына оптимисттик көз карашта экени айтылат. "Барселонанын" жетекчилери эгер УЕФА клубга санкция киргизсе, Европадан тышкары жерде ойноо мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Негизги варианттардын бири бул Азия чемпионаты.

Ошондой эле каталондук клубдун жетекчилиги Азия Чемпиондор Лигасына өтүү вариантын карап жатат. Испанияда бул командага каршы санкциялар киргизилсе, "Барселона" башка өлкөнүн чемпиондугу үчүн дагы ат салышышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан