Ырчы, “Жебе” тобунун экс-солисти Самат Муратбеков унаасы менен тааныштырат. Азыркы унаасын “Перевозчик” тасмасында Жейсон Стэтхэм айдаган унаага окшош деп атайын сатып алыптыр. Өзү да маекке Стэтхэмдин стилинде кийинип келди. Тамашакөй, шайыр-шатман жүргөн жигит кызыктуу баарылашып берди.
Үлгүсү: Ауди А6
Чыгарылган жылы: 2005-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү:
2400 сантиметр куб
Баасы: 8 миң доллар
Түсү: кочкул көк
– Салам, Самат! Жолдо тыгында турбай, кыйналбай эле жеттиңизби бизге?
– Салам! Жок, жакшы жеттим. Унаам башка ырчылардыкындай кымбат эмес. Кудай буюрган ырыскы менен келинчегим экөөбүз сатып алган унаабыз. Бүгүн атайын Жейсон Стэтхэмдин образында келдим. Бул унааны алгандан кийин биротоло Стэтхэмге окшошоюн деп спорт менен машыга баштадым.
– Буга чейинки унааларыңыз кайсы үлгүдө болчу?
– 2008-2009-жылдары капталында 2 эле эшиги бар Ауди ТТ популярдуу болгон. Ошол унаага кызыгып жүрүп жетпей калгам. Анын алдынкы көрүнүшү аябай жакчу. Азыркы унаамдын алдынкы көрүнүшү ошого окшош. Негизи мага спорттук унаалар жагат. Хёндай Тибурон деген 2 эшиктүү спорттук унаа айдадым. Мазда да айдап калдым. Азыркы унаамдын эмнеси жагат? Жогоруда айткандай, алдынкы көрүнүшү жагат, ошонусу менен жүрөгүмдөн орун алды. Негизи Хёндай Соната алайын деп жүргөм, бирок Стэтхэмдин кинолорун көрүп кызыгып жүргөндө тааныш байкеден ушул унааны көрүп калдым. Анан сүйлөшүп, сатып алдым. Айдап жүргөнүмө жарым жыл болуп калды.
– Буга чейин “келинчегим унаа алып берди, эми үй алып берет” дегенсиз...
– Ооба, ошол билдирүүмдүн алдына баары “подкаблучник” деп жазышыптыр. Ооба, “подкаблучникмин”, духуңар жетсе мендей болуп аялыңарга алдырып алгыла десем, ээ (күлүп)? Эми мунун баары тамаша, негизи үй-бүлөлүк бизнестен тапкан каражатка сатып алдык да.
– Алгачкы жолу “Жебеде” ырдап жүргөндө унаалуу болсоңуз керек?
– Ооба, анда Минур экөөбүз кечкисин ресторанда ырдачубуз, жакшы тапчубуз. Тапканыбызды текке кетирбейли деп алгач телефон алдык, анан кийиндик, компьютер алдык. Анан чоңураак нерсе алалы деп максат коюп чогулттук. Мен насыяга унаа сатып алып, ошону төлөп жүрдүм. Келишим бүтүп “Жебеден” кеткенден кийин клипмейкер бала менен келишим түзүп, унаамды 5 клип, 1 аранжировканын акысына бергем.
– Дагы кандай унааларга кызыгып жүрөсүз?
– Электромобиль алгым келип жатат, акчамды үнөмдөйт. Аябай битиреген зыкым эмесмин, акчаны колдонгонду билем. Кичине болсо да бензинге кетчү акча чөнтөктө калса деген максат. Бирок бул унааны саткым келбейт. Үй-бүлөлүк баалуулуктарга кошуп үйдө эле калтырсам дейм. Негизи “сатам, алмаштырам” дебеш керек экен. “Көбөйтөм, чоңураагын алам” деп максат койгон туура.
– Тулпарыңызды эркелетесизби?
– “Алтыным, жаным” деп эркелетип коём. Кээде көзүмө абдан жакшы көрүнүп кетет. “Садага болоюн” деген сөздү жакшы көрөм өзүм. “Берекем менин, күчүгүм” деп да эркелетем. Жолдо калтырган жок, мунун жардамы менен көп иштерди бүтүрдүк. Ак жолтой унаа. Муну алгандан бери көп ийгиликтер болуп жатат. Сиздердин маекке чакырганыңыздар деле ийгиликтин бир белгиси.
– Акыркы жолу качан жол эрежесин бузуп айыпка жыгылдыңыз?
– Кудай сактасын, жол эрежесин көп бузбайм. Жакшы эле жүргөм, орозодо суусап, кан басым көтөрүлүп кетти окшойт. Шашып баратып сызыкты баспай токтош керек болгон жерден басып алдым. Канча айып жазылганын карай элекмин, карагандан коркуп жүрөм. Кайрадан сынак тапшырып калбасам экен деген ой. Мүнөзүм шашма болгону менен, рулга отурганда жөнү жок шашылбайм. Мурун бензин аз сарптаган унаа айдап жүрсөм, байкем “ушундан да акча үнөмдөп жатасыңбы” деп күлүп калчу. Андай эмес, бул көнүмүш адат экен. Жолдо сабырдуу элемин, сөгүнүп, жинденсең ден соолугуңа эле зыян.
– Үйлөнө элек кезде кыздар менен таанышууга унааңыздын жардамы тийчүбү?
– Унаа айдап баратып, ыйлап турган кыз көрүп, жанына барып сооротуп, айткан жерине жеткирип коюп... Кыздар менен ушинтип таанышкан жакчу. Ушундай учур 2-3 жолу болгон.
Студент кезде жөө көп жүрчүмүн. Анда официант болуп иштейм, жумуш түндө бүтөт. Күнүнө 600 сом тапсам, анын 150-200 сомун таксиге бергим келчү эмес. Анан үйгө чейин бир саат жөө басчумун. Ошондо жанымдан ары-бери зуулдап өткөн унааларды карап "токтоп, ала кетишсе болот эле да" дей берчүмүн. Азыр түнкүсүн ошентип жөө калгандарды көрсөм токтоп ала кетем. Бир жолу Кеминге баратсам бир бала “ала кет” деп ишарат кылып калды. Токтосом, ары жактан дагы 2 бала чуркап келип отуруп алышты. Түнкү саат 1 болуп калган. Бара турган жерлерин сурап, “силерди баланча жерден түшүрүп коёюн” десем, “жок, үйгө таштап коёсуң” деп ороңдой башташты. Жүрөгүм лакылдайт. Кудай жалгап Токмоктон чыга берген жерде МАИ кызматкерлери рейд жүргүзүп, унааларды токтотуп текшерип жатышыптыр. Мени да токтотсо экен деп тилендим. Токтотту, унаа токтогондо эле жанагы балдар секирип түшүп кетишти. Кудай сактаган, ушундай кооптуу учур да болот экен.
– Чыгармачылыктан эмнеге алыстап кеттиңиз?
– Алыстаган жокмун. Чыгармачылык – ырчылыкка акча салуу эле эмес да. Вайн, Тикток тартып жатабыз, бул деле чыгармачылык. Алдыда чоң пландарыбыз бар. Буюрса, ишке ашырабыз деп турабыз. Акыркы жолу келинчегим экөөбүз Султан Садыралиев агабыздын “Эгиз жүрөк” чыгармасын ырдаганбыз. Андан кийин ыр жаздыра элекпиз. Бизнесибизди түптөп алып киришебиз го. Чыгармачылыкка акча жумшасак, бизнесибиз токтоп калат экен.
Перизат Музуратбекова