КАЙНЕНЕ МЕНЕН КЕЛИН МАРКУМДУН БАЙЛЫГЫН БӨЛҮШӨ АЛБАЙ ЖАТАБЫ?

Мурас бөлүштүрүү опурталдуу маселе. Айрыкча мурас ээси каза болгондон кийин анын жакындары мүлк бөлүштүрүүдө келише албай калган учурлар көп. Каарманыбыз Венера Усенова да жолдошу каза болгондон кийин дал ушундай абалга кептелген. “Кайненем өзүнө тиешелүү гана үлүштү албай, небересинин, менин үлүшүмдү кошуп, баласынан калган бардык мүлккө ээ болгусу келип жатат”,- деген келин окуясын төмөндөгүдөй баяндап берди.

“КАЙНЕНЕМ МАЙЫП НЕБЕРЕСИНИН ҮЛҮШҮН ТАЛАШУУДА”

– Аты-жөнүм Венера Усенова. Жолдошум Анвар Раимбеков экөөбүз 2005-жылы баш кошконбуз, тилекке каршы, жолдошум 2014-жылы 13-августта жүрөк оорусунан каза болуп калды. Биз абдан бактылуу жашадык, ортобузда уруш-талаш болгон жок, муну жакын тааныш-досторубуз тастыктап бере алат. Бирок балалуу боло алган жокпуз. 2012-жылы жолдошум “багып алалы” деп кичинекей кызды үйгө көтөрүп келди. Мен каршы болгон жокмун, анткени ага чейин эле балдар үйүнөн бала багып алсак деп пландап жүргөнбүз. Кызыбыздын документтерин кайненем Лира Өмүралиева бүтүрүп берген. Жолдошум каза болгондо мыйзам боюнча мен, кайненем жана биздин кызыбыз мураскер болушту. Мүлктү сот баарыбызга тегиз бөлүштүрүп берди.

Бирок кайненем өзүнө бөлүнгөн мүлккө ыраазы болбой, мурастагы үлүшүн көбөйтүү максатында 2017-жылы небересинин – биздин кызыбыздын документтери жасалма экенин айтып, Түп райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Иштин жүрүшүндө кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн расмий түрдө Деркенбаева деген дарыгер кайненем Лира Өмүралиеванын арызынын негизинде бергени тастыкталган. Бирок доктурларга жана кайненем Лира Өмүралиевага карата эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу деп кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшкан. 2021-жылы кайра Октябрь РИИБине документ жасатып алган деп менин үстүмдөн арыз жазды. Чынында кызыма документти кайненем алып берген. Кызыбыз майып, аутизм менен ооруйт, мен аны тарбиялоо менен гана алектенип жүргөм. Кайненем атүгүл жолдошумдун өлүмүнө мени айыптап жатат. Эгер мага иш козголсо, мыйзам боюнча кайненем мүлккө 100 пайыз ээлик кыла алат. Баласынын бардык мүлкүн өзүнө алыш үчүн мени соттон сотко, тергөөдөн тергөөгө чуркатып убарага салууда.

“ЖОЛДОШУМДУ БАККАН ЭМЕС, 2 ЖАШЫНДА ЧОҢ АТА, ЧОҢ ЭНЕСИНЕ ТАШТАП КЕТКЕН”

– Кайненем биринчи күйөөсүнөн эки бала төрөп, бирок кичинесинде эле улуусун атасына, кичүүсүн чоң ата, чоң энесине таштап кеткен. Менин жолдошум ошол кичүү баласы болгон, 2 жашынан чоң ата, чоң энесинин колунда өсүптүр. Кайненем кийин экинчи жолу турмушка чыгып кыздуу болот. Күйөөм апасын эже деп чоңойгон, чоң энеси каза болордо “балам, сенин өз апаң ошол Лира эжең” деп керээз кылган экен. Күйөөм студент кезинде Бишкекте жашаган өз апасына жолугуп, жакындашууга аракет кылган, бирок апасы “кел, чогуу жашайлы” деп үйүнө чакырбаптыр. “Кээде көчөдө, отургучдарга жатып түнөгөн күндөрүм болгон” деп калчу. Жолдошум “Кумтөр” компаниясында иштеп жүрүп апасына Кара-Балтадан батир алып бериптир, кийин өгөй карындашы чоңоюп, шаарда окуйм дегенде Бишкектен да батир алып берет. Биз баш кошуп жашай баштаганда деле кайненем менен чогуу турган жокпуз. Кайненем атүгүл мурунку күйөөсү менен да соттошуп, ал кишиден да батир өндүрүп алган.

Өзүнүн мүлкү өзүнө кенен жетет. Эмнеге биздин кызыбызга, мага бөлүнгөн мүлккө көз артып жатканын түшүнбөйм. Учурда кызымдын документтерин мыйзамсыз деген чечим жок, мен аны мыйзамдуу мураскер деп эсептейм жана анын мүлкүн тартып алууга эч кимдин укугу жок. Жакында Лира Өмүралиева Бишкек шаарындагы үч бөлмөлүү батирин өз өкүлдөрү аркылуу башка адамдарга өткөрүп бергенин билдим. Эми анын тааныштары мага моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп жатышат.

ОКТЯБРЬ РИИБИ: “ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖАСАЛМАЛОО БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ”

– 2021-жылдын 26-декабрында Л.Ө. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда доогер небереси Р.Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жасалма экенин, аны келини В.У. билип туруп, каза болгон баласынын мүлкүн бөлүштүрүүдө мураскер катары көрсөткөнү үчүн чара көрүүнү суранган. 2012-жылы туулган Р.А. атасы, маркум Р.Анын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн мурастоо укугуна кирген. Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылдын 3-майында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан В. У. аттуу жаран суракка чакырылган. Бирок суракта анын ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу тергөө амалдары токтотулган. Учурда тергөө иштери уланууда.

ЛИРА ӨМҮРАЛИЕВА, МАРКУМДУН АПАСЫ: “КЕЛИНИМ ҮЙДӨН КУУП ЧЫГЫП, АЗЫР ЖАТАКАНАДА ЖАШАП ЖАТАМ”

– 2 уулум, 1 кызым бар болчу. Улуу балам 2000-жылы сууга чөгүп каза болуп калган. Кичүү балам Анвар да 2014-жылы каза болуп калды. Эки баламдан тең мураскер калган жок. Мени мүлк талашты деп жатышат. Балама буюрбаган байлыкты мен эмне кылайын, болгону сот баламдын мүлкүн тегиз бөлүштүрсө деген тилегим бар эле. Анткени мен пенсиядагы аялмын, кошумча кирешем жок, азыр жатаканада жашайм. Балам Анвар “Кумтөр” компаниясында 15 жыл иштеген, вице-президенттик кызматка чейин көтөрүлгөн, абдан билимдүү жигит болчу. Аялы “сенин айыңдан балалуу болбой жүрөбүз, сага жумушуңдагы уулуу заттардын таасири тийип жатат” деп балалуу болбогонуна баламды күнөөлөчү. Ошонун айынан балам “Кумтөрдөгү” жумушун да таштаган. Мага сот баламдын 6-кичи райондогу батиринин 6/1 бөлүгүн гана берди. Ал эмнеге жетет? Балам жакшы жерде иштеп, көп мал-мүлк жыйнаган адам. 1000ден ашык жылкысы, 500-600 кою бар эле, Чолпон-Атадан пансионат жана 4 жер тилкесин сатып алган. Бир жер тилкесине “апа, сизге үй салып берем, карыганда келип жашайсыз” деген эле. Ленин айылында 2 үйү, Көк-Жар кичи районунда эки кабат тамы, шаарда батирлери бар болчу. Мен анын баарын сураган жокмун. Келиниме “6-кичи райондогу батирди мага берчи, баламдан эстелике калсын” дедим. Ал заманбап батир эмес, 106-сериядагы батирлерден. Анан карыганда иштебесем, тирчилик кылганга такай бизнесим болсун, Чолпон-Атадагы пансионаттын 3/1 бөлүгүн бер дедим. Келиним “ойлонуп көрөм” деген бойдон качып жүрөт. Уулумдун сөөгү 7-кичи райондогу элита батиринен чыккан, тирүүсүндө аябай кадыр-барк күткөн экен, чет өлкөдөн, аймактардан көп киши келди. Баламдын кыркы өткөндөн кийин эле келиним мени үйдөн кууп чыкты. “Бул үйдү жабам, кышында коммуналдык төлөмдөр көп чыгып кетет” деп эле чыгарып салды. Келип баягы жатаканада жашап калдым. Менин талап кылганым да адилеттүүлүк, соттор, укук коргоо органдары ишти адилет тергеп, баласын жоготуп боздогон энеге акыйкат чечим чыгарып беришсин!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан